Сагынбек Абдрахманов, КСДПнын төрагасы: “Кодуранова менен Карамушкина камалат”

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келип, аны мыйзамдаштырып, КСДП партиясына төрага болгон Сагынбек Абдрахмановдон мурда чогуу бир партияда жүргөн ЖК депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын келечек тагдырын сурадык.

“Үй камагындагы ЖК депутаттары А.Кодуранова менен И.Карамушкинанын жакында кезектеги сот отуруму болот, алардын тагдыры кандай жакка чечилет деп ойлойсуз?” – деген суроо узаттык.

“Кодуранова менен Карамушкина камалат. Анткени алар депутаттыкка баратып, Конститутцияны оң колу менен кармап, ант беришкен. Антын аткарышкан жок да, Конституцияга каршы иштешти, бийликти күч менен басып алууга аракеттеништи, ошондуктан соттолушат”, – деп жооп берди Абдрахманов. Ошондой эле ал жакында арада партиянын конференциясы өтөөрүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, С.Абдрахманов алгач КСДПчылардын арасында «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, анан КСДП партиясынын съездин өткөрүп, анда партиянын төрагасы болуп шайланып, мыйзамдаштырып алган. Тагырагы, Юстиция министрлиги Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду былтыр, 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим деп келишет, өзгөчө Кодуранова менен Карамушкина.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *