Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Садыр Жапаров: “Кыргызстандын паспортуна кайрадан «улуту» деген графа кирип жатат. Мен бул маселени 2 күндүн ичинде чечтим»
КООМ

Садыр Жапаров: “Кыргызстандын паспортуна кайрадан “улуту” деген графа кирип жатат. Мен бул маселени 2 күндүн ичинде чечтим”

Кыргызстандын жарандарынын паспортторунда кайрадан “улуту” деген графа пайда болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарандык паспорттогу бул графанын кайтарылышы “Мекенчил” партиясынын программасында бар болчу.

“Бүгүнтөн баштап “улуту” деген графа кирип жатат. Мен бул маселени эки күндүн ичинде чечтим. Эми ким кааласа паспортко улутун жаздырса болот,  каалабаса жаздырбай ала берсе болот. Бирок, эртеңден баштап берилбейт, анткени Мамлекеттик каттоо кызматы техникалык себептерден улам 60-90 күн убакыт сурады. 90 күндөн кийин жаңы паспортторду бере байташбыз деди”, – деди Садыр Жапаров.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады