Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Элдин колдоосунан ажырап, айласы куруган Атамбаев үчүн бул мыйзам жакшы шылтоо болду!”

– Сабыр байке көптөн бери кабарлашпай кеттиңиз. Коомубуз удургуп, экс вице-премьерлер, экс-министрлер камалып, министрлер, чоң аткаминерлер отставкага кетип, депутаттар туугандык-кландык маселелерге байланыштуу комиссия түзүшүп, “өкмөт отставкага кетет-кетпейт” болуп ызы-чуу түшүп атсак жоксуз. Кайдасыз деги, барсызбы?

– Орозодо араздашуу азайып, кечиришүү, кайрымдуулук болуп, ызы-чуу, акыйнек азайат дегенинен эле тынчыраак турайын деп жаткам. Бирок, сен айткандай, биздин эл орозого деле карабай чатактар көбөйүп кетти. Туура, бул маселелерге кайрылып, талкуу кылып, элге чечмелеп бергенге аракет кылышыбыз керек. Ошон үчүн келдим, мен да чыдабай…

– Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда бошотулуп Кыргызстандан чыгып кеткендиги боюнча маселе кайрадан көтөрүлүп, ал кездеги вице-премьер Шамил Атаханов камак алынды, экс-министр Сагынбаева камалып, анан кайра үй камагына чыгарылды. Дагы бир топ тиешеси бар кызматкерлер камалып, суралып жатышат. КСДП фракциясынын депутаты Карамушкина бул иштин кайрадан жанданышы боюнча: “Батукаевге байланыштуу ишти атайылап, Алмазбек Атамбаевге каршы, ага кысым жасаш үчүн көтөрүп жатышат”- деген ойду айтса, аны экс-президенттин колдоочулары кайталап, элге жайылтууга аракеттенишүүдө. Сиз кандай дейсиз?

– Эл ичинде “Атамбаев болбосо Батукаев бошотулмак эмес” деген пикир басымдуу. Бул ошо кезде, ал түрмөдөн бошотулганда эле айтылган. Андан кийин бул иш депутаттык комиссиялардын аракеттерине карабай басылып калбадыбы. Эл ошондо эле – “Атамбаевдин тиешеси болгон үчүн жабылды”,- деп, өз бүтүмун чыгарып койгон.

Коомчүлук бул теманы тынымсыз көтөрүп, мыйзамсыз иштин бети ачылышын, тиешеси барлар жазаланышын талап кылып жатпайбы. Андыктан бул иш эртеби кечпи баары бир кайра карала турган маселе болчу. Сооронбай Жээнбековдун убагында каралбай калса, андан кийинки бийлик келгенде каралмак.

Коомчулук да бекеринен тынымсыз талап кылып аткан жок. Анткени биздин мамлекеттин беделине, элибиздин ар-намысына шек келтирген окуя болуп атпайбы. Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаты, кылмыштуулук боюнча комитеттин төрагасы, түрмөлөрдү башкарган өкмөттүк уюмдун жетекчиси (ГСИН), ЖКнын апаратынын кызматкерлери, ГСИНдин кызматкерлери өлтүрүлүп, дагы бир топ кызматкерлер жарадар болуп атат.

Түрмөлөрдү кыдырып, текшерип барган мамкызматкерлерге кол салууну Азиз Батукаев уюштуруп, ок атуучу куралдар менен атышып атпайбы. Андан тышкары ал чечен улутундагы кримавторитеттин түрмөдө кылган беспределдери, кыргыздардын кулагын кесип, арматура менен буттарын сындырганы коомчулукка кенен жайылып, элдин кыжырын келтирип атса бул иш кантип унутулат?

Ирина Карамушкинанын айтканынын бир жагы гана туура, бул иш Атамбаевге тикелей тиет. Бирок “атайылап экс президентти кысыш үчүн көтөрүп жатат” деген туура эмес. Себеби биринчиден бул ишти коом унуткан эмес, экинчиден таптакыр бас-бас кылып унутулуп кала турган иш эмес да.

Айрым саясат талдоочулар саясый айдыңдагы окуяларды экс менен жаңы президенттин гана кармашындай, элдин эч кандай тиешеси жок, жөн эле бир спектакль көрүүчүлөрдөй сыпаттап жатышат. Как будто, экс-президентке Сооронбай Жээнбековдун гана доосу бардай? Менин оюмча андай эмес. Тетирисинче биздин коомчулук, айрыкча убагында запкы жеген көптөгөн жарандарыбыз адилеттүүлүктү катуу талап кылып, резонанстуу иштердин бетин ачылышын, күнөөлүлөрдүн жоопкерчиликке тартылышын күтүп жатышат. “Ишти маалкатып, чечкинсиздик кылып жатат”- деп президентке нааразы болгондор да жетиштүү.

Андыктан Сооронбай Жээнбековго бул ишти атайылап көтөрүүнүн кажети деле жок. Эл көтөрүп аткан маселелерге укук коргоо органдарынын мыйзам чегинде иш алпаруусун камсыз кылып берсе болгону. Анүстүнө, экс-президент да тынч жатпай, элди козутуу, тополоң чыгаруу аракеттерин көрүп, жинге тийип алды. Андыктан Карамушкина -“Сооронбай Шарипович баштагыдай эски досун коргобой калды, ошон үчүн экс президентке тиешеси бар резонанстуу иштер кайтадан жанданууда”- десе чындыкка дал келмек.

– Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагалыгынан кеткендигин, партияда мүчөлүгүн да убактылуу токтоткондугун жарыя кылды. Мындай аракеттерге баруусун экс-президенттин кол тийбестигине тиешелүү мыйзамдын кабыл алынышы менен байланыштуу дегендерге кандай карайсыз?

– Экс-президенттин статусуна байланыштуу өзгөртүүлгөн мыйзам боюнча саясатка кайрадан аралашып, партия жетектеп, шайлоого катышууну көздөгөн мурунку президенттер кол тийбестиктен, мамлекеттик привелегиялардан кол жууйт, катардагы жарандардай жоопкерчиликте болуп, саясый ишмердигин улантат.

Дүйнөлүк практикада мындай тажырыйбалар бар экенине карабай, бул мыйзам, кандайдыр бир деңгээлде, “чектен чыккан кадамдарга барып, коомго бүлгүн салып, саясый туруктуулукту бузуудан кайра тартпачудай болуп аткан экс-президентти ооздуктоо үчүн кабыл алынды”,- дегенге негиз берген мыйзам болуп калгандай. Андыктан кийин, заман өзгөргөндө бул мыйзам кайрадан өзгөртүлөт деп ойлойм.

Менимче бул мыйзам экс-президенттин келечек иш пландарына кедерги деле болгон жок. Катардагы карапайым көпчүлүктү түзгөн партиялаштары Атамбаевден жүзүн үйрүп, өз алдынча кеткенден кийин, айланасында калган бир ууч колдоочулары менен калды. Эл тарабынан анын демилгелери колдоого алынбай, массовка чогулта албай, түрмөдөгү шериктештеринен чочулагандан гана курулай ызырынуу менен алектенип, айласы куруп, аракеттери эч кандай перспективасыз экенине көзү жетип турган Алмазбек Атамбаев үчүн бул мыйзам, тетирисинче жакшы шылтоо болду. Оюндан чыгып кеткенге. Бул эми, кандай дегенде да артка чегинүү. Бийликте тургандагы былыктары, резонанстуу иштер башына тийээри ачык көз алдына тартыла түштү окшойт. Кыскасы көчүктү кысуу.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *