Руслан Бекназаров, жарандык активист: “Ала-Бука тарапта 50 дөй, Аксы тарапта 50 жарандар чогулуп ачууланып турушат”

Аксы – Ала-Бука жолундагы Өзбекстан тарабынан тосулган жолдон кабар алып келдик. Болжол менен 500 метрдей жолду тосушкан. Андан бери 1 км аралыкта Кыргызстан органдарынын кызматкерлерин байкоого болот.  Бул тууралуу маалыматты жарандык активист Руслан Бекназаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Андан сырткары “Ала-Бука тарапта 50 дөй, Аксы тарапта 50 жарандар чогулуп ачууланып турушат. Укук коргоо органдары сабырдуулукка чакырып, жогорку бийлик тарабынан маселе каралып жатканын айтышууда. Тосулган жерде паспорт текшерилип өткөзүлүп жатат” – деп кошумчалаган жарандык активист.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *