Салянованын агасы Америкада кармалды

Киши колдуу болуп каза тапты делген 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылганы маалым. Бул оор кылмышты иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Шектүү адамдардын бири катары мурунку Башкы прокурор Аида Салянованын агасы да суралып жүрүп, Америкага кетип калган. Аз күн мурун Калыбек Салянов ал жактан кармалды. Аида Салянова агасын козголгон кылмыш иши өзүнө карата жасалган саясый куугунтук экенин айтып келет.

Булак: «Багыт»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *