Рыспай Абдыкадыровдун бул дүйнөдөн өткөнүнө 15 жыл болуптур. Улуу талантты кантип барктап, кантип сактап жатабыз?

Базар-Коргон районундагы 1-Май мектебинин англис тили мугалими Исаков Тагай көптөн бери Рыспай Абдыкадыровдун туулган жерине барып, анын үй-музейин көрүп келели деген сунушу быйылкы жылы, июлдун ортосунда ишке ашты. Жолго үчөөбүз чыктык, мен, Тагай анан Рыспай акенин фанаты, сүрөтчү Ташполотов Асан аке. Асан аке машинага кандайдыр бир жыгач жащиктерди, төшөктөргө оролгон айнектерди салып жатты. Эмне экендигин сурасам барганда көрөсүң деп сыр кылып айтпай койду. Жайдын толуп турган кези, Кара-Кулжа өрөөнүн курчаган асман тиреген тоолордун боорлору жашыл болуп, кооздугу адамды өзүнө тартып, айласыздан ушундай жерлерден таланттар чыгат да деген ойго кетесиң.

Кечки саат алтыларга жакын Кара-Кулжа райакимчилигинин имаратына келдик. Иш бүтүп калгандыктанбы, айтор имаратта адамдардын саны аз, аким эмгек өргүүсүндө экен. Орун басарларын издеп, ошол күнү акимдин орун басарлыгына жаңы буйрук алып келген Көкөев Муса менен жолугуштук. Мына ошол жолугушууда Асан аке сыр кылып айтпай койгон буюмдардын сыры ачылды. Бул жащиктердеги буюмдар Асан акенин Рыспай Абдыкадыровдун туулган жериндеги үй-музейинин макети экен. Үй-музейинин макетинде адамдар отура турган отургучтардын кайсы жерлерге жайгаштырыла тургандыгы, сахна көрсөтүлүп, ушул жерде Рыспайдын ырларынын конкурстары өткөрүлүп турса жакшы болор эле деген ойун жаңы келген акимдин орун басары Көкөев Мусага кеңири түшүндүрүп берди.

Андан чыгып Рыспай Абдыкадыров туулган айылга бет алдык. Илгери биз барган жолго таш төшөлүп бир кыйла оңдолуптур. Туш-тарабы тоолор менен курчалган Рыспай акенин айылына кирип бардык. Күн кеч болуп калгандыктан ал күнү анын үй-музейине бара албадык. Чөлдө июлдун аптабына куйкаланган биз тоодогу айылдын салкын абасына магдырап, бизге көнүмүш болгон үптөн кийин түндөсү үшүп чыктык. Эртең менен саар туруп айланамды карасам, күндүн шоолалары асманды жара жерге жарык алып келе жаткан экен. Айлана ушунчалык кооз, асман тиреген зоолор, белден келген жашыл чөптөр, булбулдун сайраганын коштогон сүтактын үнү, абасынын тазалыгы каңылжаарды жарат.

Дегдегеним эле тезирээк музейди көрсөм дейм, шаардагы музейлерди элестетем. Күн аркан бою көтөрүлгөндө музей ачылгандыр деп жолго чыктык. Музей менен мечит жанаша жайгашыптыр. Эки имарат темир тосмо менен тосмолонгон, мечит тараптын эшиги ачык, музейдин дарбазасында килейген кытай кулпусу асылып турат. Темир тосмонун артында кыргыздын улуу таланты, күчтүү обончусу Рыспайдын эстелиги чалкан баскан чөптөрдүн арасынан алысты ойлуу карап кимдир бирөөнү издеп тургансыйт.

Издейм сени арасынан элдердин,

Бактарынан бардык кооз жерлердин.

Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,

Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.

Бирөө жарым келип дарбазаны келип ачып калабы деп бир топ күттүк. Адамдардан сурасак кароолчусу чөп оргону кетиптир, жакында келбейт дешти. Чөп орок учурунда айылдагы эркек аттуулардын бардыгы кыштын камын көргөнү кетишет, айылда кары-картаңдар гана калышат. Айласыздан жетимишке жакындап калган үчөөбүзгө темир тосмодон ашып өтүүгө туура келди. Музейдин короосун чөп басып, музейдин чатыры гана көрүнөт. Чөптүн калыңдыгынан музейдин короосу көрүнбөйт.

Чалкан менен уйгак чөптөргө оролгон Рыспай Абдыкадыровдун эстелигинин алдындагы тактайчада 12.01.1941–12.09.1994 деген жазуу турат. Бул сандар анын кыштын кыраан чилдесинде туулуп, кыйынчылык мезгилде оор турмушту өткөргөндүгү, чыгармачылыгы гүлдөгөн, чыгармачылыгынын түшүмдөрүн жыйнаган керемет күздүн токчулук мезгилинде өткөндүгүнөн кабар берип тургансыйт.

Калың өскөн чөптөргө чалынып, үй-музейдин айланасын кыдыра баштадым. Музейдин эшигинде да кара кулпу илинип, ичиндеги жупуну байлыктарды ишенимдүү кайтаргансыйт. Дагы жакшы жери терезесине парда илинбептир. Ичиндеги буюмдар көрүнүп турат. Ичиндеги дубалдар нымдан зак жеп, шыбактары үбөлөнүп түшө баштаптыр, ал тургай сыртындагы дубалдар да нымдан үбөлөнүп түшө баштаган. Эгерде үй-музейдин абалы ушул бойдон турса бул кыштан чыкпай да калышы мүмкүн.

Музейдин ушундай абалга келишине ошол айылда жашаган жашоочулардын кайдыгерлиги, айыл өкмөттүн маданият иштерине көңүл бурбагандыгы, элибиздин улуу талантты баалай албагандыгыбыз себеп болуп жатат. Башка жактан адамдар келсе, бизде Рыспай деген улуу обончу-композитор болгон деп төш каккылайбыз. Келгендер ал кишинин үй-музейи барбы, көрөлү десе эмнени көрсөтөбүз?…

Бул музейди жаш муундарга көрсөтүп, улуу обончунун өмүр баянын өрнөк кылып айтып берсе, балким ойгонбой жаткан таланттардын демине шык кошуп, келечекте Рыспайдай таланттар чыгышы мүмкүн. Өз атын өз мезгилинде элдин терең катмарына калтырган Рыспай акени убагында бийлик баалабаса да эл өз баасын берип сыйлап алды деген жакшы ой калат эле.

Музейдин жанында туруп, ушул музейдин ачылып калышына ким себеп болгон деген суроомо Исаков Тагай мындай деп жооп берди: Мен Рысбай аке менен эки ата өткөн кишинин күйөө баласы болом. Рыспай акеге да күйөө бала болуп кетем. Мен кайын-журтка келген сайын Рысбай акенин үйүн көрүп жүрөгүм сыздачу. Бул үйдө бир кездерде Упаке, Күмүш, Анаркан аттуу эжелери, Кочкорбай, Бокен деген акелери менен үйдүн кенжеси Рысбай аке жашаган. Азыр алардан сексен жаштарга барып калган Күмүш эже гана Кызыл-Булак айылында жашайт. Рысбай акенин бир тууган акеси Бокен аке ушул үйдө жашап туруп кийин Кара-Кулжага көчүп кеткенден бери кароосуз калды. Бокен аке 2009-жылы ааламдан өтүп кетти. Азыркы күндө Рысбай төрөлгөн үй кароосуз калып, эшектер мекендеп, эшик-терезелери талкаланып, таланып, мышык ыйлай турган абалга жетип калыптыр. Үйдүн үч бөлмөсү толо эшектин кыгы. Бул көрүнүш кышы менен ошол жердин жашоочулары эшектерин ушул үйдүн бөлмөлөрүнө камап, кыштан чыккандай көрүнүштү калтырган. Бул көрүнүштү көрүп аябай зээним кейиди. Үйдө эч ким жашабайт. Үйдүн там аркасы 15 сотых чамасында бар. Эшигинин алдында эки түп өрүк, бир түп алма жана алчасы бар. Огороддун айланасында тал-теректер өсүп турат. Азыр булардын баарысы кароосуз. Рысбай аке айылга эс алууга келгенде ушул өрүктүн көлөкөсүндөгү сөөрүдө отуруп чай ичип, бир туугандары жана айылдаштары менен боорлошуп сүйлөшүп, илхамы келгенде обон созуп, капаланса көз жашын төккөн жер. Жашык киши эмес беле жарыктык. Ошондо колума калем алып, элди намысына келтирейин деп “Рыспайдын үйү жетим калды” деп болгонун болгондой кылып 2009-жылы газетага макала жаздым. Кийинки жылы Ош окуялары чыгып кетип бул самаалык токтоп калды. Мамасаалы Мокоев деген аксакал жана анын уулу Улан экөө 2013-жылы жаздан баштап үйдү ондошту. Музейге коюлган көптөгөн сүрөттөрдү Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде уюшулган (ЖАМУ) “Рыспай клубунун” жетектеген Борошов Султан өзү менен Алмаз деген сүрөтчү менен бирге илишкен. Үй-музейинин ачылышында Кара-Кулжанын бардык атактуу адамдары, төкмө акындар, ЖКнын депутаттары, Маданият министрлигинен келишти. Эл аябай көп болду. Ошол кезде Ош областынын губернатору болуп турган азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбеков да келип, музейди ачып берди.

Мен сүрөтчү Ташполотов Асан аке менен ынакмын. Бир жолу аны менен сүйлөшүп отуруп, Рыспай акенин үй-музейи тууралуу айтып калдым. Ал дагы барганга кызыгып калды. Экөөбүз музейди кыдырып көргөндөн кийин бул жерде Рыспай акенин ырларын ырдагандар үчүн сахна жана көрүүчүлөр үчүн отургучтардын жайгаштырылышы боюнча схеманы чийип берейин деп калды. Схемасын чийип бирин Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясына, бирин ЖАМУдагы “Рыспай клубуна” тапшырдык. Кийинкиси кандай болор экен аны мезгил көрсөтөт.

Улуу таланттарыбызды көзү өткөндөн кийин кантип барктап жатабыз, мамилебизди көргөн жаш муундар да келечекте таланттарды кандай баалашат? Кыргызда айтмакчы “Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың” дегендей жаш муундар да улуу адамдарга кайдыгер мамиледе болуп калабы деген коркунуч бар. Идеялар бар, аларды аткарууну ким мойнуна алар экендиги азырынча белгисиз… Балким ушул макаланы окуп калган кыргыздын менмин деген жигиттери бул демилгени жерге таштабаса керек деген жакшы ой менен макаланы токтотсок.

Нурмамат ажы Сапарбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *