Садыр Жапаровдун тарапташтары “Ала-Тоо” аянтында концерт өткөрүшөт

Бүгүн, 11-январда Бишкекте 500гө жакын адам борбордук аянтка чогулушту. Ал жерде Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодогу жеңишинин урматына концерт болот.

Иш-чарага Садыр Жапаров келип, кыргыз элине ыраазычылык билдирет деп пландаштырылууда.

Борбордук аянтта мазыкалык жабдуулар алынып келинип, сахнаны орнотуп жатышат.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда президенттик шайлоо жана референдум өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, шайлоочулардын 79,2%ы же миллиондон ашык кыргызстандыктар Садыр Жапаровго добуш беришкен.

Садыр Жапаровдун шайлоодо жеңишке жетишкенине байланыштуу концерт кечээ кечинде пландалган, бирок ал болбой калган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *