Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Садыр Жапаров, премьер-министр: Такталбаган маалыматтарга караганда, Райымбек Матраимов чет жерде жүрөт
Саясат

Садыр Жапаров, премьер-министр: Такталбаган маалыматтарга караганда, Райымбек Матраимов чет жерде жүрөт

Бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин маалымат жыйын берип жатат.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жүргөн жери жөнүндө сураганда, Садыр Жапаров: “Такталбаган маалыматтар боюнча ал чет жакта жүрөт” – деп жооп берди.

Эске салсак, Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Кара-Суу районунун акими болуп иштеген Тилек Матраимов Кыргызстанда, анткени ал чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармалып, өзбек чек арачылары кайтарып берген. Сот 9-ноябрга чейин тергөө абагында болуш керек деген чечим чыгарган. Башка бир туугандар Русланбек жана Исламбек Матраимовдор дагы Кыргызстанда. Парламенттин депутаты Искандер Матраимов кайда, белгисиз.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт