Самат Курманкулов акырындан баса баштады

7-августта Чүй облусунун Кой-Таш айылынан башынан оор жаракат алган Чүй облусунун ИИБсинин начальниги Самат Курманкулов ордунан туруп, баса баштады. Бул тууралуу 6-ноябрда саламаттыкты сатоо министрлигинин пресс-борбору билдирди. Реабилитация уланып, оң динамика байкалууда. С.Курманкулов өз алдынча сүйлөй да баштады. Ал 7-августта жаракат алганы эсине келбей, 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жеткирилген.

1-ноябрь – милициянын 95 жылдыгында президент С.Жээнбеков С.Курманкуловду “Эрдик” медалы менен сыйлаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *