Саймаитинин өлүмүн иликтөөгө Кыргызстан Түркиядан жардам сурады

Стамбулда киши колдуу болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтөөгө Кыргызстан Түркиядан жардам сурады. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Айэркен Саймаитинин аты Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүнүн себебин иликтөө иштерине катышат. Башкы прокуратура да өлүмүн тергөөгө алат. Ошондон улам, дыкат, калыс иликтөөгө Түркиянын жардамы керек!

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Бирок ал журналисттердин суроосунан качып, жооп берүүдөн баш тартып келген. Ал ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги  расмий маалымат тараткан.

12-ноябрда Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин Түркиянын ММКлары жазып чыккан. Ага жооп кылып, биздин Тышкы иштер министрлиги  13-ноябрда “Саймаитини өлтүрдү» деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирген.

13-ноябрда Жогорку Кенештин сессиясында бул маселени айрым депутаттар көтөрүп чыккан.

14-ноябрда, Мамлекеттик каттоо кызматы: “А.Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эмес жана аларга паспорт берилген эмес” деген расмий маалымат тараткан. Ошол эле күнү ТИМдин басма сөз кызматы Стамбул шаарындагы мурдагы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.

16-ноябрда Саймаитинин өлүмүнө шектелип төртүнчү шектүү кармалганы маалымдалган.

18-ноябда А.Саймаитинин ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Ал боюнча кечээ, 21-ноябрда үн катты.  Ошондой эле ЖК депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Алтынбек Сулаймановдун да Саймаити менен мамилеси жакшы болгону жазылып, айтылып келет. Ал боюнча Сулайманов 21-ноябрда парламентте айтып, анын өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Ушул эле күнү, кечке маал депутаттык комиссия түзүлдү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *