Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Майда нерсенин да тышкы саясатка залакасы тийип калышы ыктымал”

Түрк элчиси Женгиз Камил Фыраттын муфтият уюштурган ооз ачууда ачууга алдырып: “35 миллионго салдырып бердик” – деп милдет кылган сөзү боюнча дасыккан дипломат Руслан Казакбаевди кепке тарттык.

– Руслан мырза, муфтият уюштурган ооз ачарда түрк элчиси Женгиз Камил Фырат “Түркияны же террорчу уюмду тандагыла” деп түрк бийлиги салып берген мечитти милдет кылган видеосу тарады. Элчиге мындай жорук жарашабы?

– Кыргыз түрк мамилесинде акыркы жылдары кайчы пикирди жараткан маселелер болуп келе жатат. Биринчиси, экс-президенттин мезгилиңде Сирияда атып түшүрүлгөң самолёт тууралуу болсо, экинчиси Түркиядагы саясий окуялардан кийин биздеги “Себат” мектебин жабуу боюнча маселе көтөрүшкөн. Мындай жагдайлар кыргыз-түрк мамилесин бирде салкындатса, бирде мамиленин бузулушуна алып келген.

Негизи түрк элчиси улуу рамазан айында ооз ачарга барып эмоцияга алдырганын эки тараптан карасак болот. Биринчиси, рамазан айында сабырдуулук кылып, ооз ачарга баргандан кийин ачууга алдырбаса болмок. Эгер кызматына жараша ыңгайсыздык жараткан маселе жаралса анда унчукпай чыгып кетип, эл аралык укуктун негизинде расмий түрдө керектүү билдирүүлөрдү жасаса орундуу болмок. Экинчи жагынан элчи кызматына жараша өз ишин аткарып, “35 миллионго мечит салдырып берсек, мени террористтик уюм менен кошо чакырып жатасыңар” – деди. Себеби элчинин аркасында Түркия мамлекети, түрк президенти турат. Алар расмий түрдө төңкөрүшкө аракет кылды деп “Гүленчилер террористтик” уюм деп жарыялашты. Ошондуктан элчи андай катуу жолго барбаса, элчинин өзүн Түркияда ар кандай чаралар күтүп турмак. Балким элчини кызматынан кетирмек. Ошол жагынан караганда элчи өз ишин кылды.

– Бирок түрк элчисинин мечит салып бергенин милдет кылганы дипломатияга туура келеби?

– 35 миллионго мечит салдырып бердик дегени чыны менен дипломатияга туура келбейт. Ал жогоруда айткандай, эмоцияга алдырып койду. Негизи муфтият болобу, коомдук уюмдар болобу, өкмөт болобу
жанагындай иш-чараны уюштуруп жатканда Тышкы иштер министрине кайрылып, эл аралык укукту эске алып, протоколдун негизинде кандай кылыш керек, кимдерди чакырыш керек экенин жана кимди-ким менен бир столго отургузуш керектигине чейин алдын ала сүйлөшүп, кеңешип иш кылышса мындай жагымсыз жагдай жаралмак эмес. Анткени Тышкы иштер министринде мамлекеттик протокол кызматында баары тууралуу маалымат бар. Кандай иш-чара уюштурулбасын ал жерде эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелер эске алынып, баарына кылдаттык менен мамиле жасалат. Ошондуктан мындан ары жагымсыз жагдай жараткан катачылыкка жол бербеш үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылып, тийиштүү кызматын көрүш керек. Анткени түрк элчисинин маселеси башаламандыктын белгиси болуп калды. “Өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп ар ким өз билгенин кыла берсе, майда нерсенин да тышкы саясатка залакасы тийип калышы ыктымал.

– Бул жагдай эки мамлекеттин мамилесинин солгундашына алып келиши мүмкүнбү?

– Мындай жагдайлар сөзсүз эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге өз залакасын тийгизет. Мындан ары кайсы уюм болбосун элчиликтер менен кылдат иштешиш керек. Ар бир мамлекет өз укугун коргойт. Кыргызстан дагы кандай маселе болбосун өз укугун коргошу керек. Кыргызстанда кайсы гана мамлекет өз элчилигин ачпасын, алар сөзсүз биринчн кезекте өз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоого аракет кылат.

– Биздин элчилердин башка мамлекетте Кыргызстандын таламын талашканга духу жетеби?

– Кыргызстандын маселесин коргогонго элчилердин духу жетет. Элчилер өз милдеттерин, кызматтарын жакшы билишет. Мамлекет да кандай маселе жаралбасын өз элчилеин коргоп турушу керек.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *