Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Эркин Асрандиевге жооп берди

Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл экс-вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин Максим Бакиев жана анын үй-бүлөсү менен биргеликте мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөндүгү тууралуу маалыматын четке какты. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

«Мен дагы эле Ысык-Көл банкынын акционеримин. Банктын акционери катары мен сизден отчёт талап кылам. 2013-жылы банктын консерватору болгондон кийин эмне кылдыңыз? Канча таптыңыз? Иш сапарларга канча акча сарптадыңыз?” – деп Эркин Асрандиевге кайрылды.

Райкүл Жапарова мурдагы чиновниктен кандай мыйзамсыз операцияларды жасагандыгын тактап атоону өтүндү.

«Документтердин негизинде тактап берсеңиз. Сиз көчөдөн келген адам эмессиз, ага чейин вице-премьер министр кызматын аркалап келгенсиз, андыктан негизсиз күнөөлөбөшүңүз керек. Мени таң калтырганы, эмне үчүн 2013-жылы консерватор болуп иштеп жүргөн кезде айтып чыкпай, эми  7 жылдан кийин айтып чыктыңыз?” – дейт ал.

Фото из интернета. Скриншот публикации в FacebookФото из интернета. Скриншот публикации в Facebook

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *