Роза Отунбаева: “Азыркы бийликти бакиевчил деп атоо менен Атамбаев бир гана максатты – аймак аралык кастыкты козгоону, өлкөнү өз жана өгөй кылып бөлүүнү көздөп турат”

Атамбаев элди бөлүп-жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенем.

2016-жылдын ноябрында президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялардын бири көтөргөн демилге бул күндөрү логикалык жактан өнүктү. 2019-жылдын 12-июнунда 40 депутаттан турган демилгечи топ койгон айыптар негизинен президент А. Атамбаевге импичмент жарыялоого даярдануу боюнча «Ата Мекен» фракциясынын ошондогу лидери Өмүрбек Текебаевдин 2016-жылдын ноябрындагы билдирүүсүнө негиз болгон фактыларды кайталайт.

Ошол эле кезде, 2016-жылдын ноябрында башкаруучу фракциялардын бири болгон «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев президент Атамбаевди кескин сындап, аны Конституцияны бузганы жана бийликти узурпациялаганы үчүн айыптап чыккан жайы бар. Азыркы парламенттин ошондогу бул эки депутаты Атамбаев тарабынан дал ушул аракеттери үчүн максаттуу саясий куугунтукка кабылган! Оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын дагы эки депутаты президент Атамбаевдин Конституцияга жана мыйзамга каршы келген аракеттерин туруктуу сынга алганы үчүн сот репрессиясына туш болгон. Андыктан Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевге айып коюшу жана аны кол тийбестиктен ажыратышы анын президент кезиндеги ишмердигине баа берүүнү логикалык жактан тууралаштырды.

Бүгүн парламентти жана А. Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча анын чечимин колдогондорду «ар нерсеге макул боло берет, таарынычын чыгарып жатышат, өч алып жатышат» деп сындагандар бар.

Парламенттин табиятында өз позициясы жок, күн тийген жердин күкүгү болуп жүрө берген «депутаттык саз» деген көрүнүш дайыма кездешет. Бирок анда тарыхтын жүрүшүнө таасир эткен, бийликтин басымына карабастан бийлик бутактарынын конституциялык тең салмактуулугун коргогон, мамлекеттик башкаруунун мыйзамдуулугуна көз салган, кара кылды как жарган калыстар да бар. Андыктан парламенттин өтө ар түрдүүүлүгүнө жана бардык карама-каршылыгына карабастан биз анын институт катары легитимдүүлүгүн сактап калышыбыз зарыл.

Жогорку Кеңештин тарыхында анын ар бир чакырылышы ылайыгы келгенде элдин калыс сынына да кабылып, ошол эле учурда жеке бийлигин бекемдегиси келген авторитардык башкаруучулардын буюртма жаманаттысына да туш болуп келген. Бүгүн болсо Алмазбек Атамбаев парламентти мамлекеттик ишмерге татыксыз сөз менен оозанып, анын жалпы кадырын кетирүүгө киришти. Ал кол тийбестикти алуу маселеси өлкөнүн күн тартибинде эртедир-кечтир көтөрүлө турганын түшүнгөн жана күн мурунтан анын өзүнө каршы чечимдеринин баркын жокко чыгарууга аракет кылды. Анын бул аракети парламенттик шайлоонун алдында, шайлоонун мыйзамдуу мөөнөтүн жокко чыгарып, Жогорку Кеңешти таратуу аркылуу баш-аламандык жаратуу максатында атайылап жасалып отурат.

Бүгүн Атамбаевдин кол тийбестиги алынышына кыжыры кайнагандар депутаттык кол тийбестикке жеңил-желпи эле кол шилтенип, депутаттарды камакка алуу максатында аларды өзгөчө оор кылмыштар үчүн айыптаган дооматтар токулуп келгенин унутуп жатышат. Иш жүзүндө парламентти таратуу жөнүндө талаптардын баары мыйзам чыгаруу бийлигинин белин омуруп, аны президенттин жеке бийлигине баш ийдирүү максатында коюлуп келген. Ошонун баары кыргыз парламентине таасир этип, анын бүгүнкүдөй коркок билиш кебетесине себеп болду.

Бирок Жогорку Кеңешти калыс сынга алуу менен бирге, ал мамлекеттик башкаруунун эң ачык аянтчасы жана бийлик бутактарынын тең салмагын камсыз кылууга багытталган, жалпы эл тарабынан шайланган бирден-бир институт бойдон келатканын эске алыш керек. Тарых барактарында кыргыз парламентинин маскара болгон учурлары да, татыктуу, кээде трагедиялуу кездери да болгон. Депутаттар келет-кетет, бирок эң жогорку өкүлчүлүк органынын мамлекеттик аброюн сактап калуу маанилүү. Жогорку Кеңештин статусун тынымсыз кемсинтүү менен парламенттик башкаруу орнотуу мүмкүн эмес.

Парламенттин тышында да кара жаак чечендер жана эр көкүрөк адамдар – Атамбаевди мыйзамсыз аракеттери үчүн коркпой-этпей сындаган саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер бар. Алар өз принципиалдуу позициясынын азабын тартып, жаман көрүнүп, куугунтукка жана репрессияга кабылып келди. Алар бийликтин кол астындагы соттор тарабынан негизсиз жарандык доолор жана ойдон чыгарылган кылмыш иштери боюнча соттолду. Ондогон саясатчылар ошол кездеги Атамбаевдин буюртмасы менен түрмөдө отуруп чыкты, айрымдары дагы эле отурат. Жалган жалаа менен мыйзамсыздыктын негизинде намысы тебеленип, тагдырлары сынып, эркиндиктен кол жууп отургандарды жөн гана таарынгандар деп айтса болобу?

Жакында А. Атамбаев «кылмыш иштери имиштерге жана ыплас фантазияларга негизделиши» мүмкүн экенин мурда билбей жүргөнүн айтты. Ал президент болуп турганда анын оппоненттерине жана аны сындагандарга ошентип кылмыш иштери токулган жок беле? Анын «билбепмин, айтышпаптыр, укпаптырмын» деген сөздөрүнө ишендик деген күндө да, куугунтук тууралуу резонанстуу иштер ЖМКда кеңири, толук чагылдырылып жаткан болчу – эми ал өзүнүн кынтыксыз жана күнөөсүз экенине кимди ишендиргиси келип атат?

Мен «Атамбаев өзү президент болуп турганда оппоненттерине каршы колдонгон соттук-укуктук ээнбаштыктын баарын эми өз башынан кечирсин» дегендерди деле колдой бербейм. Ага коюлган айыптардын калыс жана бейтарап иликтенишин камсыз кылуу маанилүү. Бирок бүгүн тергөөдө жана соттордо ошол эле принципсиз, өзөксүз, жараксыз жана жек көрүндү адамдар отурат. Сот-укук реформасы түйүлдүк гана абалында. Дал ошондон улам тез арада саясий куугунтук менен өзүн булгап алган тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жана судьяларды тазалоого да кошо киришүү өтө маанилүү. Коомчулук азыр «Ак үйдүн» кайсы кабинетинен сот башкаруучуларына көрсөтмөлөр жана инструкциялар келип жатканын көрүп, түшүнүп, ал кабинеттердин мурунку кожоюндарын ошол эле жерге жөнөтүшү үчүн билим, тажрыйба, интуиция жетиштүү.

Башкы прокуратура А. Атамбаев президент болуп турган кезинде уюштурган репрессия менен куугунтуктун далилдерин «азырынча таба элек экендиги» өтө өкүнүчтүү. Анын баары көрүнүп эле турат – жалпыга маалымдоо каражаттарында жана кылмыш иштеринин томдорунда көп жолу катталган, бирок сот чечимдерин чыгарууда бетпактык менен көңүлгө алынбай койгон. Сот бийлигинин өз алдынчалыгы адилетсиз чечимдерди түбөлүккө калтыруу менен камсыз болбойт! Ал сот чечимдерин коомчулук тааныганда гана камсыз болот. Элдин сотторго болгон ишенимин калыбына келтириш үчүн жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот чечимдерин кайра карап чыгуу институту – калыстыкты камсыз кылуунун мыйзамдуу жолу – толук күчүнө кирип иштеши керек.

Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптардын мыйзамдуу иликтенишин жана коррупциялык кылмыштар үчүн айыпталган башка жогорку даражалуу аткаминерлерге карата чыккан сот чечимдеринин мыйзамдуулугун ошентип гана камсыз кылса болот. Кыргызстандын кайсы гана жаранына карата болбосун тергөө аракеттеринде, прокурорлук айыптамаларда жана сот чечимдеринде мыйзамдын кынтыксыз аткарылышына ошондо гана жетсе болот. Албетте, бул убакытты, саясий эркти жана тынымсыз жарандык көзөмөлдү талап кылган татаал процесс. Бирок ал ошону көптөн бери күтүп, эми талап да кыла баштаган коомдун мүдөөсүнө жооп бериш үчүн бүгүн башталышы зарыл.

Көңүл борборунда турган чыныгы сот-укук реформасы көптөгөн маселелерди чечип, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты калыбына келтирип, алардын биримдигин жана жалпы жоопкерчилигин бекемдеп, экономиканын өнүгүшүнө жолтоо болгон тушамыштарды алып ыргытат.

Алмазбек Атамбаевдин бир өнөрү бар – ал тирешүүнү, келишпестикти, радикализмди козгогон бузуку түшүнүктөр менен тренддерди баштап жибергенди жакшы билет. Бул күндөрү Атамбаев мыйзамга каршы аракеттерге чакыруу катары бааласа боло турган көп эле нерселерди айтып алды. Азыркы бийликти бакиевчил деп атоо менен ал бир гана максатты – аймак аралык кастыкты козгоону, өлкөнү өз жана өгөй кылып бөлүүнү көздөп турат.

Аялдардан, карылардан жана жаш балдардан тирүү калкан коюп алып ал өзүнө карата кайсы гана ыкчам тергөө аракеттерине болсо да каршылык көрсөтүүгө даяр экенин билдирүүдө. Ал муну оппозициячыл ишмердик жана жеке өзүнүн эрдиги катары мүнөздөп жатат, бирок чын-чынында өзүнүн саясий бечелдиги менен адамдык алсыздыгын гана көрсөтүүдө.

Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына «митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө» ал өзү чакырып келбеди беле? Саясий буйрук менен камакка алынарын билип туруп, өз атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай жатканы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги.

Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак.

Биздин жаш мамлекетибиздин калыптанышы оңой эмес, оомал-төкмөл болуп чыкты, биз тандап алган парламентаризм биз үчүн оңойго турган жок. Биздин досторубуз, ишкерлик өнөктөштөрүбүз, саясий талдоочулар жана албетте, биздин чет өлкөдөгү мекендештерибиз – биздин өнүгүшүбүзгө көз салып, баалап, кабатыр болуп тургандардын баары – КРда үчүнчү революция башталабы деп нес болуп күтүп калышты. Эли байыркы, өзү жаш мамлекет эки революциянын тажрыйбасын эске алуу менен эмне кылар экен деп баары байкап турушат. Элибиздин эстутуму узунбу же кыскабы? Ал өткөндөн сабак ала билеби?

Коомчулукта жасалма түрдө айгай салгандарга карабастан, Атамбаев элди бөлүп-жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенем. Мамлекет менен элдин кызыкчылыгы жеке дымак менен сезимден өйдө турушу керек. Эл бүгүн туруктуулукту талап кылат жана эч кандай авантюраларды колдобойт.

Роза Отунбаева

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *