Канат Садыковду кимдер аңга түрткүсү келет?

Акыркы учурларда Кыргызстандагы флагман окуу жай аталып келген Кыргыз улуттук университетинин айланасындагы чыр-чатактар азайып калганы менен ичинде ийри жылан өлүп жаткандыгын педагогикалык жамаат айтып келүүдө.

Албетте, “калк айтса калп айтпайт” дегендей, университеттин ректору Канат Садыковдун аткошчулары билинбей аны темир торго түртүп жатканын сезет болду бекен, кайран киши. Дегенибиз, “каржы тармагын тейлеген эсепчи-кысапчысы менен административдик чарба иштери боюнча проректору өз билген талканын чалып отурат”-дешет кайрылган окурмандар. Тактап айтканда, университетте азыр болуп жаткан ири оңдоп-түзөө иштеринин каражаты асман чапчыйт. Анысы аз келгенсип, бардык факультеттердин контрактык каражаттарын көбөйткөн. Флагман окуу жайды экономистмин деген проректор бизнеске айлантып жатканын кой деген кожо жоктой сыяктанат. Бул жүрүш менен “Садыковду “сайга” аркандай тургандардын сап башында эсепчиси менен чарба иштерин чаржайыт колдонгон проректору тургандыгын ректору билеби?”- деген суроо туулуда… Ал эми окуу жайдын башкы корпусунун алдына төшөлгөн “таш тамандар” эски администрациялык корпус аталган филологдор отурган 5- имараттын ичиндеги оңдоп түзөөнүн эсеп кысабын каржы полициясы текшерүүгө алса. Анткени айрым такталбаган маалыматтар боюнча дал ошол проректорго каржы полициясы иш козгоп, бирок кандайдыр бир себептер менен токтоп калган. Анткени менен каржы полициясы менен коңшу турган улуттук университеттин бул проректору чарба иштеринде көптөгөн жардамдардын берип, алтургай университеттин, автоунаа токтотуучу жайына мугалимдердин эмес аталган кызматтын унааларын кайтарып киргизүүгө чейин уруксат бергенин баары эле билет. Мындай пахтакорлугу менен балким каржы полициясындагы “крышасы” күчтүү болгону үчүн ордунан козголбой келаткандыр? Ошентсе да профессордук-педагогикалык курам проректор Турат Суранаевке нааразычылыгы күчөп же материалдык жабдууга жарыбай же проректорго жарыбай жатканын айтышууда. Ал эми так канча сумма коротуп, өз көмөчүнө күл тарткан проректордун ишин кийинки сандарыбызда тактап жарыялоону туура көрдүк.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *