Рыспек Сарпашев, Бишкек шаарынын вице-мэри: «Мен кызматка өз мээнетим менен жеттим»

—Рыспек Анакович, кызматыңыз кут болсун!

—Рахмат. Иштеп жүргөн ишим. Бул тармакты жакшы билем дегендей… Биз деген аскер сыяктуубуз, кайда жумшаса кетишибиз керек. Өмүр бою эле тазалык кызматында аралашып жүрүп жетекчиликке да мээнетим менен жеткем. Айрымасы мэрияда вице-мэр деген статус эле болот.

—Сиздин артыңыздан жалаң чуулгандуу маалыматтар ээрчип жүрөт, мисалы «Тазалык» кызматына караштуу техникалардагы күйүүчү майларды сатат деген…

—Ал жалган маалыматты илгери чыгарышкан. Эгер ошол кылмышка барсам өзүм деле иштебей коймокмун. Бизде азыр баары жолго салынган. Техника жагынан маселебиз жок. Баардыгы жетиштүү. Мурда тазалык кызматына адамдарды ала албай кыйналчубуз. Азыр вакансия толук. Буйруса кызматкерлерибиз да жакшы иштеп жатат. Болгону шаарыбыздын тазалыгына тургундар жана коноктор да көңүл кош карашпаса дейт элем. Бирок акыркы 3 жылда кыйла оңолуп калдык.

—Сизди «Тазалык» кызматын 96 миллион сомго банкрот кылган деп айтышчу эле. Мэрдин орун басары болгондо ал сумма көбөйбөйбү?

—2016-жылы ошондой окуянын болгону чын. Ал убакта шарт такыр башка эле. Бир жагынан активисттер кыйкырып, экинчи жагынан акчабыз жок, карызыбыз 260 миллион сомго чыгып кеткен. Ошондогу мэр жаңы келип, кыскасы аябай кыйналганбыз. Азыр болгону соцфондго 42 миллион сом карызыбыз бар. Аны биздин кызмат эч ойлонбой төлөп коё алат. Жумушчуларыбыз дагы тазалаган аймагына, ээлеген кызматына жараша 7 миңден башталып 20 миңден жогору айлык алышат. «Тазалыкка» жакшы эле иштедим. Эми ордума ишенген бир адамды дайындайм го.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *