Сайдулла Нышанов, ЖК депутаты: “Бир күрөгү жок компания да тендерди утуп жатат!”

Расмий маалымат боюнча мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт. 2016-жылы сатып алуучу уюмдар 43 млрд 520 млн сомго 44 070 конкурс өткөрүшүп, мамлекеттик сатып алууларды электрондук негизде жүргүзүүдөн бюджеттен 9 млрд 131 млн 195 миң сом үнөмдөлгөн. Бирок, ошол эле учурда тендерден утуп чыккан ишкананын аткарган иши жана анын сапаты көптөгөн нааразычылыктарды жаратып келет. Биз бул теманын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов менен маектештик.

– Мамлекеттик сатып алууларды электрондук негизде өткөрүү өлкө каражатынын ачык-айкындуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыздап жатат деп айтылып келет. Тендерлерди онлайн жүргүзүүдөн эмне өзгөрдү?

– Бүгүнкү күнү көп нерсе деле өзгөрдү деп айтууга болбойт. Негизи эле мамлекеттин 30 пайыз тегерегиндеги акчасы 150 млрд сом болсо 47-48 млрд сом мамлекеттик сатып алууларга жумшалып, бирок, ал каражат орунсуз пайдаланылгандай болуп атат. Себеби, былтыр эле салынган мектеп же оорукана болобу, быйыл эле кайра оңдош
керек болуп, элдин нааразычылыгын жаратып атат. Европа өлкөлөрүндөгү 100 жыл мурун салынган курулуштар биздин былтыр бүткөн курулуштардан мыкты болгону өкүндүрөт.

47-48 млрд сом бюджеттин 30 пайызын түзүп жатса анын жарымын эле уурдатып жибергендей сезилет. Бул тартиптин жоктугун, курулуш агенттигинин жана башка мекемелердин коррупцияга батканынан кабар берет. Мыйзамда дагы бир тартип бар. Мисалы 5-10 компания кайсы бир объектти курабыз же жол салабыз деп тендерге
катышып анын эң төмөн баа сунуштаганы тендерден утуп чыкпаса укук коргоо органдары тендер өткөргөндөргө иш козгойт. Бул мамлекеттин акчасынын талаага кетишине шарт түзүп атат. Биз айтып жатабыз. Мейли 100 сомдук оокат 110 сом болсун, бирок, сапаттуу болсун деп.

– Социалдык объекттер болобу же жол, көпүрөнү алабызбы салынганына жыл айланбай эле бузулуп калгандар көп кездешет. Бирок, алар калыбына келтирилбей ара жолдо калып калгандары дагы бар. Сиз тендерди уткан компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча кандай сунуштарды берет элеңиз?

– Ишти аткарып жаткан компаниялар жөнүндө бир мисал келтирсем. Жалал-Абад облусундагы Сейдугун айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай деген жерине суу чыгарыш үчүн мамлекет 6 млн 200 миң сомдук тендер өткөрүп, аны колунда бир күрөгү жок фирма утуп алыптыр. Алар кытайдын сапаты өтө начар суу түтүкчөлөрүн коюп ишти эптеп- септеп эле бүтүрдү. Биз аларга чара көрүлсүн деп кайрылганыбыз менен тендерден утуп алгандан кийин бул кыйын иш болуп калат экен. Болбосо, тендер өткөргөндөр дагы 5-10 пайыз деген өз үлүштөрүн алып алабы, айтор эң арзан каражат көрсөткөн компания тендерди утту дешти. Аягында келип эле эл менен мамлекеттин акчасына убал.

Ошондуктан мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жалгыз эле депутаттар эмес өкмөт, тендерге катышкан компаниялар биргеликте баарына бирдей шарт түзгүдөй кылып ойлонуштуруп чыксак. Ал уткан ишканага пайда дагы алып келип, иштин сапаттуу бүтүшүнө дагы шарт түзгөндөй кылышыбыз керек. Болбосо эң аз каражат
сунуштагандар тендерди утуш керек дей берсек жыйынтык болбойт.

– Туура эмес өткөрүлгөн тендердин айынан премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү кызматтан алынган учурлар бар. Конкурстарга аткаминерлердин кыйыр же түз кийилгишүүсүн кантип тыйса болот?

– Тендер өткөрүү боюнча жеке компаниялар дагы өз сунуштарын берсин дегенимдин себеби дагы ушунда. Анткени, Бишкек шаарын ала турган болсок жол болобу, курулушпу айрым гана компаниялар тендерден утуп башкалар калып калат имиш. Алар бири-бирин көзүнүн карагенин кыймылдаганынан түшүнүп, уткан тендерлерден
өз үлүштөрүн алат экен. Атайын кызматтар кылмышка баргандарды видео, аудио жазууларга түшүрүп кармаса аларды колго түшүрүш кыйын болот. Андыктан жеке компаниялар дагы тендер өткөрүүнү жакшыртыш үчүн өз сунуштарын берсе жакшы болот. Анткени, алар ким кайсы ишканага жан тартып жатат жакшы билишет.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *