Сабиржан Абдикаримов: “Өлкөдө дары-дармектердин запасы 3 айга жетет”

Өлкөдө дары-дармектердин запасы 3 айга жетет. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.
“30 миң кишиге эсептелген дары-дармек даяр. Анын ичинен 26 дары-дармектердин тизмектелген запасы түзүлгөн. Андан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык шаймандардын 29 түрүн даярдап, аймактарга жеткирилип баштады” – деп билдирди министр.
Ошондой эле, министр өлкөдө жеке коргонуучу костюмдардын жана бет каптардын тартыштыгы жок экенин, бүгүнкү күндө 6 млн. жакын бет кап запаста бар экенин кошумчалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *