Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов медициналык дарыгерлер эмне себептен таажывирусун жуктуруп алганын айтты

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов медициналык дарыгерлер эмне себептен таажывирусун жуктуруп алганын айтты. Бул тууралуу анын кеңешчиси Елена Баялинова билдирет.

“Кыязы, жеке коргонуу шаймандарын пайдалануу эрежелери, аларды кийип чечүүдөгү эрежелер, айрыкча, чечүү учурунда сактала турган эрежелер бузулган. Биринчи сапта турган жумушчуларды керектүү нерселердин бардыгы  менен камсыз кылууга аракет кылдык. Алардын арасында медайымдар, тамак-аш таратуучулар жана кир жуугучтар бар. Учурда алар өздөрүн жакшы сезип жатышат, эч кандай клиникалык симптомдорсуз жана медициналык көзөмөлдө” – деп билдирген министр.

Ал медициналык кызматкерлер окутуулардан өтүп жатканын кошумчалаган.

Биз медициналык кызматкерлерди окутуп, үйрөтүп жатабыз, бирок тилекке каршы, инфекциянын алдын алуу мүмкүн эмес жана бул сөзсүз болот, анткени дарыгерлер инфекция жуккан адамдар менен тыгыз байланышта болушат. Мен Кыргыз мамлекеттик медициналык билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу институтуна биологиялык коопсуздук эрежелерин даярдоону тапшырдым” – деп кошумчалады министр.

“Эгерде таажывирус медициналык кызматкерде аныкталса, ал ооруканага жаткырылат. Эгерде оорунун клиникалык белгилери болсо, жугуштуу оорулар ооруканасынын изоляция бөлүмүнө жөнөтүлөт, ошондой эле аны менен байланышта болгон адамдардын бардыгы обсервацияга жаткырылат. 14 күн аралыгында байкоо жүргүзүп, эки жолу анализ алып, жыйынтыгы терс болсо, үйлөрүнө жиберебиз. Андан кийин 14 күн дагы үйүнөн байкоо жүргүзөбүз” – деп билдирди Сабиржан Абдикаримов.

Ал кесиптештеринен этият жана чыдамдуу болууну, жеке коргонуу каражаттары менен гана иштөөнү жана белгиленген бардык эрежелерди сактоону суранат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *