Депутат Садык Шер Лос-Анжелесте кимдер менен майрамдап жүрөт?

Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер менен Каныбек Иманалиев Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалына катышты. Бүгүн, 7-ноябрда кинофестивал башталды. Бул тууралуу Каныбек Иманалиев “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырды.

«Дүйнөлүк кинонун ордосу -Лос-Анджелесте 50дөн ашык өлкөнүн кино дөө-шааларынын башын кошкон Азия кинофестивалы бүгүн өз ишин баштап, аны Садык Шер-Нияз ачып, элдер дуу кол чапканына кыргызстандык делегация зор сыймык менен коштоп, кол чаап отурдук.
Бар бол, Саке, сенин демилгең менен өлкөбүздүн аты зоболой берсин»,-деп жазган  К.Иманалиев

Эске сала кетсек, быйыл бешинчи ирет өтө турган фестиваль режиссер, депутат Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *