Сайдулла кайсы эмгеги үчүн даңкталды?

Эмгекти баалап, ага мамлекеттик сыйлыктардын берилгени жакшы. Эки күн мурун президент Алмазбек Атамбаев Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондорго сыйлыктарын тапшырды. Кимиси татыктуу болду, кимиси татыксыз болду, ага эл баа берсин деңизчи, бирок биздин көңүлүбүздү «Даңк» медалы менен сыйланган Жогорку Кеңештин үч депутаты бурду. Алар: Таалайбек Масабиров, Сайдулла Нышанов жана Руслан Казакбаев. Таалайбек Масабиров спорт тармагындагы ийгилиги үчүн сыйланса, Руслан Казакбаев Кыргызстандын чет мамлекеттер менен болгон мамилесиндеги кошкон салымы үчүн сыйланды. Ал эми Сайдулла Нышанов кайсы эмгеги үчүн даңкталганын биле албай башыбыз маң. Дегеле ушул депутат сары «матис» машинесин Ак үйдүн алдына токтотуп пиар жасагандан башка кыйратып иш деле кылбады. Бактысына банктарда толо акчасы бар экен. «Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн» дегендей депутат болуп келет. Бул сыйлык саясий сооданын жытын аңкытып аткан жокпу? Дегенибиз, өткөндө Башмыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы чыгып жаткан «атамекенчилерден» айырмаланып, өзү «Ата Мекен» партиясынын депутаты болуп олтурса дагы Сайдулла мырза өзгөртүү демилгесин кош колдоп, «МАКУЛ» деген добушун берген эле. Ошол эмгеги үчүн акысына «Даңк» медалын алдыбы деген ойго такалдык. Болбосо Сайдыкеңдин даңкталаар кайсы иши бар эле?

Булак: Де-Факто 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *