Саймаитинин өлүмү боюнча түштөн кийин өкмөт маалымат берет

Бүгүн, 13-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында кылмыштуулук, коопсуздук маселелери боюнча өкмөттүн маалыматын угуу маселесин депутаттар көтөрүп, сунуш кылышты. Депутат Алмамбет Шыкмаматов Саймаитинин өлүмүн айтып, бул маселеге Өкмөт башчы унчукпай жатканын баса белгилеп, “Бул ЧП. Издөөдө жүргөн неме консулдук машине менен жүрөт. Эмнеге унчукпай олтурабыз? Териштирбейлиби? Эмнеге эч ким жооп бербеши керек?”, – деп ал нааразы болгон. Ал эми депутат Кенжебек Бокоев кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында мыйзам кабыл алынганын баса белгилеп: «Күрөш токтодубу, көмүлдүбү?» деп суроону койду.

Депуттардын жоопсуз калган суроолоруна Өкмөт бүгүн түштөн кийин жооп бермей болду. Ошондой эле алар учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришет.

Эске сала кетсек, жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багынан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Бирок ал журналисттердин суроосунан качып, жооп берүүдөн баш тартып келген. Ал кечээ ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги кечээ расмий маалымат тараткан.

Аны менен катар кечээ, 12-ноябрда Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин айтылган. Бул окуя боюнча Түркия ММКлары өз мамлекетинин айткандарын жазып чыгышууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *