Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Ырайың суук болсо – күзгүнү тепкенден не пайда?”

– Сабыр байке, өткөн сандагы кыргыз-орус мамилелери тууралуу маекти уланталы деп турам. Коммунистик идеология банкрот бопуп, СССР деген улуу держава кыйрап, 15 өз алдынча мамлекеттер пайда болгонуна чейрек кылымдан ашты.

Варшава келишиминдеги, чыгыш европалык өнөктөштөр, Балтика боюндагы республикалар “ат куйругун шарт кесип” Орусия Федерациясынан жүзүн үйүрүп, чечкиндүү түрдө Батышка бет алып, НАТОнун курамына кирип кетишти. Преднестровье респубпикасынын айынан, арабөк болуп, талтайган Молдова,“батыш демократия моделин тандайбыз, орус жүргөн жерге чөп чыкпайт” деген Грузия менен Украинада сыяктуу постсоветтик өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө улутчулдардын ити чөп жеп, алардын айтканы айткан, дегени деген болуп бараткандай.

Бул ажырашуу процеси алигиче бүтпөй, кагылышууларга, кан төгүүлөргө чейин жетип жатат. Кыл чайнашып, ажырашып жаткандар эле эмес, биз сыяктуу шүк отурган республикаларда деле, Орусияга каршы пикирлер тынымсыз айтылып келет. Ушу тенденция эмнеден улам: “Батыштык модел ийгиликке жеткизет, орустан кутулмайын оңолбойбуз” дегенден, б.а. жакшы жашоого умтулуудан улам чыгып жатабы (?), же айрым улутчулдар айтып жаткандай, кыргыздын орустан көргөн кордуктары көкөйгө тийип, сөөк өчтү душманга айланып калганбы? Кандай дейсиз?

– Ар бир коом адилет система куруп, бакубат жашоону самап, ошого далалаттанат. Тилекке каршы ал оңой олтоң иш эмес. Мына ошон үчун, сен айткандай чейрек кылымдан ашуун убакыт өтсө да баш учубузду жыя албай жатабыз да.

Батыш карманган демократиялык системаны деле, керек болсо, ошол эле батыштыктар өзүлөрү идеалдуу система деп эсептешпейт. Алар: “Биздин демократия -мыйзамдаштырылган башаламандык (бардак), бирок, тилекке каршы адамзат мындан жакшысын ойлоп таба элек” деп коюушуп жашоолорун улантууда. Анысы чын.

Демократия, базар экономикасы, адам укуктарынын сакталышы, саясаттагы, экономикадагы ачык атаандаштык, адилет сот системасы экономиканын өсүшүнө алып келээрин дүйнөлүк тажырыйба далилдеп турат. Ошон үчүн, баардык, өсүп-өнүгүүгө умтулган элдер демократияга умтулушуп, алардын тажырыйбасын колдонуп, экономикасын көтөрүп, элинин жашоо шартын жогорулатууну көксөшөт. Биз дагы.

Ошондуктан, жанагыдай жаңы нерсеге умтулуу аракеттеринде, эски өнөктөш (орус) менен баскан жол курулай бошко кеткен сыяктуу туюлуп, эки ортодогу ак полоса менен кара полосаны эсептегендер чыгып, күнөөнү өзүбүз кошо тартуунун ордуна башкага оодара салып, Орус империясына кошулгандан баштап, СССР курамында бирге өмүр сүргөн 70 жылды да коштоп туруп кара боек менен боёп салгысы келгендер четтен чыгып жатпайбы.

Менин оюмча, кыргыз арасындагы руссофобия негизинен “ушу орустардан кутулсак эле, батыш жолуна түшсөк эле оңолуп кетет элек” деген ишенимдең улам тутанып, орус бизди бастырбай жаткан тушамыш сыяктуу көрүнүп, кыжырыбыз кайнагандан улам, атам-замандан, оруска кошулгандан беркини чукулап жатабыз.

Батыш демократия мыйзамдарын көчүрүп алуу аздык кылаарын, ал мыйзамга шайкеш жашап, иштеп, өмүр сүрүүгө даяр эмес экенибизди, демократиянын шарттарына ылайык жашаганга көнүш, үйрөнүш үчүн да бир топ убакыт керек экенин сезе электейбиз. Болбосо эмне, биздин мыйзамдар жаманбы? Баш мыйзамды баш кылып, дээрлик, баардык мыйзамдарыбыз ошол эле Европанын эң акыркы моделдеги мыйзамдарынын лекалдары менен шырылган. Анан кана жыргап кеткенибиз? Анткени ошо мыйзамдарды сактап, колдонуп жашоого биздин коом даяр эмес. Биз мыйзамдарыбызга караганда, круговая порука, үрп-адаттын эрежелерин карманабыз да. “Ырайың суук болсо күзгүнү тепкенден не пайда?”- деген макал аргасыз эске келет…

– Улутчулдар айтып жаткандай – кыргыздын орустан көргөн кордуктары көкөйгө тийип, сөөк өчтү душманга айланып калганбы(?),- деген сурообуз айтылбай калды…

– Эми жанагы, сөөк өчтү душмандык, орустан көргөн кордук тууралуу… Биз, кыргыздар, тактап айтсак Ысык-Көлдү жердеген Бугу уруусу биринчилерден болуп, андан кийин Сарыбагыштар орустарга элчилик жиберип, Орус падышалыгынын букаралыгына кирүүнү суранып, ошондон бери 1,5 кылымдай убакыт орус менен тыгыз өмүр сүрүп келдик. Ысык-суукту, жаман-жакшыны бирге көрдүк. Ак падышанын колониялдык саясатынын запкысын көрдүк. Башка да араздашуулар болду, Жогоруда айткандай, ак полосаны да, кара полосаны да бастык. Калыстык үчүн айтып койбосок болбойт, биздин тарых Үркүндөн башкасы негизинен ак полоса. Жер үстүндө жашаган кошуна калктардын кайсыныкы зымга тарткандай экен? Баарынын ич ара талашы, тартышы, көкөйгө кептелген арманы бар?

1916-жылкы Улуу Үркүндө жарымыбыз кырылып, калганыбыз кытайга, өзбек, казакка сиңип жок болуп кете жаздадык го? Орус эли ак падышаны тактан кулаткан Улуу Октябрь революциясы болбогондо Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп турат беле? 6-9 кылымдарда жоготуп алаган мамлекеттүүлүгүбүз кайра жанданат беле? Аны бир Кудай билет.

– Улуу Октябрь революциясынын Кыргыз элинин сакталып калышына кошкон салымы туураалуу талаш жок. Конченный руссофобдор да, өлөйүн деген батышчылдар да бул тема боюнча талашышканын кездештире элекпиз. Бул тема козголгондо көбүнэсе моюндашат, же унчукпай кутулушат. Талаш көбүнчө орустарга өз эркибиз менен кошулган тууралуу чыгып жүрөт. Шабдан баатырды ‘‘орустун шпиону, түштүк кыргыздарын орустарга кырдырган чыккынчы”- дегенге чейин барып жатышат. Алардын ойу боюнча түндүк-түштүк кыргыздары бирге болуп, Коконду колдоп, Кокондун аскерлери менен бирге орустарга каршы согушушу керек экен. Сиз кандай ойдосуз?

– Аны ким айтып атат? Аны тарыхчылар айтып аткан жок да. Аны тарыхты окубаган түркөйлор айтып жатат. Кыргыздарда “жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу?” деген кеп бар. Анын сыңарындай түндүк кыргыздары жыргап кеткенинен Ак падышага элчи жиберген эмес. 19-кылымдын башында башталган техникалык прогресстен Европа мамлекеттери, Орусия, Кытай өнүгүп, согуш куралдары мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, Орто Азиядагылар кылыч, найза, жаа, түтөтмө мылтык менен куралданган тейинде калган. Башкача айтканда ошол заманда жалпы прогресстен артта калган Орто Азия хандыктары жойлоп келе жаткан үч жоонун бирине да туруштук бере албай, жеңил желпи жем боло турган деңгээлде болгон. Кимиси биринчи келсе ошого жем болмок.

Англия 300 жылдык колониялары Индия, Пакистан аркылуу түндүккө карай жылып, анын ошо кездеги атаандашы Орусия түндүк жактан Борбордук Азияга көз арта баштаган. Ошол эле учурда Борбор Азияны өз аймагы катары эсептеген Кытай дагы өзүнүн таасирин күчөтө баштаган.

Эми элестете бергиле… Кытайга кеткенибизде Кыргыз мамлекети болот беле? 20 миллиондон ашык уйгурдан кыйын болуп Кытайдан бөлүнүп чыга алат белек? Англичандардын колуна тийгенде азыркы памир кыргыздарынын кейпинде эле болмокпуз да ээ, туурабы? Же эмне англичандардын колонияларына мектеп курганын уктуңар беле? Алардын колониялдык саясатынын негизин колониясындагы элдерди билимсиз кармоо болгон. Башкарганга жеңил деп. Биз Кудайдын колдоосу менен, Теңир тоо калкалап (Англия, Кытай аскерлери үчүн Тескей Ала Тоо кыркалары эң негизги тоскоолдук болгон) калгандан улам оруска карап калдык. Ошонун аркасында, анан СССР ыдыраганда мамлекеттүүлүккө ээ болуп отурабыз да. Биздин ата-бабалардын, англичандар менен кытайды салмактап көрүп, “оруска ыктайлы” деген саясаты туура болгондугун турмуш өзү далилдеди. Мамлекетибиз турат! Анан, айрымдар мамлекеттүүлүгүбүздү кайтарып алууга жеткизген туура жолду көрүп турса да көргүсү келбей, оозуна келгенди сүйлөп жатса жаның кейийт экен.

– Шабдан баатыр тууралуу айтпай кеттиңиз?

– Түндүк кыргыздары өз эрки менен Орус падышачылыгынын букаралыгына өткөндөн кийин орустар Ташкент менен Коконду алып Фергана өрөөнүн ээлөнү максат кылат. Кокон хандыгы менен орус аскерлеринин Верныйдын (Алматы) батыш тарабындагы Чемолгандагы чайкашына Кокондун аскеринин бир канатын баштап келген Алымбек датка согушка аскерлерин алып кирбей койуп, экинчи Канатшаа башкарган канат пушка менен пулеметтун огунан кырылып жеңилүүгө учурайт.

Найза, кылыч, жаа менен куралданган аскерге туруштук берүү мүмкүн эместигин Алымбек датка туура түшүнүп, бекеринен элди кырып албас үчүн (аскерлери жалаң кыргыз, кыпчак, түрк, казактар болгон), түндүк кыргыздарынын оруска өз ыктыяры менен кошулуу саясатын колдоп чыккан. “Элибиз бирикти” деп кубанган кыргыздар Алымбек датканы Байтиктин Боз бөлтөгүндө ак кийизге салып хан көтөргөнү да айтылат.

Кийин тоонун аркы бети, берки бетин жайлаган кыргыздардын биригип, күчтөнгөнүнө, оруска каршы согушка аскерин алып кирбей койгонуна кекенген Кокон ханы Алымбек датканы өлтүрүүгө өкүм кылып башы алынган. Андыктан Шабдан. баатырды чыккынчы дээрден мурун андан улуу муунга кирген Алымбек даткага да баа берип алалы. Алымбек датканын саясатын улаган Курманжан датка да элин бөөдө кыргындан сактап орустар Ташкенди, Коконду чапканда согушка элин катыштырган эмес. Орустар менен сүйлөшүүлөр алдында Алайлыктар орус жетекчилигине “араңарда Шабдан Жантаев болсо гана сүйлөшүүгө барабыз” деген кат бергенинин далили архивде сакталып турат. Шабдан Алымбек датка баштап кеткен ишти улап, элди бириктирүү, бөөдө кыргындан сактап калуу, тынчтык жолу менен, өз эркибиз менен орус падышачылыгынын курамына кирүү саясатын жүргүзгөн.

Курманжан датканын таасири жетпеген Наманган, Фергана, Кокон тараптагы кыргыз, кыпчак, казак, түрк уруулары Ташкенде, Кокондо кандайча талкаланып, кырылганы тарыхта жазылып турат. Айрым чала сабаттар айткандай Алымбек датканын осуятын эске албай, Шабдандын айтканын укпай тоолук кыргыз түгөл түшүп барганда деле Ташкенди алып кала алмак эмес. Муну менен биз кара жанды калкалоо үчүн күчтүүгө багын дегенди айткан жерибиз жок. Ошо кездеги геосаясый абалды туура баамдап, ак, караны ылгай билген бабалардын тилин угуп, саясатын уланткан түптүү эл болгонубузду эске салып жатабыз.

Түндүк кыргыздарынын өз ыктыяры менен оруска кошулуу саясатын катачылык катары көрүп, ал ишти улантып элди кыргындан сактап калган Шабдан баатырды чыккынчы атагандар орус кыргыз мамилесин ого бетер курчутуп Алымбек датканын балдарынын бири дарга асылып, бири Ооганга кетип дайынсыз болгонун кайта кайта айтышып, ага чейинки, ортодогу көптөгөнокуялар тууралуу ооз ачышпайт. Алды менен Курманжан датканын орус менен келишип, эли менен орус букаралыгына өткөнүн, беш баласы беш районго аким болгонун, эл-журт аман эсен коогалаңдан өткөнүн, дарга асуу, Ооганга качуу бир топ жыл кийин, апийим контрабандасынан улам бир бөлүк орус аскерлери өлтүрүлгөндөн чыкканын айтышпайт. Алымбек датка, Шабдан баатыр сыяктуу эл башылар болбогондо бүгүн эгемендик болот беле? Ошо оруска каршы күнү-түнү элди кайраштырып аткандар кайсы коктуда отуруп сайрашат эле?

– Кокон кыргыз хандыгы болгон, ошон үчун кыргыздар кашык кан калганча хандык учүн туруш керек болчу, дегендерге не дейсиз?

– “Жеңилүү ызасын тартканча өлүү керек” дегениңби? Култегинден жеңилдик, Уйгурларга жеңилдик, кайра жеңдик, Жучиге жеңилип (оң канат) бул жакка сүрүлүп келдик, Жунгарга жеңилип, жерибизди тарттырып, кайра алдык… Биринчисинде эле арданып баарыбыз харакири кылганда азыр кыргыз жок болмок да. Экинчиден жеңилүү ызасын тартпаган эл жок. Рим, Берлин, Париж баары кулаган, Москва өрттөнгөн… Естественный отбор, күчтүүлөр кайра жаралат…

Кокон хандыгы тууралуу… Ала-Тоонун коюн колтугун жердеген кыргыздар Кокон хандыгынын букаралыгында болду. Хандыктагы кыргыз, кыпчак, казак, түрк, тажик ж.б. уруулардын укуктары чектелүү, басмырлануучу катмар болгон… Кыргыздын 40 бийинин башын алган окуя эле айтып турбайбы…

Кокон хандыгында өзбектердин миң уруусунун өкүлү менен Чынгызхандын урпактарынан гана хан көтөрүү мыйзамы болгон. Кыргыздар, аталык, увазир, миңбашы, аким ж.б.у.с. кызматтарга алынчу.. Хандыктын адилетсиз, жондон кайыш тилген салыктарына баш ийбеген кыргыздар ар дайым нааразычылык билдирип, көтөрүлүшкө чыгып, чептерин талкалап турган. Биздин тарых бир тарапты жек көрүү менен чектелбейт. Кылым карыткан кыргыз эли эмнелерди гана башынан өткөргөн жок? Ошондуктан бизге кекчилдик керек эмес, бизге айкөлдүк жарашат.

Маектешкен: Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *