Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Батукаевди учурган учак Атахановдун баласына таандык экенин укканда, Атамбаев ачууланып, кыйкырганын уккам”

– Рыскелди мырза, күндүн темасы Батукаевдин маселесине байланыштуу иш болуп жатат. Аны камактан чыгарып, качырып жиберген ишке шектүүлөр 20дан ашык экени айтылууда. Азыркы тапта кармалгандардын саны 9 кишиге жетти. Мунун аягы кандай бүтөт?

– Бул боюнча шектүүлөр дагы чыгат, кармоолор, камоолор дагы болот. Анткени, азыр аны бошоткон соттордун, ошол кездеги прокурор, ички иштер министрлиги, паспорт жасап бергендердин кыймыл-аракетинде кылмыш курамы барбы-жокпу, изилденип жатат. Шамил Атахановдун өзү дагы шек жараткан адамдардын бири. Күбө катары сурала турган адамдар да бар. Феликс Кулов күбө катары суралышы мүмкүн. Кыскасы, бул иш дагы бир топко чейин жүрөт. Мен айтат элем, эң көзүрү Атаханов болуш керек. Ошол кезде күч структураларын ал тейлеген. Мунун баары эл билбеген чындык болчу. Азыр камакта жаткандардын баары аткаруучулар. Аларды көрсөтмө алуу үчүн камап койгон болсо, негизги заказчиктерди кармоого убакыт келди. Камактагылар качып кете турган деле адамдар эмес, баш коргоо чарасын карап, үй камакка чыгарып коюп деле сурашса болгудай.

– «Камоолор экс-президентке чейин жетиши мүмкүн» деген сөздөр айтылып жатат. Ал киши тапшырма бе-иши мүмкүнбү, же Атаханов президентти алдап, туура эмес маалыматтарды бергенби?

– «Атамбаев башында турган, ал макулдук берген» дегенге мен ишенбейм. Ал киши мындай иштерге аралашпаса керек эле. Ага туура эмес маалыматтарды жеткиришип, алдап койгон болушу толук мүмкүн. Мен да уккан жайым бар бул жөнүндө. Батукаевди учурган учак Атахановдун баласына таандык экенин укканда, президент ачууланып, кыйкырганын уккан элем.

– Бул иштин мурун эмес, 6-7 жылдан кийин, эми ачылып жатышынын себебин эмнеден көрөсүз?

– Бул иш 6-7 жылдан кийин ачылып жаткан жок, бул иш кайрадан козголуп жатат. Туура, ошол кезде эле козголгон, парламенттик комиссия түзүлгөн. Бир эмес, эки комиссия түзүлгөн. Экөөнү тең 5-чакырылыштагы депутаттар түзгөн. Экөө тең «Ата Мекен» фракциясына таандык болчу. Ташполот Балтабаев жетектеген комиссия медициналык жагын, Болот Шер жетектеген комиссия юридикалык жагын тескеген. Алар корутунду чыгарган. Кимдер бул ишке кызыкдар болгонун айткан. Ошол боюнча Жогорку Кеңештин токтому аткарылган эмес. Бүгүн гана ал күчүнө кирип, шек жараткан адамдардын баары камакка алынып, суралып баштады. Чынын айтканда, бул ошол кездеги саясый чоң коррупция болгон.

– «КТ Мобайлдын» айланасындагы чырдан улам бир топ кызматкерлер иштен кетишти. «Өкмөт башчы Абылгазиевдин моралдык угугу жок, кетсин» деген талаптар улам күчөп жатат. Ушунча окуялардан кийин анын премьер-министрлик кызматты аркалап турушун кандай көрөсүз?

– «КТ Мобайлдын» тегерегиндеги ызы-чуулардан улам өкмөттүн аппарат башчысынын, орун басарынын кызматтан кетиши Абылгазиевди жоопкерчиликтен кутулта албайт. Башкалар эмес, бажалар башкарганынын баары ачыкка чыгып калды. Алты адам кызматтан кетти, демек, бийликтин баркы ыдырап, өкмөттүн баркы кетти. Баркы кеткен соң, башчы кетиш керек. Бул моралдык жоопкерчиликтин уландысы болушу зарыл. «Мен кетпешим керек» деп тырмышып отурган болбойт. Ушунун баарына жол берип, көзөмөлдөй албаган, президенттин саясатына көө түшүргөндөн кийин, аны комиссия чечими менен кетиргенче эле өзү кетип калыш керек. Ошондо туура болмок.

– Абылгазиев кетсе, ордуна ким барат?

– «Бул адам барат, тигил барат» десем, саясат болуп кетет. Өкмөт башчылыкка талапкерди тандоо вазийпасы көпчүлүк коалицияга берилет. Көпчүлүк коалиция бир ай мурун өкмөт отчетун баалап, «жакшы иштеди, азамат» дегенден кийин, бир ай өтпөй ушундай иштердин чыгып жатканы – бул парламенттин ар-намысына, кадыр-баркына, ишкердик беделине өтө чоң шек келтирип койду. Абылгазиев, ал баштаган өкмөт президент Жээнбековду эле эмес, ага ишеним көргөзгөн Жогорку Кеңешти да уятка калтырды. Ал эми элдин ишенимин таптакыр эле актабай калды. Эл башында эле ишенген эмес бул өкмөткө. Мындан кийин ишти улантканга алардын кымындай да моралдык акысы калбады. Кетиши керек!

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *