Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Гүлзат Аалиева сен бөлүнүп-жарынып бараткан кыргыз элин айыгыштырып, элдешкис экиге бөлүп жаткан эки тараптын биринин туусу болуп жатасың, сен токтоп калчы”

– Сабыр байке, Жаңы жылда биринчи ирет кездешип жатабыз. Жылды кандай тостуңуз, майрамдык маанай кандай, жаңы жылдан эмнени күтөсүз?

– 2017-жыл жакшы жыл болду. Неберелер жарык дүйнөгө келди. Жаңы жылды да жакшы маанай менен, жадырап-жайнап дегендей, коңшулар менен бирге тосуп алдык. Мен эми, өзүм ит жылында туулгандан кийин, албетте 2018-жылдан, ит жылынан жакшылыкты гана күтөм. Баарыңарга ден-соолук, эл-журтума тынчтык, өнүгүү, бакубат жашоо тилейм.

– Ушу тапта сизди түйшөлткөн маселелер эмне? Ушу тууралу кыскача маектешип алып анан саясый айдыңга чыксак. Кандай дейсиз?

– Туура айтасың. Саясат кайда качат эле. Мен чындыгында, акыркы кездерде, саясый ыйкы-тыйкыларга караганда, коомдун диний көз караш боюнча бөлүнүп-жарылып баратканына көбүрөөк кабатыр болчу болдум. Ашынган диний радикалдар менен кыргыздын каада-салты, үрп-адатын сактоо үчүн исламга каршы чыгуу керек деп ураан көтөргөндөрдүн кармашы өтө кооптуу чекке карай баратат. Соцтармактарды ачсаң эле булардын тынымсыз айтышынын күбөсү болосуң. Активдүүлөрүнүн айтып жазганы эч нерсе эмес, окуп алып колдоп, эки жаат болуп, элдешкис деңгээлге түшүп бараткан кыргыздардын катары калыңдап баратканы өтө тынчсыздандырбай койбойт. Бири бирин “арапкул”, “теңирчи”, “калмак” атап алышып оозго алгыс сөздөр менен боктошуп жаткандарды тыйбасак – элге бүлүк түшөөрү ачык айкын, орус айтмакчы “дело времени” эле болуп калды. Эки жаат болуп чабышып, жарандык кагылышуулардан, кан төгүлчүдөй болуп эле чочулап жүрөм.

– Эми сиз, бул каршылашкан эки тараптын талашынын негизи эмнеде деп ойлоп жатасыз? Мындай айгышуунун уюштуруп жаткандар кимдер, бул ички эле чатакпы же алардын артында сырткы күчтөр да болуусу мүмкүнбү?

– Өзүңөр билесиңер, кыргыз эли жалпы мусулманчылыкты карманабыз. Бирин серин баптист, же дагы башка динге өтө качкандарды эске албаганда калганыбыз түгөл мусулманбыз, беш маал намаз окубасак да, балдарыбызды сүннөткө отургузуп, кепиндеп, жаназа окуп жерге көмүп, куран окуп, ошонубузга тобо кылып, мусулманбыз деп жүрөбүз. Ошол эле учурда, келин алсак отко киргизип, адам өлсө өкүрүп, мал союп, эки, үч түнөтүп жерге берип, жылкынын этин жеп, Ноорузду тосуп, ж.б. тээ ата-бабадан калган салттарыбызды да карманып келе жатпайбызбы.
Кыргыздар карманган Ханафий масхабы ислам ичиндеги эң толлеранттуу масхаб болгондуктан, мындай жергиликтүү каада-салтка айкалыштырууга жол бергендиктен ушуга чейин өкүрүп, жаназа окуп эле айкалыштырып жашап келбедикпи? Анан эмне болду? Анан динчил аалымдар көбөйдү. 72 агымга бөлүнүп ички карама-каршылыктары күчөп кеткен исламдын ар кайсы агымынан окуп-чокуп келген молдокелер ар кимиси ар башка сайрап, элдин башын маң кыла баштады. Алардын көбү кыргыз эли карманган ханафий масхабы эмес, экстремистик көз караштагы агымдарга кирип кеткендиктен ошол өзүлөрүнүн көз карашын таңуулап жатышат. Ар кайсы агымдын идеясын жайылтуучу лидерлер өз катарларын кеңейтүүгө кызыкдар. Ал үчүн тынымсыз аракеттерди көрүп, эл менен баарлашуу аркылуу, катарларына улам жаңы адамдарды тартуусу кажет. Антпесе иши жүрбөйт, идеасы таркабайт, спонсорлору нааразы болот, каржылык таңсык келет. Бул жагынан сетевой маркетингге эле окшошуп кетет.
Анан ар кайсы агым мечиттерде, же элди аралап иш аракеттерин кылып эл менен баарлашкан кезде такыба исламчылыкты таңуулап, кыргыздын айрым салттарына тыюу салуу керектигин талап кылып, кээ бирлери руханий дөөлөтүбүз болгон Манас атага сөз тийгизгенден улам радикал исламчыларга каршы үндөр чыга баштады. Бул, кеп чынында динчилдердин аракетине каршы обратный эффект иретинде пайда болду.
Кыргыздын каада-салтын сактайбыз деп радикал исламистерге каршы чыгып жаткан тараптын башында тургандардын бири Гүлзат Аалиева өзүнүн баяндамаларында кыргыздардын салтту ислам – ханафий масхабын карманганын колдоорун, каршы эместигин билдирип келет. Ал кызыбыз жалпы момун кыргыз мусулмандарына каршы эмес, кыргыздын руханий дөөлөттөрүн мазактап, салттарын тыйып, арабдардын үрп-адатын, кийим-кечегин таңуулаган радикал экстремистерге эле каршы экенин деле айтып, жазганына карабай ага асылып маскаралоолор тыйылган жок. Кыргыз элин элдешкис кылып экиге бөлүп-жаруу уланууда.
Мен эки тарабына тең кайрылып, акыйнекти токтотууну суранып да көрдүм. Толпа массовый психоз болгонсуп турган жерде эч кандай аргументтер өтпөй, футболдун фанатиктериндей болушуп, сүйгөн лидерлерине гана лайк басышып, каршы тарапты боктоого маш болгон зомбилердин калың катмарына туш болдум. Алар мени мазактап оозго алгыс сөздөр менен боктоду. Эч күнөөсүз жазаланганыма жаныман түңүлдүм.
“Оой, Чубак ажы бир туугандар куда боло беришсе болот” деп атпайбы, “жети ата өткөнчө кудалашпайт, кан бузулат” деген ата-бабадан калган нарк насилди кантебиз десең деле угушпай, сөгүп-сагып, мазактап киришет. Кыязы, “айтканына көңүл бөлбөй эле койгула, душман деп сого бергиле” деп буйрук берип тургандар бардай сезилет.
Гүлзат Аалиевага да “карындашым, сен туура эле маселени көтөрүп, туура эле ойлорду жазып жатасың, айтканыңа каршы эмесмин. Бирок, сен бөлүнүп-жарынып бараткан кыргыз элин айыгыштырып, элдешкис экиге бөлүп жаткан эки тараптын биринин туусу болуп жатасың, сен токтоп калчы” деп жаздым. Чачташкан аянтча сууй түшсүн деген ниет менен. Анан Гүлзат карындашым, “Сабыр байке ушинтиптир, мени токтоп калчы деп жатат, эмне кылайын. Токтойунбу?”- деп мени ортого салды. Анан башталды. Эми анти исламистер ит талагандай кылып, айтпаган сөздү айтып, өлбөгөн төрт шыйрагым калды.
Мен муну айтып аткан себебим, күндө бир маал көз салып атып бул акыйнек аянтчасынын структурасын кичине байкадым да… Ошону менен бөлүшүп коюшумду милдеттүү көрүп жатам. Себеби булар элди кооптуу жакка алып баратышпайбы… Негизи бул аянтча эки тараптан өтө активдүү 20-30 адамдан тургандай. Анан ортого улак ташталганда дүргүгөндөй болуп, бирөө пост жазаары менен аларды сүрөп, комент жазып колдоп чыккандар бир эки жүз, үч жүздүн тегерегинде, лайк басып, же жөн эле окуп тиягын же биягын колдоорун ич ара сүйлошүп талкуулап жүргөндөр миңдеп саналат. Эми бул, Кудай анын бетин ары кылсын, эл бөлүнүп, жарандык кагылышуулар болсо чатак да. Бул Улуттук коопсуздук меселеси. Эми тиешелүү органдар деле иштемиш болуп, хизбут, экстремист деп камакка алып жаткандарын угуп, көрүп жатабыз. Бирок, менимче өтө кооптуу кырдаалды ушу элди “теңирчи”, “арапкул” деп эки бөлүп-жарып бараткандар жаратып жаткандай. Эл бөлүнгөнү жаман да… Ошондуктан, кеч боло электе ошол эки тараптан чыгып аткан 20-30 “ажаандар” менен беседа өткөзүп, тыйып, соцтармактардагы аянтчаларга чыгып, эки тарапты козутууну көзөмөлгө алса бөлүнүп-жарылуубузга бир топ эле бөгөт коюлаар эле деп ойлойм.

– Сабыр байке, өтө олуттуу теманы козгодуңуз. Бул темага кийинки маегибизде дагы кайрылышыбыз керек деп эсептейм. Бирок эми, бүгүнкү бизге бөлүнгөн аянтчанын бир аз бөлүгү калды, ошол жерге саясый темага кичине орун берели деп турам. Антпесек сиздин саясый баяндамаларыңызга көнүп калган окурмандарыныздын суусуну канбай калбасын.

– Ооба, ооба туура айтасың (каткырып). Батпай калбасын. Узун сөзгө кирип кеткен турбаймынбы…

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ
Булак: «Майдан.kg»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *