Рыскелди Момбеков: “Мурда бир эле “кошелёкту” билчүбүз. Азыр болсо “кошелёктордон” баш адашат”

– Рыскелди Чыныбекович, бая күнү социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында ректорлорду шайлоо боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз…

– Илим жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда мындан кийин илимий техникалык мекемелердин жетекчилеринин бардыгы мурдагыдай, СССРдин убагындай эле шайлоо менен эмес, дайындоо менен боло тургандай өзгөртүү киргизилип жатат. Мен буга башында эле каршы болгом. Акыркы жолу комитетте каралганда да каршы болдум. Анткени, мунун артында чоң саясат турат. Эртең билим берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору да каралганы турат, ал коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, жогорку окуу жайларынын ректорлорунун баардыгы дайындалат. Мен буга эмне үчүн каршы болуп атам? Убагында ушундай аракеттер болгон. Мен билгенден 2007-жылы (ал кезде Адахам Мадумаров спикер болсо керек эле) Жогорку Кеңеште дайындоо жөнүндө демилге көтөрүлүп, бирок, өтпөй калган. Иса Өмүркулов тармактык комитеттин төрагасы катары тескери корутунду жазган. Кызыгы, бүгүн Иса Шейшенкулович ошол мыйзам долбоорунун автору болуп келип атат.

Бүгүнкү күндөгү биздеги кадрдык башаламандыктын баары мыйзамдагы башаламандыктан келип чыгып жатат. Маселен, жогорку окуу жайларындагы шайлоолордун бардыгы мыйзам бузуулар менен өтүүдө. Улуттук университетте шайлоо өттү. Биринчи туру чынында эле демократия, шайлоо болду, үч талапкерди алып чыгып, бирөө шайланды. Бирок, премьер-министр ошол үчөөнүн ичинен бирөөнү тандайт деген шайлоо эмес, тандоо болуп, акыры бюрократияга айланып калып атат. Маселен, КУУда үчүнчү орунду алган Чынара Адамкулова ректор болуп шайланды. Техникалык университеттин ректорлугуна 200дөн көбүрөөк добуш алган киши өтпөй калып, болгону 80 добуш алган Жаманбаев шайланды. Медициналык академиянын ректорлугуна үчүнчү орунду алган адам өттү. Нарында биринчи орунду алган, мурда ошол жерде иштеген Алмаз Акматалиев эмес, экинчи орунду алган киши өттү. Таласта деле ошондой болду. Бардык жерде ушундай болуп атпайбы. Шайлоо дегенден кийин толук кандуу шайлоо болуп, биринчи турда көпчүлүк добуш алган киши премьердин дайындоосу менен бекитилиши керек. Анан шайлап туруп, өкмөт башчы кайра үчөөнүн ичинен бирөөнү тандаганы шайлоонун табиятына туура келбей калат. Мындайча айтканда, шайлоонун экинчи турун жалпы коомчулук эмес, премьер-министр өзү чечип калып атпайбы.

– Мындай көрүнүштөр билим берүү, илим тармагында гана эмес, башка чөйрөлөрдө деле көп болсо керек…

– Өткөн айда өкмөттөгү кадрдык калпыстыктар жөнүндө абдан чоң талкуу болуп, өкмөттүн кадр саясатындагы катачылыктарды жоюу боюнча бир топ тапшырмаларды бергенбиз. Статс-катчыларды тандоодо да бир топ алешемдиктер бар. Батыркул Баетов деген экономика илиминин доктору жети жолу конкурска катышып, жети жолу биринчи орунда алса да, өкмөт анын кызматка дайындабай жатат. Себеби, өкмөттүн колунда рычаг бар, министрликке каршы пикир жазып кой десе, алар жазып коюшат. Натыйжада биринчи орунду алган киши дайындалбай, экинчи, үчүнчү орунду алгандар дайындалат. Мен ушул нерсени мисал кылып айттым да, “бизге капчыгы калың керекпи, же кадыры калың керекпи” деп. Батыркул Баетов кесибине туура келбейт экен дешти. Бирок, статс-катчынын кызматы тармактык кесипти талап кылбайт. Статс-катчылык – бул

уюштуруучулук жумуш, кадрдык, чарбалык иштерди жүргүзөт. Кесипкөйлүк боюнча башка эки орун басары бар да министрдин.

– Адистиктин туура келиши демекчи, ушул эреже дайыма, бардык эле жерде сакталабы?

– Кен байлыктар боюнча жаңыдан түзүлгөн комитеттин башында отурган Дүйшөнбек Зилалиев кесиби боюнча милиционер, ИИМдин академиясын, Анкарадагы полиция академиясын, кийин дипломатиялык академияны бүткөн. Бажы кызматынын башында отурган Азамат Сулаймановдун өмүр таржымалы менен таанышып көрсөм, ал да бажычы эмес, транспортчу экен. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекцияны башкарган киши бажычы. Керек болсо республиканын экономика тармагын тейлеген Олег Панкратов кесиби боюнча физик экен. Экономика боюнча түшүнүгү жок болсо, ал кантип экономикага кураторлук кылып отурат? Эми бизде куратор деген “кууратар” болуп калган да. Кууратып атпайбы. Салык кызматынын башында отурган киши экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына барып калды. Ал силовик эмес да, ал жерде салык эмес, экономикалык кылмыштар, коррупция боюнча иштеш керек. Кылмыш кодексин, админстративдик кодекстерди билген киши барыш керек болчу.

Конкурстар да өз натыйжасын бербей жатпайбы.Мамлекеттик каттоо кызматына беш талапкердин баары жогорку балл менен кадр кызматынан өтсө бешөөнү тең жактырбай койду. Эмне үчүн? Демек, алардын бешөөнүн тең ”крышасы” жок, башка бир жактан ”жашыл жарык” алган эмес. Тайырбек Дүйшөкеевич “бирөөсү да жакпайт” деп койгон үчүн дайындалбай калышты. Өкмөт башчы бекитиши үчүн ошол тармактын жетекчиси ошолордун бирөөсүн алам деп сунуш бериши керек экен. Анда биз эмне үчүн тандап атабыз?

– Сиз өзүңүз таамай белгилегендей, өкмөт бир колу менен коррупцияга каршы күрөшүп, экинчи колу менен коррупционерлерди кызматка коюп жаткан жокпу?

– Эми ачуу чындыкты айтпай коё албайт экенсиң. Мындан он-он беш жыл мурун бир эле “кошелёк” дегенди билчүбүз. Азыр болсо “кошелёктордон” баш адашат. Тигини сурасаң деле “кошелёк”, муну сурасаң деле “кошелёк” дешет. Мен транспорт министрлиги бюнча канчадан бери какшап келем.Тээ башында бул Тойчубек Касымовдон башталган. Ал “Жолчубек” деген атка конгон. Жол салуу деген – бул “кол салуу”, тендер деген “теңбер” деген саясатка айланып калган. Унаа министрлигине кандай гана киши келбесин, артынан жакшы сөз ээрчибейт экен. Мына, Нурлан Сулайманов качып жүрөт, Аргынбек Малабаевге кылмыш иши козголуп, андан кийинки келген министр дагы ошол кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жатат. Азыркысы дагы келбей жатып Бишкек – Кара- Балта жолунун тендери боюнча чуу чыкты. Мен ойлойм, элдин бийликке болгон ишеними ушундан бир аз салкындап жатса керек.

– Сиздин ачуу чындыгыңыз фракциянын саясатына карама-каршы келип калбайбы?

– Сенин жеке пикириң фракциянын пикирине карама-каршы келип калган жагдайлар бар, сен туура эмес сүйлөп жатасың дегендей ооздуктоо, чектөө азырынча боло элек. Болот деп деле ишенбейм. Анткени менин таржымалымды, тарыхымды, анан мүнөзүмдү жакшы билишет. Мен президентибиз Алмазбек Шаршенович менен кездешип турам да. Негизинен билем, ал киши менин ачыктыгыма, чечкиндүүлүгүмө баа берет. Мен үчүн негизгиси ошол кишинин баасы. Башкалар мага ичтарлык кылып, “сен туура эмес айтып атасың” дешсе, мен аны ичтарлык катары кабыл алам. Негизинен мен башында эле айткам, “бакырчаак төөнүн бары жакшы, мен балык ооз болбойм. Мага чектөө болбошу керек, биз “Акжолдун” жолун баспашыбыз керек. Бийликтин партиясы болсок дагы,

өкмөттү өзүбүз түзсөк дагы, башкалар ургуча өзүбүз камчы кагышыбыз, биз айтып, биз иштетишибиз керек” дегем. Эгер менин пикирлерим кайсы бир жетекчилерди канааттандырбаса, ал өкмөт башчы, же спикер болобу, же фракция жетекчиси болобу, мен аны анчалык деле эске албайм. Мен билем, азыркы жүргүзүп жаткан саясый ишмердигим мени депутаттыкка сунуштаган кишиге жагат. Бул мен үчүн эң негизги нерсе.

– КСДПнын ичинде кээ бир же нары, же бери эмес, эт менен челдин арасында жүргөн кишилерден арылуу жөнүндө маселе коюлуп жатканы тууралуу маалыматтар ЖМКларга жарыялана калууда.Чындап эле ошондой маселе барбы?

– Мен мына бир жарым жылдан бери депутат болуп, фракциянын бир да жыйынын калтырбай аралашып келатам, бирок, биздин ичибизде тигиден, же будан арылуу тууралуу, сен жакшы сүйлөбөй, партиянын, фракциянын таламын талашпай жатасың деген маселе көтөрүлө элек, көтөрүлбөйт да болуш керек.Себеби, ар кимибиз өз жоопкерчилигибизди билебиз.Чынын айтышыбыз керек, айрым депуттарыбыз көзгө көрүнө албай, көйгөйлүү маселелерди көтөрө албай жатканын туура эле сын пикир катары кабыл алыш керек. Фракциянын жыйындарында “Республика – Ата Журт”, же болбосо “Өнүгүү-Прогресс “ фракциясы мындай көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жатышат, а биз болсо кайсы бир мыйзамдарды эле талкуулап отурабыз, биз деле актуалдуу маселелерди алып чыкпасак, “Акжолдон” айырмабыз болбой калат деген сыяктуу сөздөр айтылат. Бирок, фракция ичинде кысым жок.

– Бирок, КСДП ичтен тазаланышы керек деп эсептейсизби?

– Тазаланышы керек. Мыйзам чыгаруу органында бир жарым жыл деген чоң убакыт. Ушул убакытта өзүнүн депуттаттык милдетин аткара албаган кишилер аткаруу бийлигине же партия сунуш кылган башка кызматтарга барып, кезекте турган мүчөлөргө орун бериш керек да. Муну алар өздөрү деле билип турушат. Жакында эле Музаффар Исаковго мурунку айыл өкмөтүндө иштеп жүргөндөгү иштери боюнча кылмыш иши козголду. Бирок, фракцияда бул боюнча комиссия түзөлү, кылмыш ишин козгогон адамдарды чакырып, иликтеп көрөлү, жардам берели деген бир дагы сөз болгон жок. Анткени башында эле айтканбыз, кимибиздин артыбыздан жаман сөз жабышып калган болсо, өз жоопкерчилигин өзү тартып, кетиши керек дегенбиз.

Булак:”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *