Роза Отунбаева: “Экс-президенттер саясатка аралаша албайт, мен ага кейигеним жок, мыйзам деген мыйзам”

Кыргызстандын экс-президенттери өлкөнүн саясый турмушуна кийлигише албай турган мыйзам кабыл алынганын экс-президент Роза Отунбаева 22-ноябрда “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

“Президент болбой эле өлкөңө пайда алып келсең болот. Бийликке жаңы жүздөр келип, ошолор иштесин. Мен деле жөн эле отуруп калганым жок, өлкө үчүн колуман келгенди аткарып келе жатам”, – деди Роза айым.

Эскерте кетсек, экс-президенттердин саясатка аралашпай турганыдыгы боюнча мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл июлда кабыл алган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *