Салянова кайрадан суракка чакырылды

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова кечээ түштөн кийин саат 15:50дө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кезектеги суракка барды. Буга чейин ал 1-февраль күнкү суракта дээрлик беш саатка чейин отурган. Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кыл­мыш ишин козгогон. Бул ишти тергөөнү УКМК өз колуна алган.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *