Саламаттыкты сактоо министри: “Март айына карата 6030 медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүп берилди”

Март айына карата 6030 медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

“6030 медицина кызматкерлери март айына карата кошумча акча алышты. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 34 миллион 716 миң сомду түзөт. Учурда айрым тизмелерди тактап жатабыз. Алар аныкталып бүткөндөн кийин, май айынын башына чейин баарын төлөп беребиз”

Ошондой эле, министрдин айтымында, мажбур болуп өргүүдө жүргөн дарыгерлердин маяналарын төлөө маселеси чечилүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *