Саан уйду саткысы келген Сариев

«Мегаком» компаниясын сатуу ушул жылдын 4-майына белгиленгенин Алмаз Абековдун адвокаттары билдирди. Айта кетсек Сариевдин өкмөтү компанияны сатууга көптөн бери белсенип жүрөт. Анын баштапкы баасы 306 миллион долларды түзөт.

Компаниянын абоненттери 2,5 миллиондон ашуун. Казнага жылына 2,5 млрд.сом салык жана 1,5 млрд.сом дивиденд төлөйт. Компаниянын байланыштары Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарына жеткирилген.

«Мегаком» эң алдыңкылардан болуп, LTE, 4G сыяктуу бийик ылдамдуулук стандарттарын кийирген. Ушундай болгон соң пайдалуу саан уйду сатуунун не кереги бар? Бизде бир нерсе сатылса эле баланча миилион долларга сатылды деп көмүскөдө дагы ондогон миллион долларлар айланып кетчү эле.

Демек өкмөт сатам деп ниеттенген соң ар жагында жеке адамдарды кызыктыруучу нерселер бар го?..

Кадыр БОСТОН

Булак: “Жаңы Агым”

1 ой-пикир

  • арап says:

    Мком сатууга тушсо, анда оз адамдарга гана сатылат, башкалар алып коё турган болсо, анда оюнду бузушат. Анткени, бугун пайда берип жаткан ишкананы эртен бонкрот болот, ошол учун сатып жибериш керек деген бул бизде гана болчу афёра. Мурдагылар ачкоздугун ачык крорсотуп маммулкту тартып алышчу болсо, булар банкрот болот деген олумуш болуу ыкмасы менен оздорунун ачкоздугун жашырып, элди алдап атышат. Мынчалык акмакчалык кайда бар, болбосо банкрот болчу ишкананы ким, кайсы бай алат?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *