Фото – Ысык-Көлдө темир жолунан 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен

Рыбачье – Жел-арык темир жол участогу убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

“Аталган участокто 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен. Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө” – дейт билдирүүдө.

Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *