Салык кызматы Бишкекте мыйзамсыз сатылып жаткан 2 млн. сомдук 10 миң бөтөлкө “Манас”, “Семетей”, “Бакай”, “Кыргызстан” аттуу спирт ичимдиктерин кармады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынан тиешелүү лицензиясыз ишкердик жүргүзүү менен сатуу максатында спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 2 млн сомдон ашык суммадагы ар кандай идиштерде 10 миңден ашуун бөтөлкө спирт ичимдиктери табылып, тартып алынды, анын ичинде “Кыргызстан”, “Бишкек”, ” Семетей”, “Элес”,  “Эльчи”, “Арашан”, “Кыргыз коньягы” коньяктары, ошондой эле “Манас”, “Бакай”, “Кыргыз стандарт”, “Кыргыз сапаты” арактары.

Материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *