Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Эй алкаш, кызматыңды өткөрүп бергенден кийин Эркиндик бульварында ээн эркин баскандай бол!” – деп жазгам. Өкүнүчтүү”

– Сабыр мырза, учурда коомчулук ичинде кызуу талкуу жаратып, элдин биримдигин ыдырата турган маселе регионализм, трайбализм темасы болуп жатат. Бул тема Алмазбек Атамбаевдин тарапташтыры тарабынан соцтармактарда, айрым ЖМКларда катуу көтөрүлүп, мамлекетибиздеги биримдикке шек келтирүүчү жагдай жаратып, коомчулуктун тынчын алууда. Ушул регионализм илдети кайдан чыгып атат, канчалык кооптуу, кантип арылабыз (?) деген суроолор үстүндө ой жүгүртсөк. Кандай дейсиз?

– Кандай демек элем. Туура маселени козгоп жатасың. Биз, кыргыздар бөлүнүп-жарылууну токтотпосок, эл болуудан калабыз. Улут катары калыптана албагандан кийин мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуубуз да күмөн болот. Ошондуктан болгон аракетибизди колдонуп элибиздин ынтымагын, биримдигин сактоого жан үрөшүбүз керек. Ошол арабызга жик салып, араздашууну күчөтүп, жек көрүүчүлүктүн үрөөнүн сээп аткан кутумдарды кой-ай деп, баарылап акылга чакырып токтотушубуз керек. Ашынып кеткендерди, кепке келбегендерди, акчага жалданып козуткуч болуп жүргөндөрдү коопсуздук кызматы ооздуктап тыйсын, тыйылбаганын камасын. Бул тикелей мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу маселе болуп атпайбы. Коопсуздук кызматы кайда карап отурат?

Соцтармактарда бетине “паранжа” жамынып, фейк болуп чыгып алып, элдин ынтымагына бүлүк салып, бөлүп-жарып, тукуруп жүргөндөр толуп кетти. Жалпы эл өзүн айткандай чочулап, үрпөйүп, үрөйү учуп турат. Коомдогу кайдыгер эмес жарандар соцтармактарда, ЖМКларда айтчу сездөрүн айтып, ынтымакка чакырып, тыйганга аракет жасап жатышат. Бирок регионалистердин тыйылчу түрү жок. Күчөп бараткандай. Аларга азгырылып, регионалдык көз караш менен бири-бирин жактырбай сүйлөө, жек көрүү да күчөп бараткандай. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде иш чараларды күчөтүп, ачык, жабык түрүндө эл бузуп аткан козуткучтарды кармап, мыйзам чегинде жоопко тартуу керек. Муну эл деле колдойт. Анткени жалпы журтубуз кыргыз элинин ынтымакта, биримдикте болушун гана каалайт.

– Эми бул регионализм илдети кайдан чыгып атат, эмне үчүн азыр күчөп кетти?

– Жаатташуу, жердешчилик бул байыртадан, таш доорунан келаткан “илдет”. Бүгүн биз илдет деп жаткан адат, байыркы заманда илдет эмес, жок болуудан сактап калуучу бирден бир айла-амал да болгондур. Биригип коргоно албагандар жок болуп кеткен да. Ошондуктан, кырдын ары жагынлагылардан, же башка үңкүрдөгүлөрдөн жердин бетин кызгануу менен кароо улутуна карабай, ар бир адамда инстинкт түрүндө сакталган десек да болот. Бул баарыбызда бар. Толлеранттулугу ашып ташыган демократиялуу батыштыктарда да бар. Коншуларыбыз казактар улуу жүз, кичүү жүз, орто жүз деп, өзбектер болсо биз сыяктуу региондошуп бөлүнүшөт. Бирок алар бытовой, ашкана деңгээлинде… Аларда эл башындагы адамдар мындай регион аралык араздашууну жаратуучу сөздөрдү оозго алышпайт. Ичтеринде болсо-болгондур, бирок сыртка чыгаруу, элди бөлүп-жарууга батынышпайт. Элинен коркушат. Анткени жалпы элдин каалоосу, “элибиздин биримдиги, мамлекетибиздин бекемдиги баарынан жогору”- деген түшүнүк бар. Ошондой жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын баалап, кокту-колоттун кызыкчылыгынан жогору койо алган деңгээлге жетип, биригип, бир болгондо гана улут катары бышып жетилип, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап кала алабыз. Анте албасак, аркы коктудагылар аркы коңшуга, берки коктудагылар бул коңшуга жем болуп, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз.

Биз кыргыздар түндүк-түштүк болуп бөлүнүп-жарылып, бири-бирибизди жактырбай, жамандагандан тажабайбыз. “Бир ууч элбиз, бөлүнбөйлү”- деп коёбуз да, кайра эле бири-бирибизди боктоп, шыбай беребиз. Жалаң түндүк же түштүктүктөр калса деле ошол, суунун аркы өйүзү, берки өйүзү болуп, кокту-колот болуп бөлүнүп жарылмай. Ушу адатыбыз калбады.

Жол жок, чоң жоо аралап кол салып, басып алуусунан Ала-тоо сактап, арасында кокту-кокту болуп ич ара чабышып, өз алдынча мамлекет куруу тажрыйбабыз жок, ар кайсы хандыктарга кор болгон заман артта калды.

ХХ-кылымдын аягында кыргыздын багы жанып, Ала-тоо койнунда алгачкы жолу кыргыз мамлекети пайда болуп атса, бүгүн ошол жаш мамлекеттин пайдубалын түптөп алчу, ошол мамлекетке ээ болучу кыргыз деген улут жок болуп, эл боло албай, түндүк-түштүк болуп, уруу-уруу болуп, уруу-уруу эмес, үйүр-үйүр болуп жиктешип атабыз. Ушинтип отурсак мамлекеттүүлүгүбүздү сактай алабызбы? Кантип тыйылабыз? Ким тыйат? Тыйылбасак шорлойбуз да. Ошого мээбиз жетпейт…

Мисалы жанагы фейсбуктагы – “Оштуктарды уруп, үйлөрүн өрттөгүлө” деген акмактар үстөмдүк кылып, “оюндан от чыкса” кимге жакшы? Бизге эки ирет Бишкек, Оштун өрттөнгөнү аздык кылып атабы? Бир топ жылга токтобогон граждандык согуш баштап алып, шорубуз кайнап жүрбөсүн? Тажиктер эмне болду? Кырылып кала жаздап барып араң калышты го? Эсибиз барда этегибизди жаппайлыбы?

– Сиз жогоруда, коңшуларда да регионализм бардыгын айтып келип, “бирок алардын эл башындагы адамдары андай бөлүп-жара турган сөздөрдү айтуудан тартынат” деген маанидеги ойду айттыңыз. Мен ушу жерден салыштырма иретинде айта  турган болсом, биздеги, учурдагы регионализм, трайбализм темасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аракеттеринен улам күчөп кеткендей болгон жокпу?

– Ошондон күчөдү. Ошол күчөттү. Ошол жалдады, тукурду. Аны сен экөөбүз айтпасак деле эл көрүп турат. Эл айтып атат.

Баягы: “Утопающий хватается за соломинку” деген орустардын макалындай болду. Соломинкасы -“После меня хоть потоп? деп, эл-журттун тынчтыгын бузуп, бүлүк салууну көздөп, андан-мындан азгырылып келгендерге уурдалган акчасын чачып, бука сойуп, күндө аш басып, танцы уюштуруп, “Кой-таш” республикасы дегенге чейин жетти го. Анан токтотпосо каякка чейин кетет эле, ким билет?

Курманбек Бакиев да “түштүктү өзүнчө бөлүп алып отура берем” деген. Ошентмек, эгерде оштуктар кууп чыкпаса. Мына бу сапар да чүйлүктөр Атамбаевден мыйзамды, мамлекеттүүлүктү жогору койду. Кең Чүй менен жалпы Кыргызстандан соодаланып, акчага сатылып келген жексурундардын саны миң адамдан ашкан жок. Бул да болсо, мурунку эки тополоңдон алган тажырыйбанын жыйынтыгы. Элдин көзү ачылып, жакшы менен жаманды ылгап калгандагысы…

Ошон үчүн: “Бийликти өткөрүп бердим, көрдүңөрбү!”- деп элди “жинди” кылып коюп, Кой-Ташта жатып алып, баштагыдай эле чалмакейди чалып, казынаны каалагандай калчай берем, өзүмчө бир “кыргызский Аятолло Хомейини” болом”,- деген тилеги ишке ашпады. Сооронбай Жээнбеков да андайга жол берген жок. Эмне, Атамбаевдин мафиясына Кыргызстанды каалагандай тоногонун улантууга жол берип, марионеткага айланып калса бизге, кыргызга жакшы болот беле?

Президент болуп тактыга отургандан кийин, маалыматы кеңейип, чоо-жайды түшүнгөндөн кийин, “кой болбойт!” деп коррупционерлерди колго чаап четинен камап жатса – кантип колдоого албайсың.

Так ошол үчүн Алмазбек Атамбаевди колдогондордун саны арбыган жок. Анткени анын, анын командасынын уурулугу, элди тоногону, карызга батырганы элге белгилүү болуп калды.

– Бирок ошентсе да, коомдук пикир өзгөргөнү, бийликти мурдагыдай ураалап колдогондор азайганын байкабай коюу мүмкүн эместей. Ушу регионалдык фактор… Алмазбек Атамбаев түндүктүк, Сооронбай Жээнбеков түштүктүк деген үчун эле бири-бирибизди жек көрүп бийликтин рейтингин кулатып жатабызбы?

– Ооба бийликтин кадыры мурдагыдай, Сооронбай Жээнбеков тактыга отурган биринчи жылдагыдай эмес. Рейтинг түшүп баратканы чын. Рейтинг ошондой калкыйт, бир орунда турбайт, бирде ылдый, бирде өйдө… Катастрофиялык деңгээлде төмөндөшүнө жол бербеш керек. Эми эки жыл өттү.

Бирок бийликтин рейтингинин төмөндөп жатышына регион аралык жек көрүүчүлүктү козутуунун гана кесепети, б.а. Атамбаевдин, анын колдоочуларынын аракеттери гана таасир берди деш каталык болот. Албетте регионалдык фактордун да таасири болду. Бирок менин оюмда, эл ичинде, ансыз деле, -“эки жыл өттү эч өзгөрүү, өсүп-өнүгүү байкалбайт” деген нааразычылыктар айтыла баштаган болчу. Андыктан рейтингге – социалдык-экономикалык абалдын жакшы жакка жылышы жоктугу, көзгө басаарлык, чечкиндүү реформалардын жоктугу негизги себеп болду, Атамбаевчилер да ошо социалдык-экономикалык абалга басым жасап, аны да жетишсиз экенин сезишип, регионализмди катализатор катары кошуу аракетин жасашты десем жаңылбасам керек.

Бирок ошого карабастан, Сооронбай Жээнбековду колдогондордун катмары калың болгон үчүн, жанагынтип, акча таратып, регионалистик, трайбалистик ураандарды көтөрүп, бөлүп-жарууга кылган аракеттерге карабай, элдин бийликти колдоосу кескин суюлуп кеткен жок.

Ошон үчүн, “акчаны чачып болсо да элди экиге бөлүп, кагылыштырып, канга бөлөсөм да бийликти кулатып, дагы бир өз марионеткамды койуп алам, менин пландарымды ойрон кылган Сооронбай Жээнбековду жайлайм!”- деген пландары ишке ашпай, тилеги таш капты да.

– Сабыр мырза, сиз убагында көп жылдар бою Алмазбек Атамбаев менен кызматташып, бирге жүргөнсүз. Азыр мурдагы президентти тепкилебеген киши жок. Сиз а киши президенттик тактыга отуртанда “эй алкаш…” деп жазганынңыз бар.., кызматта жүргөндө сындап жүрдүңүз. Азыр эми а киши камакта жатканда кандай сезимдерге туш болдунуз?

– Мен табалагандан алысмын. Керек болсо боорум деле ооруп турат. Анда экс-президент катары тынч, төрдө, ардактуу жашоосун улантуу мүмкүнчүлүгү бар богон да. Мен чын ниетимден анын акыл калчап, токтолуп калышын каалап турдум. Тилекке каршы, токтоно албай, өзүнө өзү кылып, тупикке тыгылып албадыб.

Анан жанагы сен айткан “эй алкаш…” тууралуу. Мен учурдан пайдаланып тактай кетейин… Ал сөз “Учур” гезитине чыккан. Атамбаевдин президенттигинин алгачкы жылы болсо керек…

“Эй алкаш” деп мен тикелей айткан эмесмин. Ал жерде мен: -“кийин эл, эй алкаш, сен эмнени кыйратып койдуң”- деп айтпагыдай болуп иштеп, “кызматыңды өткөрүп бергенден кийин Эркиндик булварында ээн эркин баскандай бол!”- деп жазгам. Тилекке каршы андай тагдыр буйруган жок. Кудай акылдан адаштырды деген эле ойдо калдым. Бул тагдыр жалпы баарыбызга сабак болушу керек.

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *