Садыр Жапаровдун ырайым сураган өтүнүчү Жаза аткаруу мамкызматында катталып жатат

Бул тууралуу 2-декабрда КР президенти алдындагы ырайым берүү маселелери боюнча комиссиянын катчылыгынан маалымдашты.

“Жаза аткаруу мамкызматынан бардык керектүү процедуралардан өткөн соң, ал материалдар Президент аппаратына келип түшөт, андан кийин мыйзамда көрсөтүлгөндөй каралат”, – деп айтылат маалыматта.

Мурда жактоочусу Шарабидин Токтосунов экс-депутат С.Жапаров ырайым сурап президентке өтүнүч келтиргенин кабарлаган.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартында Кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234 (киши өлтүрөм деп коркутуу, кишини барымтага алуу, бейбаштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу) беренелери боюнча кылмыш иштин алкагында камакка алынган.

Аны 2013-жылдагы Саруу менен Караколдогу митингдердин өткөнү жана Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алды деп айыпташкан.

Райондук сот Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратып, экинчи инстанция менен Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *