Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Садыр Жапаров: «Эл президенттин кызматтан кетишин талап кылып жатат. Бул маселени бүгүн чечебиз»
САЯСАТ

Садыр Жапаров: “Эл президенттин кызматтан кетишин талап кылып жатат. Бул маселени бүгүн чечебиз”

“Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Алар менин эле тарапташтарым эмес, бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот” – деп билдирди бүгүн, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров пресс-конференцияда өкмөт үйүнүн жанындагы митинг тууралуу суроого жооп берип жатып.

“Анткени бүткүл кыргызстандыктар президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп талап коюп жатат. Ал эми үчүнчү талабы – Садыр Жапаровду премьер-министр болушун талап кылып жатышат. Мен пресс-конференциядан кийин президентке барып жолугам. Бул маселени бүгүн аягына чыгарабыз, өлкөдө стабилдүүлү болушу керек. Эл тынч жашашы керек. Экономикабыз түшүп кетпеши керек” – деп кошумчалады премьер-министр.

Депутаттар тобу жол куруудагы кепилдик мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу демилгесин көтөрүүдө

Жамин Акималиев, айыл чарба илимдеринин доктору: Министр Нурбек Мурашев бүткүл дыйкандардын убалына калды

Нурсултан Акылбек: “Жаңы дем” альянсынын ичинде Райымбек Матраимовду Оштон республикага чоң кызматка көтөргөн Темир Сариев да жүрөт”