Садыр, Нуркожо жана Жапар аттуу үч эмге керебет жана 3 тонна көмүр берилди

Үч эм төрөлүп, эркек балдарга Садыр Жапаровдун ысымы берилген үй-бүлөгө керебет жана 3 тонна көмүр берилди. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Алыш айылындагы үй-бүлөгө барышкан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөнү үч тонна көмүр менен камсыз кылууга убада берип, балдар уктоочу керебетин белек кылышты. Ошондой эле, бул үй-бүлөгө кошумча жардам көрсөтүлөрү белгиленди.

Эске салсак, 29-октябрда 21 жаштагы келин үч эм төрөгөн, аларга Садыр, Нуркожо жана Жапар деген ысымдар ыйгарылган. Ысымдар президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун атынан коюлган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *