Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Партбосстор моралдык, психикалык жактан катуу жабыркашат. Качан болсо кысынып, жашынып, көптөрдөн качып жашоого мажбур…”

– Алоо…

– Да.

– Салоомалейкум! Сабыр байке кандайсыз, ден-соолуктар жакшыбы?

– Алеки. Жакшы, жакшы. Гезитке да жазып жиберипсиң… Элдер чалып… Бир туугандарга да айткан эмесминда…

– Аны эмне кыласыз жашырып, сакайсаңыз болду да. Эми жакшыбы? Эмне деп чечтиңиз?

– Операция оор, татаал, эки айдай трубка менен жүрөсүз дейт… Отказ кылдым. Приступтар кетти. Диета менен жүрмөй…

– Состояние жакшыбы, айтор?

– Жакшы эй, короче… Көнүп калдым, тамак жебегенге…

– Жакшы болсо болду да. Жакшы эле болсун дегеним. Компто отура аласыз да?

– Ооба. Отурбаймынбы.

– Байке мен сизге бир эки суроо жөнөтүп койуп турам, убакыт болгондо карап, ойлоруңузду айтып, кайра ыргытып койуп туруңуз. Жарайбы?

– Жарайт. Ыргыта бер.

– Азыр мобу, 2020- жылдагы парламенттик шайлоого карата саясатчылар баш көтөрүп, коом ичинде кызуу талкуулар башталды. Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштагандар кескин көбөйдү. Негизинен эле, ушу 9%дык босогону төмөндөтүүнү талап кылып жатышкандай. Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кандай карайсыз?

– Бул жөнүндө көп эле айтылган. Былтыр, мурдагы жылы айтканбыз, жазганбыз. Биз эле эмес, көптөгөн саясатчылар, серепчилер айтышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков да – “… шайлоо өз мөөнөтүндө, 2020-жылы өтөт. Ага чейин убакыт бар, Шайлоо кодексин жакшылап талдап, шайлоого бир жыл калганга чейин өзгөртүүлөрдү киргизип алышыбыз керек”- деген мааниде сөзүн айтканы эсибизде. Анткени мыйзамга ылайык шайлоого бир жыл убакыт калгандан баштап Шайлоо кодексин өзгөрткөнгө болбойт. Бул да туура. Депутаттар колдон келет кылып, өзүлөрүнө ылайыктап мыйзам чыгарбасын дешкени. Эми карачы, кандай болуп атат? Мыйзамды бузуп, шашылыш өзгөртүү киргизгенге баратабыз. Эмнеге былтыр чыгынган жокпуз? Депутаттар эмнени ойлоп жүрүштү? Жеке маселелеринен бошошкон жок, айдама да болуп калышкан.

– Кеп чынында, “9% босогондон байлар, олигархтар гана өтпөсө башкаларга, айрыкча жаштарга, таза, чынчыл жаңы күчтөргө жол жок”- деген пикир туура эле болуп атпайбы. Босогону 7%га, 5%га, 3%га түшүрүүнү сунуштап жатышат. Босогону такыр эле алып салууну сунуштагандар да бар. Буга кандай дейсиз?

– Ооба бул Шайлоо кодексинде мүчүлүштүктөр көп. Бирок парламентке өтүү үчүн партияларга шайлоодо коюлган босогону төмөндөтүү менен эле маселе чечилбейт. Азыркы 9% каалайбызбы, каалабайбызбы шайлоого катышуучу партиялардын (уюшмалардын, тизмелердин) санын кескин кыскартат. Мурда 30га чамалуу уюшма катышып жүрсө, азыр ончакты, балким андан аз уюшма катышышы мүмкүн. Анткени тобокелдик керек, аябагандай чоң каражат керек болот.

Ошон үчүн саясатчылар, саясый күчтөр бириккенге, быгышканга мажбур. Бирок баары батышпайт, батышкан күндө да бири-бирине суу куйушуп, беткарашкыс болгондор бириге алышпайт. Тизмедеги орундардын тартыштыгы мандаттын баасын асмандатаары турган иш.

Андыктан Шайлоо кодексин өзгөртүү керек. Бул талашсыз. Бирок өзгөртүүлөр мыйзам чегинде болуусу кажет. Анүстүнө босого пайызды төмөндөтүү менен маселе чечилбейт да. Аны таптакыр алып салсын дегендерди деле колдосо болот. Мисалы мен колдойм. Анүчүн шайлоочулар менен талапкерлердин ортосундагы байланышты күчөткөн система керек. Тизмеге кирүүнү аукционго айландырган системаны түп-тамырынан жоюу керек. Андай жол бар.

– Бирок эми азыр кандай кылабыз? Шайлоого бир жылдан аз убакыт калганда мыйзамсыз жол менен өзгөртүү киргизсек, жаңы шайланган Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү кандай болот? “Силер мыйзам бузуу жолу менен шайлангансыңар”- деген балээге кабылбайбызбы?

– Туура айтып атасың, кабылабыз. Эрте ойлонушубуз керек эле. Жакында эле ошо 9%ды кабыл алышкан, ошондо, кабыл алып жатканда эмнени ойлошкон десең? Жеке кызыкчылыктардан бошобогон депутаттарыбыздын күнөөсү да. Эми мына, карасаңар, “көчүккө тукум жакындап келгенде” какылыктаган тооктой болуп безилдеп атышат.

Ошондо да Шайлоо кодексин ар тараптан, толук, элге, мамлекетке пайдалуурак кылалы дешкен жери жок. Өзүлөрүн гана ойлоп, порогду гана төмөндөтүү жөнүндө кеп кылышууда. Ошондой өзүмчүл болгондору үчүн, жалпы ишке баштарын иштеткилери келбей “ступорго” батып отурушкандыктан, алар жанагы “баран” деген сөздү угуп атышат.

– Анан эми, азыр, шайлоо системасын толук кандуу такуулап, элдин мүдөөсүнө кызмат кылчу Жогорку Кеңеш шайлай тургандай кылып өзгөртпөстөн, шашылыш эле порогду 5%, 3%га түшүргөндө кандай пайда табабыз?

– Менимче эч кандай деле элге, журтка пайдасы болбойт. Болгону, “аа, порог төмөндөдү”- деп, тизме тизмектеп, банковать эткендердин саны гана көбөйө түшөт. Анткени тизмеге кирүү баягыдай эле акча аркылуу чечилмей бойдон калып атпайбы. Анан кандай толк болмок эле? Акчалууларга, олигархтарга гана мүмкүнчүлүктөр, квоталар кеңейет. Жаштарга, жаңы күчтөргө жол ачылбайт. Элге, прогрессивдүү күчтөргө эч деле пайдасы жок. Акчалуулардын гана кармашы бойдон эле калат.

Жыйынтыгында бул жол менен шайланып келгендер деле жакшы аттуу болушпай, элдин жек көрүүсү күч болот. Акыры, эртеби-кечпи, Шайлоо кодексине адилеттүүлүктү камтый турган, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз. Ал күн кеч болсо да, баары бир келет. Тарыхта беш жыл, он жыл деген көз ирмемге эле тете. Биз, адамдардын өмүрү кыска болгону үчүн, шашкалактап, чычкалактай беребиз.

Анткени, өмүрдү жакшы жагына өзгөртүп, натыйжасын өз көзүбүз менен көргүбүз келет. Бир келген өмүрдө бакубаттуулукка туйтунгубуз келет. Бул негизи жаман каалоо эмес. Бирок шашкалактап абалды оорлотуп алганча, “жети өлчөп бир кескен туура эмеспи” деп ойлойм.

– Анан ошондо кандай кылалы деген ойду айтмакчысыз?

– Моисей деле элин 40 жыл кыйнап, чөлдө ээрчитип жүргөн экен. Биз алардан эмнебиз кем? Дагы бир аз кыйналсак да келечегибиз түз болсун дешибиз керек. Кыска мүнөздүү өзгөртүүлөрдөн пайда жок. Өзгөртсөк ашыкпай талдап, кардиналдуу өзгөртүүлөргө барышыбыз керек. Жалпы Кыргызстан бир округ болуп бир тизме түзгөндөн кетишибиз керек.

Мисалы Кыргызстан боюнча тогуз округ (жети облус, Бишкек, Ош) кылып, анан тогуз тизме кылса, же андан да көп округ кылып, ар бир округ боюнча өзүнчө тизме кылса неге болбосун. Бир жагынан ар бир округдан ким чыгып атканы шайлоочуларга айкын болуп, шайлоочу менен талапкердин ортосу жакындайт.

Экинчи жагынан ар бир партияда тогуз тизме болсо, тогуз ондук токсон орун болуп, орун сатмак тургай, толтуруу кыйындаганы жатпайбы.

Элди ойлосок ушундай кардиналдуу өзгорүштөргө барып, эртерээк оң жолго түшүп, шайллочуларга тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайлы да. А тигинтип шайлоо босогосун төмөндөтүү эчтеке чечпейт. Мандат саткан чайкоочуларга эле жакшы.

Азыр эми, баары эле “депутат болсом, бийликке жетсем, байып кетсем”- деп жулунуп, жеке кара башы үчүн далбастап атканын көрүп атабыз. Шайлоого салган акчалары деле атасынан калган эмес. Көбү уурулук жол менен байышкан. Ошон үчүн “суунуку сууга” дешкенсип, миллион долгарга болсо да мандат сатып алууга даяр. Ак эмгеги менен тапса антишпес эле. Ойлонушат болчу.

Анан буларды, булардын акчасын аяп эмне кылабыз? 9% менен жалаң тандалган байлары чыгып, челеке түшүп бири-бирин кырып, жеген крысалардай болуп кырчылдашышсын. Көрөлү да. “Байдын малын байкуш аяптыр” деп эмне кылабыз? Кайда шашабыз?

Булар арам акчаларын чачышсын, максаттарына жетишсин. Азыркыдан да жек көрүндү болгон парламентке ээ бололу. Ошондо балким көзүбүз ачылат. Ошондо анан окончательно кутулалы дейбиз, булардан. Ошондо анан олигархтар шайланбасын деген мыйзам кабыл алып, 2022-жылы кезексиз шайлоо өткөзүп, окончательно кутулабыз булардан! Анткени чыдай албай калган чекке ошондо жетебиз.

– Эми, мобу, “депутат болом” деп, дегдеген саясатчылар тууралуу, анан “депутат кылам” деп, тизме тизмектеп, банковать этип аткан партия лидерлери, крутой саясатчылар тууралуу азыноолак аңгемелешели деп атам. Мурда депутаттык мандаттын баркы жогору эле. Камакка алыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынчу. Азыр болсо каалаган депутатыңды четинен жетелеп камаган заман. Ошого карабай эле депутаттыка умтулгандардын катары калың. Муну кандай түшүнөбүз?

– Депутат деген эми, канткенде да бийик статус. Эл өкүлү, мамлекеттик адам дегенди туюнтат. Жылуу-жумшак жерде, жетиштүү киреше менен, кааласаң иштеп, кааласаң иштебей 5 жыл өмүр сүрөсүң. Өкмөт көзүңдү карап турат, тил табышсаң пайдага туйтунуп, короткон акчаңды эселеп кайтарып аласың.

Кайда барсаң сый-ургаал, төргө өткөрүшөт. Акча коротпой жер кыдырасың. Чет жерлерде да сага өзгөчө мамиле кылышып, кайда болбосун жашыл жарык. Камакка алуу маселеси деле коррупция, анан өзгөчө оор кылмыш эле болбосо камай алышпайт.

Камалчу статья болгон күндө да депутат болбогонго караганда депутат болгондуку артыкчылыктуу. Сүйлөшүп алуу шансы жогорураак. Санай берсе дагы артыкчылыктары чыга берет. Ошондуктан депутат болом дегендер жетиштүү.

Бирок ошого карабастан, айрыкча жашы өтүп калган саясатчылар арасында “депутат болбой эле койдум” дегендерди да жолуктурдум. Мен бир топ депутат болгон агалар менен сүйлөшүп, “300 миң долларды коротуп депутат болуп, анан ал акчамды кайрыйм деп абийримди соодалаганча, ошол акчага тынч эле жашаганым оң эмеспи. Мага эмне керек (?), эчкинин жашындай жашым калды”- деген маанидеги сөздөрдү эшиттим. Баары бир карылык адамкерчиликке үндөйт экен деп калдым.

Андыктан убакыттын өтүшү менен коомубуз бышып, менталитетибиз жакшы жагына өзгөрүп, азыркыдай уят-сыйытты жыйыштырып салмайыбыз артта калып, өнүккөн элдердин нугуна түшөбүз деп ишенем.

– Эми “депутат кылам”- дегендер тууралуу да айта кетсеңиз. Жөнөкөй депутаттардыкы эле мынча экен, партбосстордун кирешеси кандай болду экен?

– Партбосстордуку он эсе, жүз эсе, өкмөт башчылыкка жетсе миң эсе жогору десек болот. Пайдасы асмандын башы болгону менен жоопкерчилиги да оңой эмес. Моралдык, психикалык жактан катуу жабыркашат. Такай стресс абалында. Акчасы көп болгон менен уйку жок байкуштарда. Качан болсо кысынып, жашынып, көптөрдөн качып жашоого мажбур.

Ондогон, жүздөгөн адамдарга убадаларды беришет, “депутат кылам” деп эбегейсиз каражаттарды чогултушат, касам ичишет, бүтүмдөрүн нотариус аркылуу бекитишет, видео жазышат. Анан ал акчалар, биртикеси гана босстун калтасында калбаса, калганы шайлоодо чачылат.

Анан убадалар аткарылбай жакалашмайлар, телефон менен башка чапмайлар, прессага чыгып боктомойлор, айыптоолор, Өмүрбек Абдырахмановго окшоп тергөөгө көрсөтмө берүүлөр башталат. Анан ошол стресс беш жылга, андан кийин өмүр бою да созулат. Ден соолуктан айырат, абийириңди кетирет, түрмөгө да түшүрөт.

Мен мындай, “шайлоодо банковать” эткенден тажануу, зааркануу бар экенин кийинки кезде, досум Өмүрбек Текебаев менен болгон баарлашуулардан байкап калдым. 2010, 2015 жылдары эки ирет “банковать” эткендердин көбү ушундай маанайда, эмне кылаарын билишпей, “мойнунан байлаган иттей” болуп турушат.

2010, 2015-жылдары эки ирет “банковать” эткен Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов заарканып атса, бир ирет гана мындай ыпыластыкка малынган Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев ж.б. дагы деле алаканын укалап, шайлоого аттанууга даяр.

Бирок булар деле бул шайлоодон кийин, берки, алдыңкы катардагы экөөнүн кейпин кийип, депрессивдүү жагдайга кабылышаарында шек жок. Же үч жолку шайлоодо катары менен жеңилип, спонсорлорун банкрот кылып, көптөгөн адамдардын ишенимин жоготуп алган Адахан Мадумаровдун кейпин кийишет. Айтор бул жакшы эмес, чындыгында эле өтө ыпылас системага кептелиппиз.

Анан эми коррупция менен күрөш алкагында, алдыдагы шайлоодо “черный касса” менен добуш сатып алуулар укук коргоо органдары менен тыкыр көзөмөлгө алынса кандай болот? Анда ичкениң ирим, жегениң желим болду дей бер. Элестет, баштагыдан эселеген азаптар, стресстер башка келсе… Бир чети бооруң ооруйт, буларгачы…

Өмүрбек Бабановдун деле шайлоодон четтешинин үч себебинин бири: “бирөөлөрдү депутат кылам деп көрүнгөндөн акча жыйып, убада берип, убараланып башыма балээ үйүп эмне азап? Же эмне мага акча жетпей жатабы? Мүйүздүү болом деп кулагыман ажыраганча тынч эле болойун”- деген аргумент болгондой. Бир чети туура да. “Ач кулактан тынч кулак!

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *