Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү кандай критерийлер менен тандалып алганганы жөнүндө айтып берди
Саясат

Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү кандай критерийлер менен тандалып алганганы жөнүндө айтып берди

“Өкмөт мүчөлөрүн кандай критерийлер менен тандап алдыңыз?” – деп сурады бүгүн, 14-октябрда ЖКнын жыйынында депутат Айнура Осмонова премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровдон.

“2 күн мурда мен аппаратка ар бир министрликке, кайсы тармакка болбосун жаш, билимдүү ошол тармакты тартып кете ала турган кадрларды издегиле деп  тапшырма бергем. Алар издеп тапкан кадрларды койдук. Жети өлчөп бир кесели деп жатабыз, 2 күндүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, билимин текшерип, резюмесин карап чыккан кадрлар гана курамга кирди. Мына ушундай критерий менен тандалып алынды. Азырынча саясий абал оор болуп жаткандыктан, ушундай кылдык. Эми бара-бара 1-2 айдын ичинде бардыгын карап чыгабыз. Жаш, таза, коррупцияга аралашпаган, мамлекет үчүн иштейм деген жаштарды тартабыз” – деп жооп берди Садыр Жапаров.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт