Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Атамбаевге окшоп эле, коррупция менен күрөшүп убара болбой, коррупциялык схемаларды көзөмөлгө алып, миллиарддарды калтага солоп жата бербейт беле?”

– Сабыр байке, өткөн жуманын аягында президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуусу болду. Ушу жолугушуу тууралуу коомчулук ичинде ар түркүн маанайдагы пикирлер айтылып жатат. Сиз бул жолугушууга кандай баа береер элеңиз?

– Ырахмаат, жакшы сурооңо… Эми ал жолугушууга өзүң катышып келдиң. Ичинен көрдүң. Ал тууралуу айтаарсың, жазаарсың. Биз сыртынан караган киши катары, коомчулуктун пикири тууралу өз оюбузду айталы. Негизинен президенттин ушундай бейформал жолугушууларды өткөрүп жатканы бул жакшы көрүнүш. “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң”- дегендей, эми бул, эл менен бирге болойун, эл менен тыгыз байланышта болойун деген эле аракет да.

Бул жолугушуулар салтка айланып, токтоп калбай улантылып келе жатканы өлкөдөгү саясый туруктуулуктун сакталышына чоң өбөлгө болууда десем жаңылышпасмын. Мурдагы президенттер оппонентерден качып, же кербезденип жолугушпай, аларга жалынып, суранып, жакалап жолугуша албай жүргөн кездер эсибизде… Алар ошентип жүрүп элден чыгып калышкан да…, андыктан Сооронбай Жээнбековдун бул аракети колдоого татыйт. Акылдуулук элди сыйлагандык, тарбия көргөндүк.

Ал эми, соцтармактардагы жактырбай, сындаган пикирлерди да окуп атабыз. Эми алар, көпчүлүгү кесипкөй оппоненттер. Коом ичинде алар басымдуу деп айтыш кыйын.

Бирок, көпчүлүк саясый туруктуулукка каниет кылып, ар ким, тынч өз оокаты менен алек болгону менен, коом ичинде, жаңы бийликке үмүт арткандардын шаабайы сууп, бийликке ичи чыкпай, нааразы боло баштагандарын катары да калыңдап бара жатканын байкабай коюу мүмкүн эмес.

Эми, эл деген ошондой экен, ар дайым жакшы жашоону эңсейт. Ар дайым, мамлекетибиз оңолсо, адилеттүүлүк орносо, экономика өнүгүп-өссө, турмуш-шартым жакшырса деп тилейт.

Анан күтүп-күтүп, күткөнү келбесе эмне кылсын, нааразы боло баштайт да. Учурда бийлик, адилеттүү болгонго чындап жан үрөп жатканын деле көрүп жатабыз. Коррупция менен катуу күрөш жүрүп, айыбы ачылгандарга да катуу чаралар көрүлүп атат. Тышкы саясаттагы алешемдиктердин баары жөнгө салынып, өнөктөштөр, коңшулар менен мамиле дагы жолго коюлду.

Бирок эмнегедир инвестициянын келиши солгундап, көзгө көрүнөөрлүк экономикалык өсүш жок, элдин турмуш шарты жакшырганы, жакырчылыктын азайганы, элдин жакшы жашоо издеп көрүнгөн жакка самсыганы токтогонсуганы байкалбай жатат.

Эмне кедерги болуп атат? Дагы кайсы жагынан кетирип атабыз? Ушу тууралу ойлонуп, терең анализ жасап чараларды көрүшүбүз керек (?), деген суроо өзүнөн өзү келип чыгып атат…

Балким, өкмөт тарабынан азыр жасалып жаткан аракеттердин жыйынтыгы кийинчерээк, дагы бир эки жылдан кийин көрүнө баштаар. Бирок эл аны түшүнгүсү келбейт экен. Колуңда сыйкырдуу таякчаң жок экенин урганы жок экен. Элге азыр, туптуура ушу жерден жыргал турмуш беришиң керек экен.

Ошондуктан, азыркы көрүлүп жаткан аракеттер жетишсизби (?), дагы эмне кылышыбыз, кандай аракеттерди көрүшүбүз керек (?), деп аракеттениш керек го? Ошону ойлонолу, жандын тынчтыгын карап жатып албайлы, дегин келет…

– Жолугушууда журналисттер президенттин бир туугандары жөнүндө жана үй-бүлөсү ишине кийлигешээр-кийлигишпеси тууралуу сурашты. Президент жообун берди. Негизи эле ушул тема, айрыкча экс-спикер иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу сөз ЖМКлардан түшпөй, кыргыз коомчулугунда катуу талкууланып келет. Ушу темага азыноолак кайрыла кетсеңиз. Сооронбай Жээнбековдун туугандары мамлекеттик иштерге аралашып жатат дегенге кандай карайсыз? Сиз кандай дейсиз?

– “Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет”- деген кеп бар эмеспи. Анын сынарындай биз “оозубуз күйүп” калган эл болдук. Акаевдин катын баласы, Бакиевдин баласы, бир туугандары, Атамбаевдин шоопур, жан сакчы, техничкалары аралашып, өз билгендерин кылып, шорубуз кайнап, көрбөгөн кордукту көрүп, итке минип, туш тарапка каңгыдык.

“Ушундай жашоодон көрө өлсөк дагы…”-деп көтөрүлүп, төңкөрүп да көрдүк. Болбоду. Ангектен качып, дөңгөккө кептелип аттык. Ошентип элдин ишеними өчтү. Эч кимге, эч нерсеге ишенбей калды. Эл азыр өзүнө өзү ишенбей темселеп турган кезибиз.

“Бу кыргыз, биз ушундайбыз, бизден элди ойлоочу эч ким чыкпайт, баары өз көмөчтөрүнө гана гүл тарткан акмактар, биз өнүкпөйбүз, өспөйбүз, жок болчу элбиз”- деген сыяктуу түшүнүктөр канга сиңип, жалпы элдик пассивдүү маанай көнүмүшкө айланып барат. Үмүт өчүп баратат.

Ушундай жагдайда канчалык чындыкты айтсаң да, канчалык эл үчүн ак эмгек кылсаң да ишендириш кыйын. Отуз жылга чамалуу тепселенип, кордолуп “реанимацияда жаткан ишенимди” бир заматта калыбына келтирүү мүмкүн эмес да. Бул ким президент болсо да кабыла турган жагдай.

Сооронбай Жээнбеков ушундай кырдаалга кептелди. Ошол үчүн ал канчалык ак иштебесин, баары бир сын көз, ишенбөөчүлүк менен кароо улана берет. Андай ишенбөөчүлүктүү ак эмгек, реалдуу турмуштун өзгөрүшү менен гана башка нукка бурууга болот. Бирок ошондо да ал толук жоюла турган дарт эмес. Кандай бийлик болбосун аны ар дайым сындагандар болот. Бирде көп, бирде аз болот. Эч бир бийлик болгон эмес, түбөлүктү ал сүйүүсүнө балкыган. Андай жомокто да жок.

Болбосо азыр Сооронбай Жээнбековду “өз көмөчүңө күл тартып жатасың, начар иштеп жатасың, туугандарың аралашып атат” деп айта албайбыз. Президент өзү, ошол жолугушууда айткандай, андайга негиз жок, далил жок.

Бул сөздөр атайылап, жаман көрсөтүү максатында Алмазбек Атамбаевдин жан-жөөкөрлөрү тарабынан ойлонуп чыгарылган жалаа экенин турмуш өзү далилдеди. Бул сөздөр былтыркы жолугушууда да айтылган.

Ошондо, “Асылбек Жээнбеков шаарда жашыруун штаб ачып алып, түнкүсүн элди кабыл алып, өз билгенин кылып атат”,- деген суроо берилгенде: “факты алып келгиле, сүрөтүн тартып келгилечи, чара көрөйүн”- дегени эсибизде. Андан бери мына жыл айланды бир да факты чыккан жок. А сөз уланып эле атат. Кайра жолугушуу болсо, кайра ошол суроо берилди. Кайра эле президент ошо сөзүн кайталап, “факты алып келгилечи”,- деп жатат.

Бул сөздөрдүн чыгышына Алмазбек Атамбаев кызыкдар болуп, атайылап каржылап жайылтып келген. Азыр анын камалышы менен акча таркатылбай калганына байланыштуу, анан дагы фактынын жоктугунан улам бул ушак мурдагыдай интенсивдүү жайылбай бас-бастап, жокко чыгып баратат. Уят болгонуна деле кайыл болгон Атамбаевдин бирин-экин фанаттарын эсептебегенде, бул ыплас иш менен алектенген башка эч ким деле калган жок.

Кыргыз эли эгемендик алгандан берки соңку жаңы тарыхыбызда көрбөгөндү көрдүк, кыйналдык, жакшы эле сабак алдык. Жыйынтык чыгара турган деңгээлге деле жеттик. Ошондой тагдырды эл менен бирге Сооронбай Жээнбеков да башынан кечирди, сабак алды.

Ошон үчүн, жанагынтип: “Мен дагы өз келечегимди ойлошум керек, кийин да мага суроолор жаралбагыдай иштешим кажет. Кол тийбестик болсо президент кезиңде каалаганыңды калчоого жол ачат. Менин да үй-бүлөм бар, менден кийин да бирөө келет. Эми мен да туура эмес иш жасасам, тиешелүү жазаны алам. Ошондо гана өлкөдө тартип болот”,- деген сөздөрдү айтып жатат да.

Анан биз эмнеге бул сөздөргө ишенбешибиз керек? Кандай негиз бар? Азыркы президентибиз: “Элим өнсүн, өссүн, адилеттүү бийлиги болсун, ошого салымымды кошойун, элим бакубат жашоого жетсе менин укум-тукумум да бакубат жашоодо жашайт”,- деп эмгектенип жатканы менимче ишенимдүү.

Болбосо бир мурунку президентти, мурунку эки премьер-министир, депутаттар, министрлер, губернаторлор, акимдер, прокурорлор, соттор, милиционерлер, нечендеген орун басарлар, баш аягы 200, 300дөй таасирдүү, кекчил, бай коррупционерлерди өзүнө душман күтүп, камап не азап?

Жеке керт башын ойлосо, коррупция менен күрөшүп не кылат? Башына балээ тилеп. Атамбаевге окшоп эле, коррупция менен күрөшүп убара болбой, коррупциялык схемаларды көзөмөлгө алып, миллиарддарды калтага солоп жата бербейт беле?

Көрдүңүздөрбү, “ууру-кески душман десе дей берсин (!), элим душман дебесе болду!”-деп атпайбы. Анан кантип ишенүүгө болбойт, да колдоого болбойт.

Биз келечегибизди ойлосок жапырт колдоого алып, пессимизмден арылып, менталитетибизди оңдоп, өнүгүү жолуна бирге аттанышыбыз керек.

Биздин ЖМКлар, айрыкча мамлекеттик каражатгар ушу, элдин ишенимин кайтаруу багытында катуу иштеши керектей. Коррупцияга каршы күрөш, бийликтин адилеттүүлүккө багытталган аракеттери, экономика багытында жасалып жаткан иштер тууралуу элге жеткиликтүү кылып тынымсыз чагылдырып туруулары кажет. Антпесе элдин ишенимин кайтаруу кыйын. А жалпы элдик ишенимсиз, жалпы элдин колдоосусуз өнүгүп-өсүү жолуна түшүү кыйын.

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *