Саакашвили Украинанын Реформалар кеңешинин аткаруу комитетин башкарат

Украинанын президенти Владимир Зеленский Одесса облусунун мурдагы губернатору, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини Реформа маселелери боюнча Улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы кызматына дайындады. Тиешелүү жарлык бейшемби күнү украин президентинин сайтына жарыяланды.

Реформа маселелери боюнча Улуттук кеңеш 2014-жылы түзүлгөн. Ал өлкө президентинин алдындагы атайын кеңешме орган болуп эсептелет.

Буга чейин Михаил Саакашвили президент Владимир Зеленский ага премьер-министрдин реформа маселелери боюнча орун басары кызматын сунуштаганын билдирген. «Цензор.нет» басылмасы украин өкмөтү бул сунушун Жогорку Радада добуштардын жетишсиздигинен улам чакыртып алганын жазды.

Грузия Саакашвилини кызматка дайындоо ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөрдөн кийин анын украин өкмөтүндө иштөөсү эки өлкө ортосундагы мамилени начарлата турганын билдирген. Грузияда өлкөнү 2004-жылдан 2013-жылга чейин башкарган Саакашвилиге каршы бир нече берене боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *