Сабатың качан жоюлат?

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабековдун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган каты коомчулукту жалпы парламенттин азыркы абалына, анын түзүлүш курамына болгон ишенимин иренжитип, кол шилтетти. Жалаң акча менен, тааныш, криминалдык элементтерге жакын азыркы түзүмдүн ишмердүүлүгү дал ушундай эле болмок.

Туура, төрага Дастан Жумабеков филолог эмес, жок эле дегенде корректорлук кесипти аркалаган эмес. Бирок өлкөнүн экинчи адамы, саясаттагы, мамлекеттик түзүлүштөгү экинин бири болуп туруп мындай осолдук кетирүү кечиримсиз. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасында мындай көрүнүштүн аягы отставка менен коштолот. Ал эми бизде болсо тиешелүү бөлүм кызматкерлерин жоопко тартуу менен чектелди.

Мындай ката эмне себептен кеткенин жоромолдоп көрөлү. Акаевдик бийлик учурунда жана ал башкаруу мезгилинин алгачкы этабында да кадрдык жетишсиздик дайым байкалып турган. Ошого байланыштуу Акаев да эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында көчөдөгү демагогдорду, кооз сүйлөгөндөрдү катарына тизип алып, кийин алардан кутулганча шашкан. Ошол көчө демагогдору ага кайра оппонент болуп чыга келди. 15 жылдык башкаруунун жыйынтыгы менен гана Акаев улуттук кадрлар резервин жаңы түзүп баштаган. Ал дагы толук ишке аша элек эле. Бакиев бийликке келди. Қелээри менен . көчөдө чогуу кыйкырып же кайсы бир участокторду басып алып жаткандарды бийликке тарта баштады. Ал тургай араларында «Омбудсмен деген кайсы фирма, ПРООН деген кимиңер, баарыңар тең эле карала-торала экенсиңер» дегендер аткаруу бийлигин минип отурду. Аргасы кеткен Бакиев Акаевдик кадрларды топтой баштады. Анда бир «Бакиев Акаевчилерди топтоп алды» деп бакырдык. Атамбаев келди. Тегерегине «апрелчилерди» жыйнады.

Алар деле ашынган адис болуп бере албаганын көргөн Атамбаев Бакиевдик кадрларга кол сунду. Азыр болсо кайра ушул көрүнүш кайталанып жатат. Демек, бизде чындап эле кадрдык резерв жок. Мына ушунун айынан спикер менен премьер-министрдин кат алышууларындагы каталар оркоюп чыгып жатат. Себеби кардык резерв жоктугунан, кадр саясатындагы мыйзамдардагы вакуумдан улам мындай ката боло берет жана боло бермекчи.

Азыр Жогорку Кеңештин түзүмүн карасаңыздар, ката жазмак тургай, жазып берген кагазды жөндөп окуй албаган депутаттар жалпы парламенттин жарымынан көбүн түзөт. Айрым фракция лидерлери өз фамилиясын жазууда эки-үчтөн ката кетирет. Бул трагедия. Болгондо да мамлекеттик трагедия. Анткени биздин саясатты жалаң ошол билимсиздер жүргүзүп жатат. Билим алуу, окуу, академиялык илим дегенден такыр түшүнүгү жок билимсиздер Жогорку Кеңешке келсе, ал жердин аппаратында иштесе боло берээрин практикалап отуруп, негизги мамлекеттик институт болгон Жогорку Кеңешке жеке мамилелештерин, досторун, туугандарын, бир учурда шайлоодо чуркап кызмат кылгандарды алып келип коюшту.

Натыйжада спикердин кагаздарын даярдачу бөлүмдөрдө жалаң сабатсыз жарандар толду. Акыры ушинтип оркоюп чыкты. Бул билингени гана. Бул жерде баса белгилеп айтып койчу дагы бир нерсе бар. Биздин мамлекеттин иш кагаздары, мамлекеттик маанидеги документация боюнча мыйзамдар, эрежелер так сакталбайт. Калыпка салынган шаблону бар, бирок аткара келгенде туура эмес аткарылат. Анын бирден-бир себеби эле мамлекеттик мекемелер арасындагы «переписка», мындайча айтканда аркы кабинеттен берки кабинетке кат жазышуулар көп. Жеке жоопкерчиликтерин азайтуу үчүн биздин чиновниктер кат аркылуу ар кайсы маселени чөп башылап, тикелей жооп берүүдөн качып кат жазышып отура берет. Бул синдром кол алдындагы кызматкерлерге да жугуп, кат алышуу азыр өкмөттүк кызматтагы биринчи мода. Жыл аягында келген текшерүүчүлөр да иштин жыйынтыгы же мааниси эмес, кайсы кат жабылды, текучка барбы мына дал ошону текшерет. Бул нонсенс. Эгерде биз бул тармакка системалуу реформа киргизбесек, эртең далай Дастандар мындай катарды жазып, билимсиз коом караңгылыкка карай сүңгүй берет.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *