Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Садыр Жапаров, премьер-министр: «Президенттин милдетин аткаруу кызматы да мага өттү»
САЯСАТ

Садыр Жапаров, премьер-министр: “Президенттин милдетин аткаруу кызматы да мага өттү”

Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Эски аянтта премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушту.

Митингчилерге Садыр Жапаров келип, ал азыр Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу кызматы ага өткөндүгүн билдирди.

“Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр деген эки кызмат тең мага өттү”, – деди ал.

Анын айтымында, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. ЖКнын Төрагасы Канатбек Исаев да президенттин милдетин аткаруучу кызматынан баш тартты.

Кенжебек Бокоев: “Айыл өкмөт башчылары каржы министрлигин айланчыктап жүрбөш керек”

Тажикстанда аткаминерлердин чет өлкөдөн баалуу белектерди алуусуна тыюу салынат

Сооронбай Жээнбеков: Мен тааныбаган “туугандар” көбөйдү