Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Канчалык ар тараптуу айтышпасын – милицияга карата жалпы элдин ишеними жогору жана сылык болушу кажет”

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында ИИМдин министри, милициянын генералы Кашкар Жунушалиевдин жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөру менен жолугушуусу болуп, милиция кызматкерлеринин оор жана күрдөөлдүү озуйпасын чагылдырып, милиция менен элдин ортосундагы ишенимди күчөтүүгө, түшүнбөстүктөрдү жоюуга салымын кошкон журналисттерге сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлангандардын арасынан белгилүү коомдук ишмер, саясат талдоочу Сабыр Муканбетовду жолуктуруп, маек курдук.

– Саламатсызбы Сабыр байке, сыйлык кут болсун!

– Рахмат Кубаныч! Учурдан пайдаланып, Ички иштер кызматкерлерин, өзүңдү да, жалпы эле элибизди ушу 95 жылдык маараке менен куттуктайм!

– Элибизди да маараке менен куттуктаганыңызга кошулам. Бирок коом ичинде милиция тууралуу ар кандай пикирлер бар. Сындап, жамандап, элге каршы коюу аракеттерин байкап жүрсөңүз керек?

– Ооба, андайлар бар. Бирок ошого карабастан, мен баары бир бул мааракени жалпы элдик деп эсептейм жана элибизди милиция менен бирге, дагы бир ирет куттуктайм!

Совет доорунан бери келаткан, “моя милиция меня бережет!” деген кеп бар эмеспи. Андыктан, кандай айтсак да милиция элдики. Армия, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары сыяктуу эле элге, элдин тынчтыгы, бейпилдиги, саламаттыгы үчүн кызмат кылат. Эл деген мамлекетти курайт. А мамлекет деген милициясыз болбойт да.

Куба сенин айтканың туура, ошондой кыжынган, милицияны жек көргөндөр да бар. Бирок алар аз. Андайлар негизинен, кылмышкерлер, алардын идеясын билип-билбей колдоп жүргөндөр, анан акыл-эси толук жетиле элек жаштардын арасында бар. Ал эми негизги калк жалпы жонунан милиция керек экенин түшүнөт.

Азыр мисалы, “милициянын кереги жок, жоюлсун!” деген эч ким жок да. Анткени баарыбыз билебиз – миллициясыз хаос башталат.

– Биздин милициядагы кемчиликтерди, жетишсиздиктерди тажырыйба аздыгынан, каражат тартыштыгынан көргөндөр да бар. Буга кандай дейсиз?

– “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген макал бар эмеспи. Анын сынарындай жокчулук ар дайым кендирди кесет. Бүгүнкү алешемдиктердин көбүнө ушу материалдык жетишпестиктердин тикелей тиешеси бар экенин танууга болбойт.

Ал эми тажрыйба маселесине келсек… Адистердин кесипкөйлүгү, тажрыйбасын өзүнчө, анан, жалпы эле институционалдык тажрыйба маселесин өзүнчө караш керек деп ойлойм. Менимче бизде адистердин кесипкөйлүгү боюнча маселе жок. Биздин оперлер акылы жагынан да, күч жагынан да эч кимден кем калышпайт. Ал эми мамлекет куруу, бийлик институттарын түптөө жагынан бизде тажрыйба аздык кылат дегениңе макулмун.

Биздин көз карандысыздыкка жетип, мамлекет түптөгөнүбүз чейрек кылымдан жаңы ашты. Кыргыздарда мамлекеттүүлүк тууралуу тарыхый тажрыйба жок болгондуктан, баягы “өлүп көрүптүрсүңбү” дегендегидей кыйналып, там-туң басып, эптеп-септеп, торолуп келе жаткандайбыз.

Ушундай, мамлекеттик тарыхый тажрыйба тууралуу сөздөр айтылганда көбүбүз, “- тажрыйба бар”- деп, 7-9-кылымдардагы Кыргыз каганатын бетке кармайбыз. Кеп чынында ал миң жыл мурдагы каганаттын мамлекеттүүлүк тууралуу традицияларынан бизге эмнеси келип жетти? Эчтеке калган жок да. Анан да ал каганат тээ Саян-алтайда, Сибирде, түндүктө болуптур. Орто Азияда, тарыхта биринчи ирет, ушу биздин заманда, биздин багыбызга, ХХ-кылымдын аягында Кыргыз мамлекети түптөлүп атпайбы.

Биз байыркыдан калган нарк-насилге чала-була таянгансыганыбыз менен, негизинен азыркы замандагы, заманбап мамлекеттердин салттарына таянуу менен, демократиялык багытта, укуктук мамлекет курууга аракеттенип келе жатабыз.

Азыркы учурда, биздин жаш мамлекетибиздин баардык органдары жаңыдан телчигип, баардыгында катачылыктар кетирилип, жалгыз милиция эмес, баардык органдар катуу сындарга кабылып жаткан учур.

– Ошентсе да, ЖМКларга жарыяланган сын пикирлердин арасында милиция менен элди бөлүп, бири-бирине карама каршы коюу, жек көргөзүү аракеттери байкалат. Милиция десе эле, кандайдыр бир чоочундардай, же бир, жат жактын аскериндей көрүп жамандап, элдин жек көрүүсүн туудуруну көздөгөндөрдун максаты эмне? Андай аракеттерден кандай жыйынтык чыгышы мүмкүн?

– Мен жогоруда айттым, кылмыш дүйнөсүнүн, ага жакындардын ошондой жаманатылоо аракеттери бар. Анан дагы, мынабу 2005,2010-жылдары эл нааразычылыгы чегине чыгып, бийликке каршы көтөрүлгөндө Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да өз кара баштарын сактоо максатында милицияны элге каршы коюп, жаман абалга кептешип, катуу жарака кеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен эл баарын ылгап алды. Милицияны бийлик “подставить” эткендери билинди. Акыры ИИМдин аброю калыбына келип, өз озуйпасын аткарууда.

Эми кылмыш кылсаң, анан милиция айыбыңды ачып камалсаң анан милицияны жакшы көрмөк белең. Бирок, канчалык душман кылгылары келсе да, милицияга каршы жалпы элдин жек көрүүсүн туудура алышпайт, алардын тилеги орундалбайт..

Анткени милиционерлер асмандан түшкөн жок, алар ошол элдин ичинен чыгып, ошол эл түптөгөн мамлекеттин баш мыйзамынын негизинде элге, мамлекетке кызмат кыла турган эң керектүү, өтө маанилүү, ансыз болбой турган, органдын арабасын тартып жатышат. Ар бир милиционер ал бирибиздин балабыз, бирибиздин атабыз, бирибиздин жездебиз же күйөө балабыз, инибиз, агабыз, таякебиз, жээнибиз, бөлөбүз, досубуз, классташыбыз, кошунабыз ж.б. Андыктан милицияны бүт бойдон жалпы элге жек көрүндү кылууга болбойт. Азыр эл караңгы эмес. Биз ал этаптан өтүп кеттик.

Эми, милицияны кыздын баласындай кылып мактайын деген деле жерим жок. Биздин элибизди курутчудай болуп аткан коррупция, мыйзам бузуучулук, кылмышкерлер менен шыбагалаш болуу сьыктуу көрүнүштөрдөн милиция да куру эмес.

“Кой аксагы менен миң” дегендей, милициянын курамы биздин элибиздин эле күзгүдөгү көрүнүшү деп аткандан кийин андай терс көрүнүштөрдөн куру болушу да мүмкүн эмес. “Бир кумалак бир карын майды чиритет” дегендей ИИМ тууралуу жаман пикирлердин калыптанышына ошол “ичтен чыккан ийри жыландар” себеп болуп жатат.

Тазалануу керек. Ошону менен бирге милиционерлердин жашоо шартына да көңүл бурулушу керек. Жеткиликтүү маяна албай, үй-бүлөсү ач отурса, астында мингени тың, шаймандары зыңк болбосо кантип ал милиционерден кылмышкерлер менен күрөштө алгылыктуу жетишкендиктерди күтсөк болот? ИИМдин материалдык техникалык базасын чыңдамайын кылмыштуулукту кескин азайтабыз деп далбастоо эч жыйынтык бербейт. Муну мамлекеттик бийлик, өкмөт ойлонуп ошолор чече турган маселе.

– Сиз жогоруда 2005,2010-жылдардагы элдик көтөрүлүш тууралуу эскердиңиз. Ошол эки окуяга тең тикелөй катыштыгыңыз бар. Ошол убактагы элдин милицияга болгон мамилеси, көз карашы, деги эле ошо кездеги атмосфера тууралуу айта кетсеңиз. Кандай абал жаралган, ошо кезде?

– Эл менен милиция кагылышып, согушуп, эки тараптан тең жабыркагандар болуп атса абал кандай болсун. Өзүң деле билесиң, абал абдан оор болчу. Эки ирет тең милиция эки ортодо кыйын кырдаалга кептелди.

Элге жек көрүндү болгон бийлигин сактап калгысы келген Аскар Акаев дагы, Курманбек Бакиев дагы элден коргонуу үчүн милицияны калкан кылып алдына салды. Милиция коргоду. Анткени мыйзам чегинде да ошондой, милиция тартипти сакташ керек, режимдүү объектилерди, бийликти коргошу керек.

Бирок кыжырданган эл менен кагылышуу болгондон кийин мыйзамды ким карасын. Эч ким караган жок. Баарыбыз милицияны күнөөлөп, кодулап, кол жеткен жерден кордоп жаттык. Уруп-согуп, өлтүрүп жаткандар да болду.

Алар, милиционерлер – күнөөсүз күнөөлү болгондоруна жаман капа болушуп, мыйзамдуу аракеттерине карабай, акыйкатсыз басмырлангандарына жандары кашайып турду. Таарынганга чындыгында акылары бар болчу.

Ошентип бийлик качты. Милиция деморализация болуп, милдеттерин аткарбай тарап, басып кетти. Хаос башталып, кылмыштуу элементтер, мародерлор авансценага чыкты. Шаар өрттөнүп, тонолуп, “беспредел” башталды.

Ошондо милициянын баркын билдик. Кайрылдык го кайра, чакырдык го жалдырап. “Кечтим байдын кызынан” деп кетишсе кантет элек? Антишкен жок!

Ошол жүрөккө жеткен кемсинтүүнү мындай коюп, баш учтарын жыйып кайрадан чыгып, тартипти калыбына келтирип, кырдаалды көзөмөлгө алып беришти го. Бөлөк болсо, чоочун болсо ошентишет беле? Элдин милициясы экенин, элдин ичинен чыккандыгын, элден айрыгыс орган экенин биздин милиция ошентип далилдеген.

Биз ошондо, 2005-жылдын 24-мартынын эртесинде милиционерлерге барып, “болоор иш болду, силерде айып жок, силерди чокко салышты, эл менен болгула, мамлекетиңерди ойлогула, эл дагы, мамлекет дагы силердики” деген чакырыктар менен чыгып, милицияга каршы буркан-шарканы токтобой аткандарга да барып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз.

2010-жылдын 7-апрелинин эртесинде да милициянын арасында, негизинен Бишкек ГУВДда болдук. ЖМКлар аркылуу кайрылууларды жасап, милицияны колдоп, элди ынтымакка чакырдык. “Восток-5” кичи районундагы кафелердин биринде каза болгон милиционерлерге куран окутуу зыйнатына чейин барып, моралдык колдоо көрсөтүп, жүрөктөн чыккан сөздөрүбүздү айттык.

Ошондон улам көптөгөн милиция кызматкерлери менен тааныштык, достук мамилелерибиз пайда болду. Негизинен эле салыштырмалуу түрдө Орусия менен Казакстандын милицияларына караганда биздин милиционер балдардын адамкерчилиги абдан жогору.

– “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, 2019-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлду. 2020-жылдын январынан баштап 20°/одан 40%га чейин маяна жогорулаары, турак жайга ижара акы төлөмдөрү компенсацияланаары, жаракат, мертинүүлөргө төлөмдөр, ИИМдин ардагерлеринин пенсиялары көтөрүлөөрү айтылууда. Ушул мыйзамда каралып жаткан чаралар тууралуу кандай ой айта аласыз. Ушул материалдык колдоолордун таасири канча болот? Жетиштүү десек болобу?

– Артынан баштайын. Албетте жетиштүү деп айта албайбыз. Азыркы маянаны бери дегенде үч-төрт эсе көтөрсөк гана милиционерлердин материалдык абалын толук кандуу болбосо да орто деңгээлге чыгардык деп, анан ошондон кийин уялбай жыйынтык талап кылсак окшошот.

Эми болуп турса бергенди ким аясын. Ошо берейин десең да жок болгон жаман экен да. Баягы эле, “төшөгүңө карап аягыңды сун …” деген кеп. Ар ким колунда бар оокатын жейт. Тилекке каршы биздин мамлекетибиз жарды, экономикабыз алсыз, казынабыз бөксө, карызыбыз чачтан көп. Бир балаңды тойгузуп, бир балаңды ачка койо албайсын…

Бирок, кандай деген күндө да бул мыйзам жакшы саамалык. Эми бизде, азырынча ушуга каниет кылып, ушуга ыраазы болуп иштегенден башка арга жок. Өкмөт да ушуну менен токтоп калбай, изденип, алдыга жылыш болгон сайын, жыл сайын ички иштер кызматкерлерине колдоо көрсөткөндү унутпашы керек деп эсептейм.

– Сиз жогоруда милиционерлер тууралуу,“бири балабыз, бири атабыз…” ж.б.у.с. сөздөрдү айттыныз. Жакын туугандарыңыздан милиционерлер барбы?

– Менин үч таякем, авам, милицияда кызмат өтөгөн. Азыр ардагерлер, авам болсо көзү өтүп кетти. Азыр карындашым, инимдин баласы, тайэжем милиция кызматкери. Досторум менен классташтарым да бар.

– Акыркы суроо. Канча жолу мипицияга кармалып, камалган жайыңыз бар?

– О-уу… Капкайдагы суроону бердиң. Азыр, эстейли эми. Мен өзү, биринчи жолу, мектепти бүткөндөн кийин Тоңдун милициясына түшүп, бир түнөп чыккам. Классташтарды армияга узатууда Военкоматта мушташ чыгып… Андан кийин 90-жылдарда “Ашар” козголушунун жетекчилигинде, КДКда жүргөндө митингдерден көп эле жолу Биринчи май РОВДсына, анда Жибек Жолу көчөсүндө эмес беле, далай ирет “привод” болгом. Штрафка, 15 суткага айыпка жыгылгам. Бирок бир суткадан ашык отурган эмесмин. Баш аягы, эки, үч ирет түнөп да чыкканым бар.

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *