Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “2010-жылкы көтөрүлүштүн көркүн чыгаргандар АШАнын жоруктарына тоюп, Жээнбековду колдоп жатышса, анда ал курман болгондордун энчисин тоногон Мискенбаев менен көтөрүлүш кылабы?”

– Сабыр байке,“жай башталды, күн ысыды”- деп кеткенден бери жоксуз. Бул жакта Алмазбек Атамбаев күн алыс концерт коюп атат, кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, президенттер жолугушуп атса талкууга катышпай, ой-пикир билдирбей кеттиңиз. Барсызбы? Окуялардан кабардарсызбы?

– Бармын, кабардармын. Азыр Кудайга шүгүр, интернет тоо-ташка чейин жеткен заман болбодубу, угуп аттык, көрүп аттык. Суроо салып, эфирге чакыргандар да болуп атты. Жайлоодо болуп эфирге чыга албадык. Көлдө болгондо чоло тийбеди, чоло тийсе, ноутбук калып кетиптир, телефондун клавиатурасынан жооп тергенден эриндик. Казакстандан коноктор келген, ошолор менен көлдү кыдырып…, айтор ошондой…

– Эми анда биринчи суроону Алмазбек Атамбаевдин Москвага жасаган сапарынан баштасак. Бул жакта ар түрдүү пикирлер айтылды. Атамбаевди мактап-жактап, -“кыйын экен, Владимир Путинден гарантия алганга жетишти, эми ага эч ким тийе албайт”- дешип, Сооронбай Жээнбековду алсыз, чечкинсиз президент катары сыпаттагандар да чыкты. Сиз кандай дейсиз?

– Бул туралуу көп пикирлер айтылды. Көз каранды экендигибизге чейин эстешип, руссофобдор орустан оолак болуу, ЕАЭСтен чыгуу темасына чейин сүйрөп барышты. Владимир Путин да айтты, Алмазбек Атамбаев да айтты, жалгыз Эле Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок. Президенттин “өзүңөр талдап алгыла, мына кызыңардын көзү”,- дегенсигени туура болду окшойт, акыры. Айтор андан башка баардык аралашкан тараптар бул сапарды ар кимиси өз пайдасына чыгаруу аракетин көрүшүп, пиарит этип жанталашып, болгон чеберчиликтерин соодалап, чебелектеп жатышты. Деле бул “иш сапар” тууралуу айтпаган киши калган жок окшойт. Талкуу катуу болду. Путин менен Атамбаевдин сөздөрүнүн эки ача чыкканы гана аз айтылып, аз талкууланганы болбосо башкасы жакшы эле айтылды.

Ал эми, атайын Алмазбек Атамбаевге жан тартып, “пиар” жасагандар ошентип аны мактап, бийликти жамандап жатышат. Бирок терең анализ жасаган серепчилер Владимир Путиндин кыска-нуска, так-даана айткан сөзүнө туура маани беришпеди: “-Кыргыз элине тынчтык қерек, жаңы президентти колдоп, анын айланасына биригип, туруктуулукту сактап, өнүгүү жолуна түшүшүңөрдү каалайбыз, биз тараптан буга чейинки макулдашылган проектилердин баарын ишке ашыруу аракеттери көрүлөт”,-деп ачык айтканы эле, эмнени билдирет? Мен Владимир Путиндин аракетин мисалы: “Эми тигиниңер ыйлактап, тынчыбай, ызы-чуу чыгарам деп атпайбы, анан, биринчиден мурунку жамандыр-жакшыдыр эмгегин эске алып, экинчиден тынчып калаар деген ниет менен чакырып сүйлөшүп койдум, айтчуну айттым, тыйылса тыйылаар, тыйылбаса да
ушуну менен бүттү, акыркы жолугушуу, мындан ары иш аракет, учурдагы расмий бийлик менен гана болот”,- дегендей эле түшүндүм. Эл менен сүйлөшсөм деле көпчүлүгү ошондой пикирде экенин байкап атам.

– Сиз жогоруда, Кремлдеги жолугушуу тууралуу Атамбаев менен Путиндин сүйлөгөндөрү эки ача болгонун, анан да ошол маселе аз талкууланганын айттыңыз. Ошол темага кайрылалы. Эмне үчүн Атамбаев Путинге кайчылаш пикир билдирип, “бүттү (!), Путинге айтылды, камактагы шакирттеримди бошотуп, партияма 2020-жылкы шайлоого катышууга шарт түзсүн” – дегенсиген ар нерселерди айтып, “богума куурай сая албайт” дегенсип жатат го? Путин болсо Сооронбай Шариповичти колдоорун элге ачык билдирип атат. Калкалагычы таарынып калат деп ойлобойбу?

– Алмазбек Атамбаев өзүнүн ойлонбогон кадамдары менен катуу кысымдарга кабылып, жайыты тарып бараткан адам. Жогорку Кеңеш аны экс-президенттик статусунан ажыратуу чечимин кабыл алганы ага аябагандай чоң сокку болду. Калп эле эрдемсип, мурдагысындай сүйлөгөнсүгөнү менен анын лексикону өзгөргөнүн байкабай коюу мүмкүн эмес. Коркуп, чочулап, сактанып сүйлөп калды, баягыдай богооздонуп, “айбан, каапыр, ж.б.” сөздөр менен маскаралаганын токтотту.

Анткени короосуна котологондордун көбү кызыкчылык үчүн келип кеткендер, тамак ичип, тыйын-тыпыр алганы келгендер болуп, алар таяныч катары жарабасын өзү жакшы эле сезип турат. Берки, жакында түзгөн “кеңеш” деген тизмесине киргендер деле 49-50 адамдан ашпай, анан кайра эле ошолорду “аткаруу комитет” дегенге тизмектешкенде эле булардын чама-чаркы чак экени, реалдуу колдоо жок экени көрүнүп калды.

Эми, 2005, 2010-жылкы элдик көтөрүлөшкө катышкан көй-кашка лидерлер, ошо кездердеги массовканын көркүн чыгарган митингчи көчө саясатчылары, белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, ушулардын баары негизинен Алмазбек Атамбаевдин жоруктарына тоюп бүтүп, ага каршы болуп атышса, андан дагы алардын көпчүлүгү Сооронбай Жээнбековду колдоп жатса, анан ал ким менен көтөрүлүшкө чыкмак эле?! 7-апрелде Ош базардан тачкасын таштай салып, аянтка келе калып, Атамбаевдин колтугуна кирип, курман болгондордун энчисин тоногон Мискенбаев менен көтөрүлүш кылабы?

Ошондой болгон үчүн ал, акыркы ресурсу катары Путинге жалдырап барып жатпайбы, “эбепке-себеп болуп, жардамы тийип калаар, калканычым, башымдагы кара булутту үйлөп кетирээр”,- деп ниеттенип. Бирок менин баамымда, менин эле эмес, көпчүлүк серепчилердин баамында Алмазбек Атамбаев өзү күткөндөй жыйынтыкка жете алган жок.

Алмаздын (АША) Орус тарап АКШ менен болгон тирешинде бекем туруп бергенин, “Манас” аба майданындагы “Ганси” аскердик базасын Кыргызстандан чыгарганын, негизи эле туруктуу өнөктөш болуп туруп бергенин сыйлагандыктан, “орустар ишенимдүү өнөктөштөрүн таштабайт”- деген эзелки ишенимди бузбоо үчүн гана Атамбаевди кабыл алып жатат. Ошону менен бирге эле Путин Атамбаевге чоо-жайды кенен кесири түшүндүрүп, ал, Алмаз канчалык кымбат болгондо да, баары бир, кыргыз элинин кызыкчылыгы бир адамдын кызыкчылыгынан жогору тураарын айтып, ошондуктан Орусия расмий бийликти колдоорун ачык билдирип жатпайбы.

Анан ойлогон оюу ишке ашпай, тилеги таш капкан Алмазбек Атамбаев эмне кылмак эле? Ал, бул Путин менен болгон акыркы жолугушуу экенин, түшүндү. Анан “болоору болгондон кийин, эмне десе ошо десин, акыркы жолу бир болушунча өз пайдама пиар жасап алайын” – дегени да. Ошон үчүн оозуна келгенди оттоп, калпты болушунча урдуруп, элдин башын айландырганга аракетенүүдө. Бирок, “кыздын сыры төркүнгө маалым дегендей, эл деле билип, түңүлүп бүтүптүр Атамбаевден.

-Эл ичинде ушул, мурдагы президенттин орус президентине барганын талкуулагандар кыргыз мамлекетинин илгеркидей эле көз каранды экенин, эгемендүүлүгүбүз сөз жүзүндө эле экенин айтышып, азыркы президентке да ушу мааниде сөз тийгизишип, “Путин кабыл алгандан кийин Сооронбай Жээнбеков эми Атамбаевге тиш сала албайт, ага тиешелүү кылмыш иштери жабылат, мурунтан камаш керек болчу, эми камай албайт, духу жетпейт”- деген сөздөрдү айтып жатышат. Сиз кандай дейсиз? 

– Алмазбек Атамбаевге тийешелүү иштер өз ырааты менен, укук коргоо органдары тарабынан жасалышы керек. Ошондой эле баратат. “Мурунтан камаш керек”- дегендердикиндей аракеттер болуп, Сооронбай Жээнбеков “камагыла” деп каматканда анда анын Атамбаевден кандай айырмасы калат эле? Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков туура эле позицияны карманып, Путин менен Атамбаевди комментарийлебей, өз ишин кылып, чек арада жүрөт, “мурунку президентти кармагыла”- деп, укук коргоо органдарын камчылаганын айта албайбыз. Ал эми укук коргоо органдары кандай иш алып барууда? Ал башка маселе, аларда али убакыт бар. Мыйзам чегинде иш алып бара алышпай кашаңдык кылса, ошондо камчыласа болот. Анда алмаштырыш да керек.

Экинчиден, “Путин кабыл алгандан кийин камай албайт” дегенге да кошула албайм. Анткени, Путин Батукаевдин иши боюнча калкалап калган күндө деле башка коррупциялык кылмыштары толтура болуп жатпайбы. Ал иштерди эч ким токтото албайт. Укук коргоо органдары ырааты менен бардык кылмыш иштери боюнча сурак жүргүзүп, иштер сотто каралышы керек. Бул иштерди жөндөн жөн токтотуп коюу кыйын. мүмкүн эмес. Сооронбай Жээнбековдун убагында бүтпөсө, андан кийинки бийлик учурунда каралат. Анткени коррупциялык кылмыштар үчүн “срок давности” алынып салынган. Экинчиден эл өнүгүш үчүн, экинчи мындай иштер кайталанбашы үчүн да бул иш аягына чыгыш керек. Эл карап турбайбы. Аягына чыгара албаса бул бийликке болгон ишеним өлөт.

Анан дагы эмне эле… Ии, эгемендик тууралуу. Биз кыргыздар, “тээ илгери 6-10-кылымдарда Улуу кыргыз каганатын курган элдин урпагыбыз”- деп аябай көкөлөгөндү жакшы көргөн элбиз. Манас ата менен мактанабыз. Коңшу боордош элдерге өйдөсүнүп, оозубузду көптүрүп мактанабыз, аларды киши катарына кошпой, кемсинтип сүйлөгөн кандаштарыбыз четтен чыгат. А биз, азыркы кыргыздар кимбиз? Ошо ата-бабалардын даңкы менен мактанганга татыктуубузбу? Андай кыйын болсок, эмне Чынгызхандын заманынан бери көз карандысыздыгыбызды калыбына келтире албай, ар кайсы хандыктын босогосунда сагаалап кор болуп жүрдүк. Эгемендикке эмненин аркасында жеттик? СССР ыдырабаса… Орус менен болгон үчүн эл катары сакталып, эгемендикке жеттик. 300 жыл Индияны колония кылып турган англосакстар 19-кылымда Орто Азияга, Кашкарга келип калган. Алар басканда Американын индеецтериндей болуп резервацияга камалып жатмакбыз, балким. Эң жакшы дегенде Оогандык кыргыздардай болмокпуз. Эгемендик түшүбүзгө да кирбей… Биз азыр мурдагыдай Орусиянын колониясы эмеспиз. Тең ата мамлекетпиз. Мына жакында эле Владимир Путин визит менен келип кетти, бүт протокол сакталды. Колонияга ошондой визит жасалабы? Бирок ошого карабастан бизде көз карандылык жок эмес. Бар. Бирок ал биздин менталитет, биздин “издержка”.

Ооба биз алигиче көз карандыбыз. Биз эле эмес, дүйнөдөгү мамлекеттердин баары бири бирине көз каранды. Миллиарддаган эли бар Индия да бирөөгө көз каранды. Мамлекеттердин дээрлик баары – АКШга, Кытайга, Орусияга көз каранды. Орустун акчасын алып, жасаган Мистральдарын саталбай АКШга күнкөр болуп, штраф төлөгөн Франция көз каранды. Мындайды айта берсек сөз бүтпөйт. Андыктан, биз бүгүнкү күндө жалгыз оруска эмес, көптөгөн мамлекеттерге, билими күчтүү, билеги күчтүүнүн көбүнө көз карандыбыз. Биз муну жашыра албайбыз. Аны анан бирөөлөрдү жамандоо, рейтингин түшүрүү үчүн да колдоно албайбыз. Себеби ал жалпы баарыбыздын кемчилигибиз, жалпы баарыбыздын, мамлекетибиздин алсыздыгы. Анан орусту боктоп, Афганистан кылгысы келген бир ууч келесоону ээрчип, шорубуз кайнабаш үчүн, акыл токтотуп иш кылышыбыз керек. Азыр Кыргызстан үчүн ЕАЭС алкагында интеграцияны күчөтүп, коомго демократиялык нормаларды бекемдеп орнотууга алтернатива жок.

Маектешкен: Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *