Сагындык Келдибаев: “Бюджеттен бөлүнгөн акчалар кайда кетип жатат?”

Ушул жылы президентибиз маданий мекемелерди кыдырып ал жерлердин абалы менен таанышып оңдоп түзөө иштерине бөлгөн акчалар кайда кеткен деген суроосу менен Келдибаев бүгүнкү  жыйында сөз сүйлөдү; “Филармонияга 55млн, “Кыргыз драм” театрына 85 млн, “Ош драм” театрына 16 млн, “Опера жана Балет” театрына 47 млн, “Орус драм” театрына 98 млн сом бөлүнгөн. Бирок кыдырып карап көрсөк ремонттун карап ичиң жылыбайт, бир гана “Опера жана Балет” театрында кичине оңдоо иштери жүрүп жатканы байкалат, калган жерлер ошол бойдон турат. “Спорт сарайдын”,  “Филармониянын” ижарасы күнүнө 100000 сом экен алар  кайда кетип жатат же президент кайрадан кыдырып көрүү керекби? Бүгүнкү күндө “Тарых” музейи ачылбай турат, келген туристтер кайда бараарын билишпейт, ошондуктан бул башаламандыкка көңүл буруш керек”- деп Сагындык Келдибаев талап койду.

Булак:KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *