Сабыр Муканбетов: “Көтөрүп атка салганың ай, көтүмөн чымчып алганың ай!”

– Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсү жарым жылга чамалап калды. Эки тарап тең бири-бирин эң оор кылмыштар боюнча айыптап келген. Акыры бийликтин (Атамбаевдин десек да болот) чыдамы түгөнүп, күмөндүү кылмыш ишине таянып, камакка алууну чечип, ал планын ишке ашырууда одоно мыйзам бузууларга жол берип, коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп алды. Аэропорттон учуп кетип атканда кармаса бир жөн. Анан иш козголгонун билип туруп,  ошого карабай учуп келип атканда кармаганы окшошпой калгандай. Чуулгандуу камакка алуу тууралуу кандай ойдосуз?

– Ооба, шашпай, дем алыш күндөрү өткөндөн кийин суракты баштаса мынчалык нааразычылык болбой, түшүнүү менен кабыл алып, коомчулук деле борбордук аянтка чыкпай, соттордун кеңсесин сагаалап жүрмөк деп ойлойм.

 Эмне үчүн бийлик ушундай кадамга барды? Өздөрү туруксуздукту каалаганбы?

– Биринчиден, кожоюн катуу чара көрүүнү талап кылгандан, экинчиден орчундуу далилдер жоктугунан улам УКМК ушундай “топорный” ишти жасап, чуулгандуу кырдаалды жаратып алды окшойт.

Өзүңүздөр билесиздер, буга чейинки “Белизгейт” сыяктуу бийлик тарабынан коюлган айыптар камакка алууга жетишсиз болуп, эфирдеги каралоолор деңгээлинде калып келген. Анан бул иш дагы чийки болуп, мыйзам чегинде карала баштаса камоого жеткиликтүү кылмыш курамы жок болуп чыгып, тапшырма аткарылбай, тил угуп, кызматтан куулуп кетүү коркунучунан улам ушундай тобокелчиликке барууга мажбур болгондой.

Кандай деген күндө да, бийликтин Текебаевди камака алуусу саясый кырдаалды курчутуп жиберди. Бишкекте митинг, жер-жерлерде нараазычылыктар уланууда. Буга чейин бириге албай жүргөн күчтөрдүн баары биригүүгө умтулууда. Мен таң калам – Атамбаевге ушу керек беле?

Менимче Өмүрбек Текебаевдин орчундуу айыптоолорунан кийин, келечеги күңүрттөнүп калаарын сезген Алмазбек Атамбаев өзүн-өзү кармай албай, калпыстыкка жол берип алды. “Мен кызматтан кеткенден кийин “беш кылмыш ишин козготом, соттотом” деген эмени ал күчүм барында өзүм жайлайын”- деп, өзүмбилемдикке барып, мыйзамды одоно бузуп, мамлекеттик укук коргоо органдарын жеке өч алуусуна колдонуп, чоң ката кетирип, элге жаман көрүнүп алды. Андыктан, кандай десек да бул куугунтук, өч алуу! Бирок бул жерде, “нет человека, нет проблем” деп бандиттер айткандай камап салуу менен иш бүтпөй калды го. Текебаев кесилип кетсе да, өлүп калса да, ызы-чуусу Атамбаевге тийип, жаманаттысы Атамбаевге калып, эл андан көрөт.

 Атамбаев Апрель баатырларыбыз дегендердин анабашылары менен жолугушуп, “мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, Кыргызстанда кол тийбес адам жок” десе, Мискенбаев: “алар 2 миң киши алып чыкса мен 5 миң, алар 5 миң алып чыкса мен 10 миң киши алып чыгам” деп опурулду. Ушу боюнча кыскача пикириниз? Эки тарап беттешсе граждандык кагылышуулар болуп кетиши мүмкүнбү?

– Уктум. Тилекке каршы, андай эмес. Бизде, мыйзам бузуп, кылмыш кылса да жоопко тартылбай турган адамдар толтура. Алар бийликтин колтугуна кирип алгандар. ЖМКлар санап беришти го, анын жанындагы кылмышкер дос, партиялаштарын. Андыктан, “Атамбаев жакшы көрүп, калкалагандардан башкаларга”,- деп кошо кетсе туура болмок.

Анан, “апрель баатырлары” дегендер кимдер? Калай төш белги алгандарбы? Мен мисаалы төш белги алган жокмун. Бирок, көпчүлүк менин март, апрель окуяларынын алдыңкы сабында болгонумду билет. 7-апрелде бир күн аянтка келип баатыр боло калгандар толтура. Ошондойлордун тил алчаактарын тандап, көндүрүп алып, анда-санда бирденке тамшандырып коюп, оппонентерди коркутуп-үркүтүүгө колдонуп жүрүшөт. Бирок, алардын азыр айткандай сандагы адамдары жок. Мурунку тизмедегилеринин көбү талаш-тартыштан, “подачкалардын” туура эмес бөлүштүрүлүшүнөн улам таарынып кетип калган. Алар азыр азчылык, “бийлик чогултуп берет” деген ниетте айтып алды окшойт. 7-апрелге чейин да, 7-апрелде да активдүү катышкан жигиттердин көбү алар тарапта эмес, көбү Текебаевди колдогон митингде жүрүшөт. Буларда уят-сыйыт дегенден деле калбай калды окшойт. Ар дайым Ак үйдү сагаалап, бирдеңке үмүт этип эле, ар кандай ыпластыкка даяр турушат. КСДП Мискенбаевди көчүккө тээп, 7-апрелде бакиевчилердин штабын башкарган Аалы Карашевге мандат бергенде “мыңк” эте алышпаган немелерде кайдагы ар, кайдагы намыс. Эгерде бийлик ошолорду көкүтүп көчөгө чыгарып кагылышууга алып барса, анда акылдан толук адашканы. Анда саясый туруктуулук бузулуп, тополоң башталаары шексиз. Мыйзамдуу түрдө бийлик алмаша турган, президенттик шайлоонун алдында кыргыз элине ушу керекпи?

 2017-жылдын күзүндө боло турган президенттик шайлоого карата бир топ талапкерлердин аты аталууда. Кыргыз коомчулугу адатынча “Путин келип кеткенде билинет” деп  Маскөөнү карап атышты эле. Орусиянын президенти келип кетээри менен эле “Атамбаев бир чечимге келиптир, мураскери Сапар Исаков болот экен” деп дуулдап калдык. Ошентип, президенттикке чыгам деп расмий билдиргендер, чыккан ирээтине жараша айталык, Турсунбек Акун,  Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабановдорго Атамбаев Сапар Исаковду кошоору тууралу кепке улай,  КСДП партиясынын ичиндеги ыйкы-тыйкы, башка талапкерлери баш көтөрөөрү айтылып, “ата-мекенчилер” камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди алып чыгып, талапкерлердин саны өсүп барат. Талапкерлер тууралуу бир эки ооз сөз. Бийликтин талапкеринин шансы башкалардыкына караганда канчалык жогору десек болот?

 Биз эми ошондой, “Кремль кимди колдосо ошо өтөт” деп көнүп калганбыз. Чындыгында эле ошондой, улуу коңшубуздун таасири бар үчүн айтылат да. Путин келээрден бир аз мурунураак, чакан чөйрөдө биздин президент талапкерлер тууралуу ой толгоосун ортого салганы  Ак үйдө күбүр-шыбыр жараткан. Алмазбек Атамбаев: “Бакыт Торөбаев жаш, бирөөлөргө ыктайт, акырына чейин барбайт болуш керек, азыр акырына чейин барам дегендер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов болуп турат. Башка каражаттуулар жокко эсе. Өмүрбек Бабанов “упакован”, партиясы да, каражаты да бар. Бирок ага бизнесмендердин көбү каршы болуп атат. Тартып алат, басып алат дегендей… Темир Сариевде да каражат жок эмес, орустар да колдойт, сүйлөшүп алгам дегенсип атат. Анан биз. Биз азырынча айта элекпиз. Биз айтканда, ошондо белгилүү болот. Биз жакында айтабыз!”,- дегенсиген сөздөрдү айтканы элге тарап кеткен. Эми мына орус президенти келип кетээри менен эле “Атамбаев бир чечимге келиптир, Сапар Исаков мураскер экен” деп чуулдап атабыз. Владимир Владимирович Путин келээринин астында аппарат жетекчилигине шайланып, орус падышасы далыга таптап койгонунан улам ушундай маанай жаралдыбы, же биздин президент чындап эле ушу жигитке токтодубу? Бул тууралуу расмий айтыла элек. Бирок визитке утурлай апарат жетекчилигине дайындалып, протокол боюнча бир сөөм астыга, далыга таптаганга ыңгайлуу жерге жылдырылышы деле бекеринен эмес, Алмазбек Атамбаевдин көңүлү түздүгүнөн, ошондой ой-эңсөөсү бардыгынан болсо керек.

Бирок, ошого карабастан, “Атамбаев түртүптүр, Кремль далыга таптады” деп кыргызча  дуулдаганыбыз, чынын айтканда кичине коошпой калгандай. Путинди коштоп жүрчү жазмакерлеринин “Комерсанть” гезитине биздин президентти ит акмагын чыгарып жазганы, артынан орусиянын телеканалдары ОРТ, РТР баш болуп  шылдыңдап, мазактаганын көргөндөн кийин эмне дээриңди да билбей калат экенсиң. Бу баягы, “көтөрүп атка салганыңдан көтүмөн чымчып алганың өттү!” деген  кыргыздын макалын эске салып жатпайбы. Андыктан, Кремль Атамбаевдикинен башка талапкерди колдоп кетиши деле ажеп эмес. Ошондуктан, КСДП деле Сапар Исаковду алып чыгат деген кепилдик жок. Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков сыяктуу салмактуу саясатчылар чыгып калышы толук мүмкүн.  Өзүңүз суроо бергендей, ыйкы-тыйкылары күчөсө КСДП бир талапкерге токтой албай, алтернативалар чыкса кантишет?

 Акыркы суроо. Президент сыйлык таратуу аземинде парламентти таркатуу идеясын колдоп, тема кызуу талкууга алынууда. Сиз кандай дейсиз?

– Мөөнөтү бүтүп бараткан президент күндөн-күнгө алсырай берет. Анын тилин укпай, өз бет алдынча кеткендер кобөйө берет. “Төкөр өрдөк” синдрому иштеп жатат да. Бул турмуштун мыйзамы ушундай. “Акелла промахнулся” деген кеп кеттиби, бүттү, бүт жунглинин ичи билет. Азыр деле байкасаңар, жада калса КСДП фракцияларынын депутаттары да колдогон жок бул идеяны. “Эмнеге тарайт экенбиз! Президент жөн эле айтып койду” деп атышпайбы.

Булак: “Майданkg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *