Руслан Бекназаров, президенттик аппараттын эксперти: “Жылкы теппей, жылан чакпай, Адахан Кимсанбаевич капталдан чыга калып, “бирөөлөр позициясын сатты, элчи болуп кызматка барды, балдарын ишке коюп жатат”,- деп сындап киргени туура эмес”

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров учурда президенттик аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн эксперти болуп иштейт. Ал буга чейин бир топ эле мамлекеттик кызматтарда иштеп келген. Аны менен ат жалында маек курдук. Алгачкы эле суроону атасынын кызматынан баштадык.

– Руслан, атаң Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалышы туура болдубу? Дегеле мындай кызматты үй-бүлөңөр кандай кабыл алдыңар?

– Атамдын элчи болгонун мен туура кабыл алдым, баласы катары эмес, жаран катары. Эмнеге дегенде, элчиде эң биринчи талап – ал жаран өз мекенин сүйгөн, өз өлкөсүнүн шартын толук билген патриот адам болуш керек. Бул жагынан алганда, Азимбек Бекназаров эң татыктуу инсан. Негизи элчинин милдети: эки мамлекеттин алакасын, карым-катнашын оңдоо, чыңдоо, мамилесин жаңы, жогору деңгээлге жеткирүү, ошол өлкөдө жашап жаткан жарандарын укугун коргоо, мекенге жакшы бир нерсе өз мамлекетине тартууну ойлоо. Ушундай шарт болуш керек деп ойлойм. Элчи ошол жакта калып калайын деген максатты көздөп барууну эмес, өз милдетин так аткарып, кайра мекенине кайтып келүүнү ойлошу керек. Ушул өңүттөн алганда, менин атам татыктуу адам. Элчилик бул – саясий кызмат. Кыскасы, бардык тарабынан караганда, Азимбек Бекназаров татыктуу, ошон үчүн бул кызматка туура бекитилди деп ойлойм. Бекназаровдордо бирөөгө кошомат кылуу деген жок. Кимдир бирөөгө жагынуу деген мамиледен алыс үй-бүлө. Мындай мүнөзүбүздү атам менен аралашып келаткан адамдар жакшы билет. Үч бийликте чогуу келаткандардан сурасаңар деле болот. Себеби, атама буга чейин эле, үч бийликте тең не деген гана кызматтар сунушталган эмес. Бирок, атам принципти кармап, өз позициясына туруп келди. Атам өзү айткандай, президент Сооронбай Жээнбековдун тазалыгына, ыйманына ынанып, элчиликке макул болуп отурат. Таза адамдарга жардам берүү атамдын жеке позициясы. Бул сунуш бир жылдан бери эле айтылып келген. Атам үй-бүлө, туугандары менен кеңешти, алар: “саясатты токтот, иште”,-дешти.

– Атаң, дегеле мурунку муундун саясатчылары: “Кызматка жаштар келсин!”,- дегени менен кызматка өздөрү барып, жаштарга орун бербей келишет. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?

– “Саясий аренага жаштар келиш керек”,- деп атам буга чейин айтып келген жана айтууда. Тилекке каршы, саясий аренага чыккан жаштар, тагырагы, лидер жок. Кимдир бирөө айтмакчы, эски саясатчыларды сүрүп чыга турган жаштардын жоктугу, алардын башын бириктирген Мадумаров, Бекназаров, Текебаев, Бабановго окшогон лидерлер жок болууда. Бул саясатчылар жаш кезинде лидер болуп чыгып, элди артынан ээрчите алган,  атүгүл, ээрчиген эл менен келип, президенттерди тактыдан кулатып, Кыргызстандан кууп жиберишти го. Мына, ушундай, курч лидер жокко эсе. Ошондон улам, мурунку муундун саясатчыларынын доору сүрүүдө. Жаңы күчтөр, жаңы жүздөр жок болгондуктан, булардын таасири дагы деле күчтүү болууда. Мамлекет дагы аларын иштеп беришине муктаж болууда.

– Жаңы жүз, жаңы күч болуп президенттик аппаратка өзүңдүн күчүң менен келдиңби же атаңдын таасири күчтүү болдубу? “Азимбек Бекназаров балдарын кызматка коюуда”,-деген кептер бар.

– Эми ар бир эле ата-эне баласына жакшы тарбия, билим берсем, анан ал элге кызмат кылса деп кыялданса керек. Биздин дагы ата-энебиздин ошондой кыялдары орундалып, ишке ашты деп ойлойм. Бизге жакшы тарбия берип, жогорку билимдүү кылышты. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөм. Билим алгандан кийин, мекенге кызмат кылуу биздин да милдет, парз. Кечээ эле мамлекеттик кызматка келе калган жокмун, бул жагынан алганда, он жылдай иш тажрыйбам бар. Аскар Акаевдин убагында Акыйкатчынын аппаратында, Улуттук коопсуздук кызматында эмгектенгем. Курманбек Бакиевдин убагында Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги ыйгарымдуу өкүлүнүн эксперти болуп иштедим. Анда Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы эле. Андан кийин, Тышкы иштер министринин жардамчысы болдум. Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде иштеп келгем. Ортодо бир аз бош жүрүп калдым. Ошол учурда Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлоо болуп калды, шайлоого талапкерлигимди коюп өтүп кеттим. Ал жерге деле өмүр таржымалың, иш тажрыйбаң каралат. Жөн эле сени эл, жергиликтүү депутаттар айыл өкмөтү кыла калбайт. Аны өзүңөр деле жакшы билесиңер. Дагы бир чындыкты айтайын, эки жыл айыл өкмөтүндө иштеп, эң чоң, өзгөчө тажрыйбаны ошол жерден топтодум. Себеби, бул кызмат ары кооптуу, ары жооптуу экенин жон терим менен сездим. Айыл жерден салыктарды жыйноо, аны бөлүштүрүү, элдин жүгүн көтөрүү жана мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн болбогон бир каражатты керектүү  нерсеге жетиштирүү дегендей. Бирок, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алдык. Элдин эч нерсе жашырган жокпуз. Бир жылда айыл өкмөтүнө канча акча мамлекеттен бөлүнөөрүн сегиз айылдагы жарыя тактасына илип койчубуз. Андан тышкары, бөлүнгөн акча кайда кетип жатканы боюнча байма-бай отчет берип турдум. Мен барган учурда, айыл өкмөттүн бир жылдык бюджети 1 миллион 800 миң сом гана болчу. Ошону биз үнөмдөп, зарыл нерсенин баарына жеткирдик. Мисалы, мектептердин жаңы курулушун баштадык, жолдорду курдук, техникаларды алдык. Эң башкысы Кара-Суу айыл өкмөтүнө спорт комплексин курдук. Анын ачылыш аземи былтыр, 17-мартта болгон. Аксы окуясы да 17-март эмеспи, дал ошол күнү президент Сооронбай Жээнбеков Аксыга келип, куран окуткан. Аны менен катар биздин спорт комплекстин ачылышына да катышкан. Ошондо биздин иштердин жыйынтыгын көрүп, ыраазы болуп, кийин Аппаратка келип, иштөө сунушун айткан. Былтыр, июлда президенттик аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн эксперти болуп келгем, ошол бойдон ушул жерде иштеп жатам. Мен бул жакка атамдын аракети менен эмес, өзүмдүн ишимдин жыйынтыгы менен келдим десем болот. “Азимбек Бекназаров балдарын кызматка коюуда”,-дегендерге дал ушул жооптуу айтат элем.

– Сынды кабыл алууң кандай?

– Сын туура, акыйкат айтылса кабыл алам. Сын качан айтылышы керек? Сын кызматка келгенде эмес, ишти алып бара албай калганда гана айтылышы керек. Эгерде ошол жердеги ишти тарта албай,  элге кыянаттык кылып, туура эмес иштерди жасап, атасын уят кылганда гана сын айтылуу керек. “Кызматка кириптир”,- деп сын айткан туура эмес деп ойлойм.

– А атаң сынды кандай кабыл алат? Учурда социалдык тармактарда, өзгөчө жакында эле басма сөз жыйын өткөргөндөн кийин катуу сындалууда. Комментарийлерди окуп жатсаң керек?

– Атам элчиликке аттанаардын алдында, “эгер коомчулуктан мага суроо болсо, анда жооп берип кетейин”,- деген максатта жыйын өткөргөн. Анда да өзүнүн  позициясын, көз карашын ачык эле билдирди. Мисалы, үч бийлик менен күрөшкөнүн, эки революцияны башынан өткөргөнүн айтты. Атам азыр: “Эволюциялык жол менен өнүгөйлү, жандүйнөгө революция жасайлы!”,- деген позицияга өткөн. Азыркы президенттин тазалыгын, ыйманын эске алып, бул бийликке колдоо көрсөтүп, кемчилигин айтып, түзөтүп, алга жылалы деген ак ниетин айтты. Анан эле “жылкы теппей, жылан чакпай” Адахан Кимсанбаевич капталдан чыга калып, “бирөөлөр позициясын сатты, элчи болуп кызматка барды, балдарын ишке коюп жатат”,- деп сындап кирди. Адахан Кимсанбаевич келечекте президент болом деген инсан, ошондуктан ал майдаланбастан, бирөөнүн позициясын сындабастан, келечектеги пландары боюнча айтса дурус болмок. Бул эки адам бири-бирин жакшы билет. Ал жыйында журналист суроо бергенде гана атам ага жооп берди. “Позициясын саткан андай эмес, мындай болот”,- деп, Мадумаров  кол койгон документтерин тизмектеп, үч фактыны атап берди. Бирөө сын айтты, экинчиси жооп берди, бул ушу менен уланбай, токтошу керек! Болбосо ортодогу чагымчылдарга, козутуп жибергендерге табылбай эле калды. Атам эч качан бирөөгө обу жок асылбайт, бирок, асылган кишиге татыктуу жообун берет. Келечекте президент болом дегендер менин атамдан үлгү алышы керек жана атамдын жообунан сабак алышы абзел! Сын, албетте, жакшы, ал ар дайым айтылып келет. Негизи сын кандай адамга айтылат? Иштеген адамга айтылат. Иштебей, үйүңдө шыпаны тиктеп жатсаң сени ким сындайт? Сын туура айтылса, аны туура кабыл алыш керек. Сын адамды өстүрөт. (Күлүп) Он жылдан бери саясий үй-бүлөдө чоңойдук, сынга бышып бүткөнбүз. Атам болсо таптакыр эле бышып бүттү.

– Айыл өкмөтү болуп турганда, атка минерлерди катуу сындап келдиң эле. Азыр басаңдай түшкөндөйсүң же ошол эле табыңдасыңбы?

– Айыл өкмөтү болуп турганда кандай пикиримде болсом, так ошондой эле ойдомун. Бул кызматта иштеп жатып, дагы көп нерсеге ынандым. Мисалы, президенттик аппараттан облус, район башчыларынын алдына жакшы тапшырмалар коюлат. Тилекке каршы, алар өз ишин, милдеттерин так билбегендиктен, билими жетишпегендиктен берилген тапшырмаларды иш жүзүнө ашыра албай, мамлекеттин ишин артка тартып келет. Мамлекеттик кызматка келгенден кийин, өлкөнү оңдоого, экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуу ар бирибиздин милдетибиз деп ойлойм.

– Азыркы кызматтык милдетиңди билесиң да? Тагырагы, кызматтык милдетиңе – аймактардан түшкөн жарандардын кайрылууларын анализдеп, жыйынтыгында, президенттик аппаратка өзүңдүн эксперттик сунуштарыңды багыштап туруу эмеспи. Ошондой иш алып барып жатасыңбы? Дегеним, мамлекеттик кызматтагыларга чектөөлөр бар да?

– Сурооңузга түшүндүм. “Мамлекеттик сырды сактоого жана аны сыртка чыгарбоого” чектөөлөр бар. Бул туура деп ойлойм, себеби, ал мыйзамдуу көрүнүш. Мамлекеттик кызматка келгенден кийин, мыйзамга баш ийүү керек! Эгер ага баш ийбейм десең, анда кызматтан кетүүң керек! Мыйзамдуу иш алып барсаң эле, “ал мурдагыдай эмес, бир аз кетенчиктеп калды”,-дегендер да жок эмес. Албетте, мен өз ишимди билем жана аны так аткарууга аракет кылам. Биз ар дайым эле элдин арасындабыз. Элдин арты менен кокустан президент болуп калгандар бар дегендей.

– Элдин арты менен кокустан президент болуп калгандар Бакиев, Атамбаев да. Март ыңкылабы, Апрель окуясы жакындап калды. Бул күндөрдү унутпасаң керек?

– Албетте, Март, Апрель окуялары бүгүнкү күнгө чейин көз алдымда турат. Себеби, биз эки революцияда тең атамдын жанында болуп, саясатын колдоп келгенбиз. Башка саясатчылардын балдарындай болуп чет өлкөгө качып кеткен эмеспиз. Буга чейин атамды колдоп келсек, мындан ары дагы колдой бермекчибиз. Эки революция тең жашоонун кыйындап кеткендигинен болду. Эл жакшы үмүткө жетеленип, революцияга катышкан. Тилекке каршы, Апрель окуясы кандуу, өкүнүчтүү болду. Канча деген бейкүнөө адамдар шейит кетти… Ал күнү, 7-Апрелде мен “Биримдик” жаштар кыймылын жетектеп Бишкекте жүрдүм. Башыбызда Атамбаев турду. Атам болсо Нарында эл менен жолугуп жүрдү. Андагы оппозициянын көбү ар кайсы облуска кеткен эле. 6-апрелде Бакиев бийлигинин буйругу менен күч органдары оппозициянын башында тургандарды, алгач Өмүрбек Текебаевди, анан Алмазбек Атамбаевди кармап, алып кетишти. Аны андагы оппозиция гезитте жүргөн сиздер жакшы билесиздер да, анын баарын жазбадыңыздар беле. Бул факт. Бул тарых. Ар бир бийликтин өзүнүн тарыхы ар кандай тамга менен тарыхка аты жазылып калат, бири ак, бири кара тамга менен. Ошондой күн экинчи кайталанбасын! Атам айткандай, көчөгө эмес, жандүйнөбүзгө революция кылалы!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *