Рустам Төрөгелдиев, тиш дарыгери: “Мен кандай ийгиликке жетсем анын түпкү өзөгүндө апамдын тарбиясы жатат”

«Катуудан тиш оорубасын» деп коёт эмеспи кыргызда. Чын эле тиш оорунун азабы күч. Бирок, биздин жарандардын көпчүлүгү тиш оорунун алдын албай, а түгүл тишине кайдыгер мамиле жасап, өз ден-соолугу үчүн алдын ала текшерүүдөн өтүшпөйт дейт бүгүнкү маектешим. Көрүнүктүү саясатчылардан баштап эстрада жылдыздарыбызга чейин тиштерин дарылап, алардын «жеке менчик» тиш дарыгерине айланган Рустам Төрөгелдиев мырза гезитибизге тиштердин сакталуусу, жеке кыялы, пландары жөнүндө маек куруп берди. Жаш болсо дагы келечекке ишенимдүү кадам шилтеп, өзү сүйгөн кесипти ар тараптан өнүктүрүп, эки ооз сөзүнүн биринде эрезеге жеткирген апасы тууралуу көп кайталаган Рүстам мырзанын аракетин көрүп кубандык. Анда сөз башынан болсүн…

—Рустам мырза, жогорку билимди Кыргызстандан алгансызбы же чет өлкөдөн бүтүп келгенсизби?

—Мен Кыргыз-Орус Славян университетинин стоматология факультетин аяктадым. Жалпысынан ординатура тармагын кошкондо 7 жыл окудум. Мектепти бүтүп жатканда апам: «Кааласаң тиш дарыгери бол, абдан ардактуу кесип» деген сунушун айткан эле. Өзүм компьютерге көбүрөөк кызыгып, программист болгум келчү. Анан апамдын сунушун четке какпай, стоматология факультетине сынак берип өтүп кеттим. Мен окуп баштаганда окуу келишиминин бир жылдык баасы 25 миң сом болчу. Апам ошол каражатты таап мени окутканына аябай ыраазымын. Азыр бир жылдык окуу келишиминин баасы 36 миң сомго көтөрүлүп кетиптир.

—Программист болом деп жүрүп, тиш дарыгери болууга кантип ынадың? Окууда да кыйынчылыктар болсо керек…

—Ырас, окуйм деп өтүп алган соң тырышып окууга туура келди. Баардык эле студенттердей биринчи курстун башында көбүрөөк кыйналдым. Бара-бара жеңил болуп калды. Апамдын ушул кесипти жаңылбай тандап бергенине азыр аябай ыраазымын. Эненин жүрөгү эч качан жаңылбайт эмеспи.

—Жеке менчик клиниканыз бар экен. Бул кыялыныз беле?

—Ооба, учурда жети киши иштеген чакан клиникам бар. Былтыр ноябрь айында ачканбыз. Ага чейин атайын бир бөлмөнү ижарага алып келген кардарларды тейлечүмүн. Тапканымды коротпой жекеменчик клиникама керектейм деп кыялданып чогултуп жүргөм. Негизи кайсыл гана тиш дарыгери болбосун окуу жайда окуп баштаганда эле жеке менчик клиникалуу болгусу келишет. Көптөр сыяктуу менин да кыялдарым бар болчу. Анан акча чогулттум, күнү-түнү иштедим дегендей. Тилекке каршы клиниканы ачып атканда акчам жетпей калгандыктан банктан насыя алдым. Кудай буюрса эки айдан кийин алган насыямдан толук кутулуп, «өх» деп жеңил дем алып калам. «Жакшы тилек жарым ырыс» дегендей жакын арада клиникамдын экинчи бөлүмүн ачсам деген аракеттин үстүндө жүрөм. Ылайыктуу кеңсе издеп, керектүү аппараттарды, шаймандарды сатып алып сатабыз.

—Алгачкы иш күнүңүз эсиңизден кетпесе керек. Биринчи кайда иштегенсиз?

—Ординатурада окуп жүргөндө мамлекеттик стоматологияда иштечүбүз. Өзүбүздүн тааныштарды алып келип дарылап сабак өттүчүбүз. Дипломду колума алгандан кийин «Чыгыш 5» кичи районундагы жеке менчик стоматологияда эмгек жолумду баштагам. Айлык маянабыз пайыз менен болчу. Мисалы ар бир кардардан 50%, мен калганын ижаранын ээси алчу. Ал жерде 3 жыл иштеген соң башка жеке менчик стоматологияга которулдум. Ал жакта бир кабинетти ижарата алып иштетчүмүн.

—Мамлекеттик стоматологияга чакырышкан жокпу же барбай койдуңузбу?

—Тескерисинче ал жакка кириш үчүн акча бериш керек эле. Мен да иштейин деп барсам жетекчиси уялбай туруп менден 4000-5000 доллар пара талап кылганы эсимде. Андан баш тарткам. Ошол кезде жумушка кирүү үчүн акча сурабаса балким мамлекеттик тиш ооруканасында иштеп калмакмын. Киши көп, тажрыйба топтоп алууга чоң мүмкүнчүлүк болмок дегендей.

—Биринчи жолу тиш жасаганыңыз эсиңиздеби?

—2-курста бөлөмдүн тишине пломба бастырып бергем. Жаңы баштап жаткандыктан туура эмес болуп калышы мүмкүн эле. Бирок бөлөм антип айткан эмес. Көбүнчө кардарлар пломба түшүп калды деп арызданып келишет. Себеби тиштин жарымы эле калган болсо пломба аны кармап тура албайт. Эгерде нерви жок болсо тиш бат сынып, пломбасы түшүп калат.

—Операция жасайсызбы?

—Мурда тишти сууруп, салып берчүмүн. Азыр эки жылдан бери брекет салуу менен алекмин. «Чыгыш 5» кичи районунда иштеп жүргөндө эсте калаарлык операция жасагам. Кардарыбыздын акыл тиши кыйшак өсүп калыптыр. Капталдап өскөн тишти жанындагы тиштерге зыян кылбагыдай операция жасоо зарыл. Абдан кыйналып, көп убакыт убара болгонбуз.

—Брекеттин оң жана терс жактарын айтып берсеңиз?

—Брекет менен иштеп адамдардын тишин оңдогон аябай жагат. Ал эми терс жагын айтсак, албетте алгачкы темир салынган күндөрү аябай оорутат. Анткени башка эле тишти жылдырып темир кадап атса кантип организмге жаксын. Ыңгайсыздыгы канча жолу тамак ичсең ошончо жолу жууйсуң. Адам тишинде маселе болсо оозун жаап күлүп калат. Брекет салынгандан кийин уялбай калышат. Тиш түздөлүп, туура чайнаганга мүмкүнчүлүк ачылат. Азыр брекет тагынгандар аябай көп. Кардарлар брекетти орточо эсеп менен бир жылдай кийишет. Ал адамдын бетине, жаак түзүлүшүнүн калыбына жараша болот. Эгерде ээги астыга чыгып же артка жылган жаактуу адамдар болсо алар көбүрөөк убакыт тагынышат.

—Атактуулар менен иштешип жүрөсүз, алардын тиш маселесин билип бүтсөңүз керек…

—Ооба, маданият чөйрөсүндөгүлөр, саясаттагылар көп келишет. Баары менен таанышмын, жакшы мамилем да бар. Эгер кааласа тиштерин оңдоп, дарылап беребиз.

—Эгерде тиш ириңдеп турса суурубайт экенсиздер. Жаны кейип аткан адамдын абалын кантип жөнгө саласыздар?

—Ооба, андайда тишти жулбайбыз. Ириңдеген жерди кесип, чыгарып алабыз. Ириң кеткен соң гана дарылайбыз, ага болбосо анан жулуп салабыз.

—Кыргызстандыктар тишине кандай мамиле жасашат?

—Таарынышпасын, 90% адамдар өз тишине кайдыгер. Качан катуу ооруганда же шишип кеткенде жула турган болуп калганда келишет. Бул абдан өкүнүчтүү жана кечиккен нерсе. Тиште кичинекей чекит пайда болуп келе жатканда келишсе атайын аппараттар менен тешпей эле тазалап койсо болот. Алдын ала тишке кам көрүш керек дегеним. Тишти алты айда бир тазалатып турушса өздөрүнө жакшы. Тазаланбаган тиш ар кандай ооруларды чакырышы мүмкүн. Мисалы, бүйлөлөрү шишип, канап, бактерия пайда болот. Ал тиш щеткасы менен кетпейт. Ультра нур менен тазалабаса тиш бошоп, өзүнөн өзү түшүп калат. Анан каптама кийме тиш кийүүгө туура келет. Кийме тиш өз тишиңиздей болбойт, ал эч нерсе сезбейт, аргасыздыктын иши.

—Кыздар көбүнчө тиштерин агартканын көрүп жүрөм. Бул канчалык деңгээлде пайдалуу?

—Бул ар бир адамдын каалоосу. Алты же эки айга агартып бере алабыз. Күлгөндө көрүнгөн тиштерди агартып берсек кардарлар ыраазы болушат. Эч кандай тишке зыяны жок. Атайын гель сүйкөлүп, лазер менен тазаланат.

—Кичинекей балдардын тишин жулуу же тазалоо азап болсо керек…

—Баланы чырылдатып тиш доктурга жетелебей ата-эне биринчи кезекте алгачкы тиши чыкканда тишин жууганды үйрөтүш керек. Балдарга арналган атайын жумшак тиш жуугуч щеткаларды пайдаланса болот. Эгерде бала сүт азыктарын ичпесе атайын таблеткаларды кошуп берүү зарыл. Себеби, сүт азыктарында тишти бекемдөөчү кальций, темир бар.

—Коомдо тиши менен мык сууругандар да пайда болду. Аларды колдойсузбу?

—Мындай «баатырлардын» көбү тиштин үстүндө «коронка» кийип алышы мүмкүн. Ошентсе да тиш менен машина тартып же мык суурубай эле койгула деп кеңеш бермекмин. Мисалы, мушкерлер деле рингге чыкканда көп жаракат алышат. Атаандаштары нокаутка кетириш үчүн ээк талаштыра урушат. Ал деле тиштин тамырларына зыян келтирет дегендей. Демек, тишке күч келтирип, «тиш баатыр» болуунун кажети жок.

—Тиш ооруган да кетонал дарысын ичүү канчалык деңгээлде зыян экенин айтсаңыз?

—Жан айласын кылып бир-эки даана кетонал ичип койсо, тиштин чыдатпай ооруганын бир аз басат. Бирок андан ашык пайдаланса ашказанга аябай эле зыян. Дары ичип кыйналбай алдын-ала көрүнүп койсо кардардын өзүнө жакшы.

—Тиш дарыгери болуу ары жооптуу, ары сыймыктуу кесип эмеспи. Мына ушул кесипти аркалап жүрүп эмне таптыңыз?

—Мен кесибимди сүйгөн инсанмын. Мындан улам өз кесибимдин аркасы менен ой-максаттарымды ишке ашырып келе жатам. Кыялымдагы клиниканы ачтым, машина алдым дегендей. Жогоруда айтканымдай экинчи клиника ачуунун аракетинде жүрөм. Ага да оңбогондой каражат сапталат. Учурда иштетип жаткан стоматологияны банкка күрөөгө коюп, насыя алып экинчисин баштайбыз. Андан кийин үй алып, үйлөнсөм деген планым бар. Апам, «Качан келиндүү кыласың?» деген суроону күндө берет. А түгүл өзүнө жаккан кыздар менен тааныштырып, өзүнө келин издеп жүргөн кези. (күлүп)

—Жеке менчик стоматологияга акча көп түшөбү?

—Эми кандай десем? Мамлекеттик стоматология менен жеке менчиктин баалары бирдей эле. Айырма болсо бир аз эле болот. Көп учурда жеке клиникага кардарлар алдын ала жазылып келишет. Мамлекеттик клинакада кезек күтүү, элдин көптүгү адамдарды бир ыңгайсыз кылып коет. Мындан улам мамлекеттик клиникалардагы кезек күтүүдөн тажаган эл бизге келген учурлар көп.

—Кесибиңиздин аркасынан дос күттүңүзбү?

—Көп адамдар менен достоштум. Арасында саясатчылар, маданият өкүлдөрү жана эстрада жылдыздары да бар.

—Өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз, канча бир туугансыз?

—Бир карындашым бар. Апам, карындашым үчөөбүз турабыз. Апам орду менен сүйлөгөн инсан. Бизден тартипти, тактыкты жана жоопкерчиликти катуу талап кылып чоңойтту. Ар бир ата-эненин баладан үмүтү чон болот эмеспи, анын сыңарынлай апам да бизден көптү күтөт. Апамдын ишеничин актаганга ар убак аракет кылып келем. Мен кандай ийгиликке жетсем анын түпкү өзөгүндө апамдын тарбиясы жатат. Бекеринен,«Эненин тилегиндей тилек, жүрөгүндөй жүрөк жок» деген сөз айтылбаса керек…”

—Айрым стоматологдор окууну бүтүп эле чет өлкөгө кетип калышат. Ал жакта чоң ийгиликтерге жеткендер да бар. Сиз эмнеге кеткен жоксуз?

—Биринчиден апам үйдөн чыгарбаган, тартипке бекем адам. Жалгыз уулмун, канча аракет кылсам дагы жибербейт болчу. Бактыма жараша Бишкектен жакшы жумуш табылып калды. Группалаштарым азыр Орусияда иштеп жүрүшөт. Ошол убакта кетпей калганыма кубанам. Өзүбүздүн өлкөдө жакындарымдын жанында каалаган максаттарымдын баары орундалып жатат, ушунусуна шүгүр.

Маектешкен: Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *