Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо чоң күч болот

2013-жылдын 7-октябрында Караколдо Кумтөр маселеси боюнча нааразычылык акциясы болуп, башаламандык орун алган. Окуянын жүрүшүндө андагы губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу аракеттери, коркутуулар (!) ЖМКларга тараганы эсибизде. Дал ушул көрүнүш боюнча айыпталган Садыр Жапаров чет өлкөдөн мекенине кайтканда камалып атпайбы. Аныгында, ал башаламандык учурунда Караколдо болбогонун, тийешеси жок экенин окуянын катышуучусу, экс-губернатор канкакшап айтып келет. Аз күн мурун Каптагаев кайрадан башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жазып, Жапаровдун күнөөсү жок экенин, жалган көрсөтмөнүн негизинде 11 жыл 5 айга кесилип кеткенин билдириптир. Ак жеринен күйгөнүн баары билишет. Анүстүнө түрмөдө отурган мезгилинде атасы, апасы жана уулунан ажырады. Боору оорубаган адам жок болсо керек. Кумтөрдөгү чындыкты айтуу менен бийликке жек көрүнүп, акыры камалганын жаттап деле бүттүк да. Канчалык ырайымсыз куугунтукта калса да сынбай, эрки күчтүү экенин далилдеп, оор сыноолордон өтүүдө. Ошого жараша Садыр Жапаровдун саясый рейтинги барган сайын өскөнү, “экинин бири” дегендей алдыңкы сапка чыкканы талашсыз. Эмдиги жылкы парламенттик шайлоодо чоң күч болору анык. Ал түрмөдөн чыкса дагы, чыкпаса дагы саясый күчтөр эсептешип, биригүүгө барышары эмитен эле байкала баштады.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *