Садык Шер Нияз, ЖК депутаты, Маданияттын экс-министри: ”Төрага, көрүнгөндүн далдыраган, келесоо, галдирбаш, көк мээ сөздөрүн тыйыңыз!”

“Азыр бири-бирибизге асылып, бири-бирибиздин атыбызды жамандап, мобу элге уят болобуз, кыргыз элине. Эми ушул кантип болсун бирөөнүн атына? Бирөөнүн атын, бирөөнүн атасынын атын айтып, ошону анекдот кылып айтуу, деги ушундай шойкомдуу иштер башталып калды да”, – деп буркан-шаркан түштү кечээ, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты, Маданияттын экс-министри Садык Шер Нияз 2010-жылдын 7-апрелиндеги революционерлердин мародерчулугу боюнча депутаттык комиссиянын отчетун угуу учурунда “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин атамекенчи Болот Шерди мародерчулук менен айыптап, “Жаман иттин аты Бөрүбасар” деп фамилиясын өзгөрткөнүн кеп кылганына каяша кылып.

“Эмне деген сөз чыгып жатат да. Ой, элибиз үчүн ким болсок да макулбуз, бирок даңгыт болбошубуз керек да эл үчүн. Өзүң даңгыт болбошуң керек. Көрүнгөн жерде жүрбөшүң керек, көрүнгөн партияда жүрбөш керек. Даңгыт болбой мындай адам болуш керек. Бирөөнүн фамилиясын, бирөөнүн атын айтып жатканда Конфуций айткан экен момунтипчи: “Эй бирөөнүн шыйпырындагы, чатырындагы карды караганча өзүңдүн корооңду карап ал” депчи. Мен өзүмдүн коллегаларыма айтат элем ушундай ойдучу, өзүңдү жакшылап карап ал биринчи, элдин астында салыштырып көр, анан мындай бир акыл-эс деңгээлиң менен сүйлөгөнгө аракет кылыш керек депчи. Урматтуу төрага! Мен сизден дагы бир жолу суранам. Ансыз да кыжылдашып атабыз, ансыз да көрүп атасыз эмне болуп жатканыбыздычы… Мобу жерге чыгып алып, көрүнгөндүн далдыраган, келесоо, галдирбаш, көк мээ сөздөрүн тыйыңыз!”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *