Сабыр Мукамбетов, коомдук ишмер: “Алмаз Атамбаевди балким, камаганга караганда дарылаткан туура болоор?”

– Сабыр байке, бүгүнкү талкууну акыркы убакта көнүмүшкө айланып бараткан экс-президенттин жоруктарынан эле баштайбыз го? 8-июнда КСДП тарабынан өткөрүлгөн митингде сүйлөгөн сөздөрүн уктуңуз да? Коомчулук Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго карата “айбан, каапыр, мунафык” деген сыяктуу, чектен чыккан, абройго шек келтирген сөздөрүн кызуу талкууга алып, жоопкерчиликке тартуу керектигин айтып жатышат. Ушу маселе боюнча кандай ойдосуз?

– Эми биздин коомчулук Алмазбек Атамбаевди тынымсыз талкуулап келе жатпайбызбы. Сен экөөбүз эле канча маек өткөрдүк. Ал жөнүндө айтылбаган деле сөз калган жок. Анын өзүнүн деле айта турган сөзү калбаптыр. Айтчусунун баарын айтып бүттү. Кайталап да айтып бүттү. Анан сөз түгөнгөндө, айла кеткенде “жамандын бир өнөрү артык, жата калып ат үркүтөт” болуп, жанагындай, колдонулбай турган лексикадагы сөздөрдү колдонууга аргасыз болуп жатат. Эл деле анын колдоо таппай, истерикага түшүп, айласы куруп атканын көрүп турат. Эми бийлик деле, жалпы коомчулук деле анын деңгээлине түшүп “бок шыбашмайга” өтпөш керек. Мыйзам чегинде гана аракеттерди көрүү керек деп ойлойм.

– “Коррупция менен күрөшүмүш болуп саясый оппонентерди куугунтуктап, күнөөсү жок, биздин балдарды камап жатат, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовдорду бошотпосо Сооронбай Жээнбековду күзүндө кетиребиз” дегендерине кандай баа бересиз?

– Коррупция боюнча азыр, чоң кичинеси аралаш 300-400 адам камакта жатат. Эмне ошолордун баары Атамбаевдин “балдарыбы”? Ал тиги, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Икрамжан Илмиянов ж.б., төрт-беш эле кишини айтып жатпайбы. Анан анын шакирттеринен тышкары жүздөгөн уурулар кармалып атса кантип жасалма күрөш дегенге болот? Азыр Алмазбек Атамбаев аябай ачынып турат. Өткөн чак, өкүмзардык, өзүм билемдик заманы кайра кайтпасын көрүп-билип турса да моюндагысы келбей, безеленип жатат. Канча аракет кылса да, элден колдоо таба албады. Анткени эл деген эл. Эл калыс. Анын “7 жылдык ботко чалмайын” өз башынан кечирген эл кантип колдосун. Эч колдобойт. Тетирисинче табасы канып, “сооп эле болду, керек болсо камаш керек” дегендер басымдуу болуп атканын өзүңөр көрүп турасыңар.

Бирок ошого карабастан курулай далбастап, “Сооронбай Жээнбеков кетсин”- деп жатат. Анан ошо “Форумдун” алдына эптеп-септеп чогулткан 300-400 адамга эмне деши керек? “Жалындуу” сөз айтпасаң, күлдүрүп, кол чаптырбасаң кийин келбей койот дегенден да, артистенүүгө, жанагындай бок-сак аралаштырып сүйлөөгө мажбур да.

Айтор, азыр Алмазбек Атамбаев “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей жаны кашайып, ар кандай провакацияга даяр болуп турат. Коомчулук тарабынан колдоо тапканда эчак тополоң чыгарып, балээни баштамак. Азыр ал үчүн кандайдыр бир жаратылыштык чоң зилзала, же эл аралык, же улут аралык жаңжал сыяктуу, опуртаалдуу чоң ызы-чуу болуп, айтор саясый туруктуулук бузулса, анын былыктары экинчи планга кетип, эл башын таппай турганы пайдалуудай көрүнүүдө. Ошондуктан бул маселени көз жаздымда калтырбай, тыкыр байкоо салып, чектен чыгарбай мыйзам чегинде тизгиндеш керек.

Акыркы учурда, коомчулукта “экс-президентти камакка алыш керек” деген пикирлер басымдуу болуп баратканы байкалууда? Айрыкча кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы тууралуу көптөгөн фактылар ачылганы бул маселе катуу көтөрүлө баштады. Экс биринчи вице-премьер Шамиль Атахановдун тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылышы, Аида Салянованын камалышынан улам бул ишке экс-президенттин тикелей тиешеси бар экени ачыкталгандай эле болуп калды. Кандай ойлойсуз, Алмазбек Атамбаев камакка алынышы мүмкүнбү?

– Бул жашоодо баары мүмкүн. Дүйнөлүк тажырыйбада экстердин көбү жоопко тартылып жатат. Бийликтен кеткендердин түрмөгө отургузулуп жатышы, бийликте тургандарга сабак болот. Алар да кийин камалып кетпейин деп аракет кылышы үчүн керек. Алмазбек Атамбаевди бийликти узурпациялоо боюнча айыптап камакка алууну да сунуштап жатышат. Андыктан эртең ал камакка алынса таң калуунун деле кажети жок. Баардыгы мыйзам чегинде болушу кажет. Кунөөсү так далилденип, жакында өзгөртүү киргизилген экс-президенттерге тиешелүү мыйзам чегинде болушу керек. Антпесе “муну камагыла, тигини бошоткула” деген Атамбаевдин убагындагы беспределден эмне айырмасы калат?

Бирок элдин пикири, коомдук пикир менен да эсептешиш керек. А пикир деген өзгөрүп турат. Былтыр “Сооронбай Жээнбеков экс президент досуна чаң жугузбай калкалап жатат” деп айыптап жүргөнбүз. Бүгүн ушундай “камасын” дегендер эртең эмне дейбиз? “Тууй ата ит экен ээ (?), президент кылган эмени камап салды” дейбиз. Анан ошол сөз айтылат да калат. Мен бул сөзүм менен “камабаш керек” дегеним жок. Жоопкерчиликтүү мыйзам чегиндеги чечим болсун дегеним. Анткени кандай деген күндө да Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы болгон адам. Ошондуктан аны камакка алуу чечими кылдат ойлонулган, элге-журтка ынанымдуу, мыйзам чегиндеги чечим болушу керек. Балким аны камаганга караганда дарылаткан туура болоор?

– Аида Саляновага карата баш коргоо чарасын кароодо камакка алуу чечими кабыл алынды. Үй камагына койо берилбегенине нааразы болгондор менен бирге, аны, экс баш прокурор катары камакка алууда баш мыйзам бузулганын айтып жаткандар да бар. Ушу тууралуу кыскача пикир?

– Баш мыйзамдын туура же туура эмес колдонулушу боюнча кесипкөй юристтер ойлорун айтып жатышат. Анын баарын окуп да, угуп жатабыз. Алар менен талашып тигиники туура, муруку туура деп баа бербей эле коелу. Мен жанагы “кичинекей баласы бар адамды үй камагына чыгарыш керек болчу” деген маселе боюнча бир эки юрист менен баарлаштым. Кылсмыш-процессуалдык кодекс боюнча соттолгон, соттолгон мөөнөтү бүтө элек адам үчүн кайра башка кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы карала турган болсо камакка алуудан башка баш коргоо чарасы колдонулбасын окуп беришти. А Аида Салянова соттолуп, кызы 14 жашка чыкканча жаза өтөө мөөнөтү отсрочка берилгенин билесиңер.

Биздин өлкөдө азыр абдан чоң өзгөрүштөр болуп жатат. Мурдагы бийликтердин убагында жасалып, кыскартылып, жабылып калган жүздөгөн иштер кайрадан ачылды. Алардын резонанстууларын гана угуп-билип жатабыз. Укпаганыбыз канча? Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча баш прокурордун орун басары менен ошо кездеги атайын прокурор Аида Саляновага каршы көрсөтмө бергендиги белгилүү болду. Вице-премьер Шамиль Атаханов да тергөө менен кызматташууга макул болуп, үй камагына чыгарылды. “Ал Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен иш кылганын моюндап үй камагына чыкты” деген пикирлер айтылууда.

Эми Аида кандай кылат? Ал баарын өз мойнуна алабы, же ага да Атамбаев айткан болуп чыгабы? Бизде азырынча бул тууралуу маалымат жок. Аиданын айтпай, же айта албай жатканына караганда ал балким, тикелей буйрук албай, ага маселенин төркүнү үчүнчү тараптардын ишараты аркылуу түшүндүрүлгөндүр. Бирок кандай деген күндө да Аида Салянованын катыштыгы жок деп айтуу кыйынга туруп калды. Анын ошо кезинде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөздөрү өзүнө айгак болуп жатпайбы. Айтор кандай деген күндө да бул жөн маселе эмес…

– Айрымдар,“жиптин учу ачынып, токтоно албай, бийликке асылып жаткан экс-президентке алып бараарын туйган” президент Жээнбеков атайын тыкыр изилдөөнү талап кылган үчүн ушундай катуу кетип жатат дегендер да чыгууда. Сиз кандай ойлойсуз?

– Бул маселени президент Жээнбековдун оюну, каалосу катары көрсөткүсү келгендер бар. Эми алардын аракети суу кечпейт деп ойлойм. Себеби президент башында эле ачык айткан. “Мен тууган, дос деп карабайм, ким кылмышка аралашса ал жоопко тартылат” деген. Андыктан ал, экс президент болобу, кимиси болсо да жоопко тарткыла деп жатат деп ишенем. Анан да бул жерде Аиданы кылтакка илүү “вообще” максат эмес. Чооң кылмыш, чырмалышкан окуя. Катыштыгы барлар четинен бирин-бири тартып кетип жатат.

Бул жерде Жогорку Кеңештин депутаты, комитет жетекчиси, Түрмөлөрдүн башкармалыгынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин, ГСИНдин кызматкерлери түрмөнү текшерип барган жеринен өлтүрүлүп, дагы көптөгөн адамдар жаракат алып алат. Он алты адамды өлтүрүп, кыргыздардын кулагын кесип, буттарын арматура менен чаап сындырып кордогон чечен улутундагы кримтөбөл тууралуу кеп жүрүп жатат. Кыргыздардын кыжырын кайнаткан, унутулбай тураган резонанстуу окуя болуп атпайбы. Анан аны бүгүн Сооронбай Жээнбеков ачпаса, кийинки президент баары бир ачууга туура келчү иш да…

– Сөзүбүздүн акырында өткөндө катуу ызы-чуу жараткан “Азаттыктын” журналистик иликтөөсүнө токтоло кетсеңиз. 700 млн доллар сыртка чыгарылганы, “Райым-миллион” атка конгон бажы кызматынын мурунку орун басарынын атасы аттуу фондго милиондогон долларлар кайрымдуулук иретинде келип түшкөнү, фондго кайрымдуулук кылгандар жогорудагы ири каражаттарды сыртка чыгарып кеткендер менен катыштыгы бардыгы аныкталып жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы Сооронбай Жээнбековго карата “коррупцияга каршы күрөш тандалма – саясый опоненттерден өч алуу” деген дооматына да “Райым-миллионго” карата чара көрүлбөгөнү негизги аргумент катары бетке карманууда. Ушул чуулгандуу маселеге кыскача пикир билдире кетсеңиз?

– Бул маселе күндөп, түндөп талкууланып жатат. Кийинки санда кенен кесири талкуулайлы. Болбосо азыр муну түгөтө албайбыз. Азыр кыскача токтолсок… Алмазбек Атамбаев “ыштанына чычкан колун аябайт” болуп, Райимдин маселесин кайра кайра көтөрүп жатат. Себеби башка айласы жок. “Өзүм кошо күйүп кетсем да мейли, өч алсам болду” дегени. Ооба, “Райым-миллионго” карата Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун “текшергиле” деген тапшырмасы жыл айланса да аткарылбай жатканы бар. Азыр эми премьер-министр Абылгазиев дагы эки ирет Райымди текшерүүгө тапшырма берди. Эми көрөбүз, жыйынтык кандай болоорун?

“Азаттыктын” иликтөөлөрү боюнча чыккан талаш тартыш деле чоң акчанын ролун даана көрсөтүп койду. “Колунда талканы бар бала сүймөнчүктүү”- деп кыргыздар бекер айткан эмес экен. Саясатчылар, керек болсо журналисттер да бөлүнүп жарылып, акчалууга ыктап, корупцияны да колдогонго билек түрүнүшкөнү көрүнүп калды.

Бирок, кандай деген күндө да “уурунун арты кууш” деген бабалардын сөзү бар. Ошол сыртка кеткен акчалар, болуптур, келген товарларга – импортко төлөнгөн болсун. Бирок ал 700 млн. доллар ал бизге көрүнгөнү эле да. А көрүнбөгөнү канча? Ал акчалар расмий чыгарылбаган миллиардар болсо ошончо бажы төлөнбөгөн импорт казынаны кыйгап кай чөнтөккө кетип жатат. Импортко төлөм дегенге аралашып канча акчалар адалдандырылып сыртка ташылып жатат.

Бажычынын атасы аттуу фондго милиондогон акчалар кайрымдуулук иретинде, акча ташыгандар менен катнашы барлардан келип жатышы эле кайчы түрдө коррупциялык схеманы ачыктап жатат. Мамлекеттин канын соруп жаткан уюшкан кылмыштуу коррупциялык топтун – мите курттун жүзү ачылып жатат да. Азыркы бийлик бул иштин бетин ачпаса, Райымга окшогондор жаза албай, бийликтен колдоо тапкансып, соттон сотту утуп жүрсө жанагындай шекшинүүлөр улана берет. Бийликке болгон ишеним өлөт.

Менин оюмча Райымдын кесепети тиерин бийликтегилер сезип эле турат. Болбосо Райым өткөндө бүт элитаны чогултканда президент өзү барбаса да Атамбаевге окшоп жан жөөкөрлөрүн жөнөтмөк. Ал тойго иниси Асылбек Жээнбековдун барбаганы деле Жээнбековдордун “Райым-миллиондон” оолак болгулары келээрин, анын кесепети катуу тинрин сезип жатышканынан кабар бергенсип турат. Эми калганын кийин кенен-чонон талкуулайлык.

Маектешкен: Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *